Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жалгыз бой эне: «ЖОЛДОШУМ МАЙЫП КЫЗЫМ ЭКӨӨБҮЗДӨН БАШ ТАРТТЫ»

№905 5-11-март, 2020-ж.

Кичинекей Салиха Орозбекова төрөлгөндөн бери оору менен күрөшүүдө. Апасы айыктырып алсам деп учурда тызылдап чуркап жүрөт. «Үй-жай тургузалы деп жан үрөп иштедим. Кызым оорукчан төрөлгөнү үчүн күйөөм жана кайын журтум бизден баш тартты. Эки бала менен иштебей, туугандардын колун карап отуруп калдым» деген 28 жаштагы Перизат Созокбаева кызын дарылатуу үчүн элден жардам суроого аргасыз экенин айтат.

«КУРСАКТАГЫ БАЛА ӨСПӨЙ КАЛЫПТЫР»

-Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан болом. 2013-жылы коңшу айылдагы жигитке турмушка чыккам. Алгач уулдуу болгонбуз. Балам бир жаштан өткөндөн кийин аны кайненеме таштап, күйөөм экөөбүз үй-жай тургузалы деп Орусияга иштегени кеттик. Уулум 4кө чыкканда экинчи наристебиз боюма бүттү. Ичимден бала өспөй калыптыр. Дарыланып жатып, курсактагы балам экөөбүз тең жакшы болгондой болдук. Анан эле өзүмдүн да, кызымдын да каныбызда маселе жаралып, ай-күнүмө жеткирбей төрөтүп алышты. Бала нормадан кичинекей эле, төрөлгөндө ыйлаган жок. Дарыгерлер «канда вирус бар, бала кыйналып калган, кан алмаштырабыз» дешти. 20 күндөн ашык жандандыруу бөлүмүндө жатты.

Баланы дарылатып жатканыбызды укканда кайнатамдар жолдошума чалып «кызың жакшынакай эле экен, сүрөттөн көрдүк. Аялың жөн эле акча кетирип отурат. Биякка жөнөтүп жибер, келип баласын карасын» дешиптир. Чынында мен Москвада расмий иштегендиктен милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу өзүмдүн да, кызымдын да дарылануусу бекер болгон. Кыз 6 айга чейин дарыгердин көзөмөлүндө болсун дегенге карабай, жолдошум билет алып Кыргызстанга салып жиберди. Кыргызстанга келгендин эртеси күнү ыйлап аябай тынчы кетти. Сооротуп эмизип жатканда көзү аңтарылып калды. Коркуп дароо Базар-Коргондогу ооруканага алып бардым, саат сайын калтырап-титиреп жатты. Улам тынчтандыруучу дары сая беришти. Таң атканда калчылдаганы такыр токтобой калды. Эч кандай диагноз коё алышкан жок, анализ алган жеринен эле кан кете берди. Ошентип комага түшүп калды. «Кичине калтыроо менен келдик эле, абалын оорлоштуруп койдуңар» десем, дарыгерлер «сенин көңүлүң деп эле алып отурабыз. Кааласаң алып кете бер, өлсө колуңда өлсүн» дешти.

«БАЛАМ МЕНИ БАГАБЫ ЖЕ ООРУКЧАН КЫЗЫҢ МЕНЕН СЕНИ БАГАБЫ?»

-Ошентип кызымды Ошко алып жөнөдүм. Жандандыруу бөлүмүнө кабыл алып, дароо башын томографияга тартышты. «Консилиум кылып операция жасайбыз, атасын, чоң ата-чоң энесин чакыр» дешти. Кайната-кайненем, ошол күнү күйөөм да Москвадан учуп келди. Уруш ошол жерден башталды. Атасы күйөөмдү көрүп эле «сен эмнеге келдиң? Иштей бербейт белең» деди. «Кызым ооруп жатса кантип ал жакта жүрөт элем?» деп уруша башташты. Консилиум кылышканы менен, операция жасалган жок. Врачтар «мээге кан көп кетип калган, бизде заманбап аппараттар жок, мээге операция жасай албайбыз» деп коюшту.

Ыйлагандан башка аргам жок, эмне кыларымды билбей отурсам кайнатам кирип «баланы ары-бери сүйрөп кыйнап жаткан сенсиң, аппараттарды суурутуп, кызыңа ыраазы болуп ооруканадан чык! Бул баары бир адам болбойт. Жарым жан бала менен өмүр бою балама эле жүк болосуңар. Балам мени багабы же оорукчан кызың менен сени багабы?» деп урушту. «Кудайым канча өмүр берсе ошону жашайт, мен баламдан баш тарта албайм» десем, «анда өзүңдөн көр, өзүң сүйрөйсүң. Баламды эмес, кызыңды тандадың, эми адам кылып ал» деп кетип калышты. Жолдошум да кошо кетти.

Кызым 12 күн дегенде көзүн ачты. Бирок денесинде эч кандай кыймыл жок. Бир ай жандандыруу бөлүмүндө жаттык. Жолдошум келип үйдөгүлөр менен урушуп кеткенин, Москвага барып иштээрин, ал жактан дарылатарыбызды айтып кетти. Ооруканадан чыккандан кийин жол жүргөнгө болбойт дешкенинен жакын жерден батир алып жашап калдым. Ата-энем каржылап жатты. Бир айдан кийин жолдошум байланышып, акча сала баштады. Ошто жашап жүргөндө өздөрү сурабаса деле небереңер жакшы деп жыйынтыктарды айтып кайненемдерге чалып турдум. Эки бала турганда жөн эле ажырашып кетпейин дедим.

«ЖОЛДОШУМ МОСКВАГА ЧАКЫРЫП, АРА ЖОЛГО ТАШТАДЫ»

-Жолдошум Москвага чакырып калды. Кайнатамдарга уруксат алганы бардым. «Балаңар чакырып жатат, мага капа болбогула, кызды айыктырып алалы, анан келип кызматыңарды кылам» дедим. Небересин колуна да алышкан жок. «Болуптур, бара бер» дешти. Анан күйөөм өзгөрө баштады. Билет алалы деп чалсам, албай жатканынан «жөн жерден уруша бербегиле» деп билетти атамдар алып беришти. Чукул арага арзан билет чыгып калганынан кайненемдерге үйгө бара албасымды айтып байланыштым. Макул деп эле калышкан. Чыкканымды айтып күйөөмө СМС жазып койгом. Учакка отургандан кийин «эмнеге ата-энемди нааразы кылып келе жатасың, келбей эле кой» деп телефон чалды. Москвага жеттик, тосуп алган жок. Батирге барсам, кожоюнга мени киргизбөөнү табыштап, ошол күнү чыгып кетиптир. «Сенден эч жамандык көргөн эмесмин, кыштын күнү бала менен кантип эшикке калтырайын?» деп, ал киргизди. 3 күндөн кийин жолдошум келип «ата-энемди ыйлатып туруп келиптирсиң. Атам «эгер ошол аялыңды тандай турган болсоң, мен сага өмүр бою нааразымын» деди. Биз ажырашабыз, кызыңды каалагандай кылып бага бер» деп кетип калды.

Ыйлап-ыйлап, акыры бел байлап кызымды дарыгерге көрсөтөйүн деп, атама телефон чалып болгонун айттым. Малын сатып, акча кылып мага жөнөттү. Камчаткада иним, апам иштечү, ошол жакка кеттим. Кызымды жеке клиникага алып барып жаттым. 3 айда кызымды чет жакта алып жүрүүгө атасы берген макулдуктун убактысы бүтүп калды. Орусиядан чыгууга туура келди. Кайнатамдарга барсам «экөөң ажыраштыңар, эми башка келин алабыз» дешти. Мен эч нерсе деген жокмун, улуу баламды алып чыгып кеттим.

Декабрда ажырашууга сотко арыз жазгам. Күйөөм экөөбүз Сахалинде жакшы иштегенбиз. Менин айлыгым 70 миң, аныкы 50 миң болчу. Чыгаша кылбай кайнатама айына 100 миңден салып турчубуз. Кайнагам менен биригип машина алып бердик. Биз салган акчага үй-жайынын баарын оңдошту. 3 жерден жер тилкесин алганбыз. Андан тышкары үй курганга керек деп 400 кой алганбыз. Ошолордон үлүш тийсе, кызымды дарылатууга жумшайын десем, күйөөм мүлктүн баарын атасынын наамына өткөрүп коюптур. Кайнатам сотто «башында эле кыздан баш тартса, минтип азабын тартпайт эле. Эч кандай жардам бере албайбыз» деди. Жолдошумду жаракат алган деп, эч жакта иштебейт деген документтерди өткөрүптүр. Кызым 3 жашка чыкканча ооруганы үчүн деп 2000 сом, эки балага деп 3000 сом алимент чектеди. Бирок аны деле беришкен жок.

«ҮМҮТҮМДҮ КАНТИП ҮЗҮП ТАШТАЙМ?»

-Кызыма 1 жаш 8 ай болду. Гормоналдык дары алгандан улам салмагы 15 килограмм. Отура албайт, баспайт. Бир нерсени деле алаксып карай албайт, көрүүсү начар. Тамакты ыйлаганына карабай кыйнап ичирем.

Балаң ооруп турса жанында жөн гана жүрө албайт экенсиң. Бишкекте Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып бардым. Ал жактан «5-6 ай мурун келгениңде дарыламакпыз, баш сөөк ачылса мээ сууну соруп алат, суу мээге аралашып кеткен» деп дарылоодон баш тартышты. Кайсы жактан болбосун шыпаа издеп калдым. Үмүтүмдү кантип үзүп таштайм?

«Бишкекте дагы бир клиникада күчтүү врач бар, ошол жерге баргыла» деп сунуштап калышты. Барсам «бүтүндөй калыбына келтире албайм, ден соолугунун үчтөн бир бөлүгүн кайтарып беришим мүмкүн. Бир курстук дарылоо 1000 доллар болот. Мындай оору менен кыйналып жашайт. Өмүр бою жөн гана баланын сөлөкөтүн багасың, паралич болуп жатып берет. Канчалык эрте дарылатсаң, ошончолук жакшы» деди.

Дарылатсам, жылыш болсо дегенде эки көзүм төрт. Каражаттын тартыштыгы кендирди кесип турат. Кызымдын оорусу менен күрөшүп, эки бала менен иштебей, туугандардын колун карап калган кыйын экен. Кызым ооругандан бери ата-энем малын, машинасын сатышты. Такыр болбой калганда насыя алып беришкен, азыркыга чейин төлөп жатышат. Жакшы врач, жакшы табып дегенди уксам эле барууга шашам. Кызым жакшы болсо мен деле иштеп өзүмдү, балдарымды өзүм каржылайт элем. Колу-буту тырышып жазылбай калат. Айласыздан интернеттен ушундай балдарга кандай укалоо жасаса болорун карап ушалайм. Ар кимдин өз көйгөйү бар, бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт экен. Ошого карабай тууган-уругум кол сунуп келе жатышат. Кызымды дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сурайм.

Динара Акимова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(25)
09.03.2020. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Баланын ата энесине соз жок. Коп соз айтат элем,табалаган болуп калам. Ыйлай турган окуя экен
09.03.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушундай адамдар бар озумчул ата-энелер.
Жакшы нерсе кылып жаткандай ырахаттануу менен жинге тийип азаптаган.
Бирок ошол неберелер,ошол келин эртен оорусанар жанынардан жылбай карай турганын эч эстебейсинер.Бирок качан гана тошокто жатып бироого коз каранды болгондо ыйлаактап келининен кечирим сурайт.
Адамдын тагдыры,жашоосун бузгандан ырахат алган менин апам,бир туугандарым.
Акча,байлыкка жеткенден кийин мени жемелеп бейишке жолдомо алгандай суйунгонсунор.
11.03.2020. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adil18,эмне деп эле жазып койгонсунар????
09.03.2020. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллахым шыпаа берсин.Баары кайтар дуйно.
09.03.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Телефон номерин жазып коесуңарбы. Аллахым шыпаасын берсин.
09.03.2020. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллахым шыпаасын берсин дуба кылабыз иншааллах жакшы болуп кетсин
09.03.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Асманга сапырып ийчу ата энеси бар экен
09.03.2020. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элсом бар болсо, акча жонотот элек,жазып койгулачы
09.03.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым шыпаасын берсин! Жамандык кылгандарды да, кудайым жазасын берет! Бул кыйынчылыктан тезирээк өтүп кетишин изге Аллахым жардамын берсин!
09.03.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах шыпаасын берсин тел номерин жазып койсонор жардам бермекбиз
09.03.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акчасы жакшы озу жаман болуптур да,акмактар.
09.03.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Админ телефон,телефон депеле сурап атабвзго.
09.03.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аларга да Кудай бар!Оздору какшап,сыздап калышсын
09.03.2020. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпаа берсин ширин кызга.
09.03.2020. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу кантип болсун!кудайдан коркпогон кандай адамдар? Тимеле нааразы болом деп атасы ичи тарго( ал бала силердин канынарго кантип тируу жанды таштап басып кетесинер? Кудайдан коркпойсунар силердинда келиндей болуп какшап калчу кунунор келет! Илгери кыйынчылык замандада ооруулуу баласына таштабай уйун бир бурчунда чонойтуп тамак аш берип карачы азырчы баары бар адамдык сапат жок. Келинге айтарым буйруганын коросун аларга Аллах бар! Номер картасын жазса болмок. Элден калбайлы
10.03.2020. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жардам берүүнү каалагандар үчүн каармандын байланыш номери: 0703486802
10.03.2020. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундай макала чыгарасынар анан кантип жардам беруунун жол жобосу жок, супер кичине зирегирек болгулачы, сразу элсом, онлайн карталарын жазакетсенер
11.03.2020. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экинчи тараптын версиясы чыгат эми. Келин андай болчу мындай болчу деп.
11.03.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекей аман болсун, Кудайым буйруса баары жакшы болот!
12.03.2020. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип оз кызынан баш тартат е оз небересинен акча колдун кириго бир кун бар бир кун жоок Аллах шыпасын берсин эсенаман айыгып кеткиле
12.03.2020. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баладан да акчаны өйдө көргөн наадандар экен да.Ошол баланын ушундай акыбалга түшүп калышына да кайын журту себепкер экен.Эми кайын ата к.энесине айтарым Кудайдан коркуп өзүңөр жардам бербесеңер да келиниңердин иштеп тапкан акчасын кайтарып бербейсиңерби.Балаңар да өзүңөрдү тарткан дүнүйөнү биринч орунга койгон акмак неме экен өз канынан жаралган баласынан баш тартып.Алла шыпаа берсе сакаят бул кыз ошондо кантип жер үстүндө басып жүрөөр экен-р балким адам-к абийириңер ойгоуп калса ой-п көр-р
12.03.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдын укугу такыр тепселенбейт ,кордолбойт деп жаткандар эми эмне дейсинер??
13.03.2020. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайыната болумуш айына 100миң ден алып жаман үйрөнгөн экен да бетпак
13.03.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kuioondu ata enesin kudai jazasin bersin akmaktar
15.03.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еехх кызын айыгып кетсиин.балдар оорубасынчыы еч качан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо