Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№905 5-11-март, 2020-ж.

    1. Калемпирдин мекени – Америка. Бирок эмне үчүн болгар калемпири деп аталарын билесизби? 1950-1960-жылдары Болгария өлкөсү СССРге калемпирди көп экспорттоп турган. Элдин “бул эмне болгон жашылча?” деген суроолоруна сатуучулар “болгар жашылчасы” деп жооп беришчү. Бара-бара “болгар калемпири” аталышына өткөн. Мына ушундай тарыхы бар жашылчанын учурда көптөгөн сорттору жана гибриддери бар. Алардын кайсынысынын уругун Кыргызстандан таап, өстүрүп, көп түшүм алууга болорун окурмандарга айтып берүүнү чечтик.

    2. ТАТТУУ КАЛЕМПИР СОРТТОРУ

      ЛАСТОЧКА

      Чыгарылган өлкөсү – Молдова

      Сорттун түрү – орточо бышуучу

      Боюнун бийиктиги – 48-60 сантиметр

      1 сабагындагы мөмөсү – 8-13 даана

      Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү 106-130 күн

      Толук бышуу мөөнөтү – 137-167 күн

      Мөмөсүнүн формасы – конус түрүндө

      Мөмөсүнүн салмагы – 70-100 грамм

      Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 5,2-7,1 миллиметр

      Өңү – быша электе ачык жашыл, бышканда кызыл

      Керектелүү багыты – кулинария, консервация

      Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа

    3. КАЛИФОРНИЯ КЕРЕМЕТИ

      Чыгарылган өлкөсү – Америка

      Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу

      Боюнун бийиктиги – 60-70 сантиметр

      1 сабагындагы мөмөсү – 7-12 даана

      Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 90-110 күн

      Толук бышуу мөөнөтү – 120-130 күн

      Мөмөсүнүн формасы – куб түрүндө

      Мөмөсүнүн салмагы – 120-140 грамм

      Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 6-8 миллиметр

      Өңү – быша электе жашыл, бышканда кызыл

      Керектелүү багыты – кулинария, консервация

      Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа

    4. ДИМЕНТИО F1 (ГИБРИД)

      Чыгарылган өлкөсү – Голландия

      Сорттун түрү – эрте бышуучу

      Боюнун бийиктиги – 38-45 сантиметр

      1 сабагындагы мөмөсү – 6-7 даана

      Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 60-65 күн

      Толук бышуу мөөнөтү – 75-80 күн

      Мөмөсүнүн формасы – конус түрүндө

      Мөмөсүнүн салмагы – 110-140 грамм

      Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 5,2-6 миллиметр

      Өңү – быша электе агыш-саргыч, бышканда кызыл

      Керектелүү багыты – кулинария, консервация

      Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа

    5. АЧУУ КАЛЕМПИР СОРТТОРУ

      ОРТОЧО АЧУУ

      ВИХРЬ

      Чыгарылган өлкөсү – Орусия

      Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу

      Боюнун бийиктиги – 45-50 сантиметр

      1 сабагындагы мөмөсү – 7-9 даана

      Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 90-95 күн

      Толук бышуу мөөнөтү – 100-110 күн

      Мөмөсүнүн формасы – конус түрүндө

      Мөмөсүнүн салмагы – 25-40 грамм

      Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 3-4 миллиметр

      Өңү – быша электе кочкул жашыл, бышканда кызыл

      Керектелүү багыты – кулинария, консервация, татымал

      Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа

    6. АЧУУ

      СЛОНОВЫЙ ХОБОТ

      Чыгарылган өлкөсү – Орусия

      Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу

      Боюнун бийиктиги – 50-70 сантиметр

      1 сабагындагы мөмөсү – 8-10 даана

      Тамак-ашка жарап калган мөөнөтү – 120-130 күн

      Толук бышуу мөөнөтү – 140-155 күн

      Мөмөсүнүн формасы – узун конус түрүндө

      Мөмөсүнүн салмагы – 20-40 грамм

      Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 3-4 миллиметр

      Өңү – быша электе ачык жашыл, бышканда кызыл

      Керектелүү багыты – кулинария, консервация, татымал

      Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа

    7. 50 СОТЫХКА

      Чыгаша

      Жер айдоо, тырмоо, жөөк жана арык салуу – 6500 сом

      Көчөт (сатып алсаң)15 000 сом

      Көчөт отургузуу (6-7 адамга) – 3500 сом

      Сугатчыга (12 жолкуга) – 6000 сом

      Селитра, жалбырагы менен азыктандыруучу каражатка – 14 000 сом

      Культивация (3 жолкуга) 2000 сом

      Көчөт түбүнө топурак үйдүрүү – 3000 сом

      Чабык (2 жолкуга) 6000 сом

      Калемпирдин оорусуна каршы дары – 1200 сом

      Жердин ижарасы – 15000 сом

      Жалпы чыгым – 72 200 сом

    8. Киреше

      50 сотых жерден таттуу ласточка жана диментио сортторунан орточо эсеп менен 17 тонна түшүм алууга болот. Дүңүнөн килограммын 20-25 сомдон сатууга болот. Ошондо 17 тонна алынды жана килограммын 20 сомдон саттыңыз дейли.

      17 000 x 20 = 340 000.

      340 000 – 72 200 (чыгаша) = 267 800 сом. Бул таза киреше (көчөттү сатып алып, жерди ижарага алганда). Ал эми калифорния сортунан 50 сотыхтан 17-20 тоннага чейин түшүм алууга болот.

    9. ӨЛКӨГӨ ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ЖАҢЫ КЕЛИП ЖАТКАН СОРТТОР

      Таттуу сорттору: амеретта, анета, лотта, минерва

      Ачуу сорттору: avppo 512, tae sa ja

      Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коргоо кафедрасынын доценти Кызайым Эргешовага ыраазычылык билдиребиз.

    10. Канымжан Усупбекова
      kenesh@super.kg


    "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


    Рейтинг: Рейтинг  -3 
    Комментарийлер(0)
    Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
     
    К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
    Супер-Инфо 20 жашта
    Шоу дүйнө
    Маданият
    Саясат
    Иликтөө
    Турмуш
    Крим-инфо
    Спорт
    Эробекет
    Жан дүйнө
    Түркүн дүйнө
    Алтын балалык
    Укуктук кеӊеш
    Илим жана техника
    Ден соолук жана сулуулук
    Психология жана үй-бүлө
    Тиричилик, бизнес
    Ашкана сырлары
    Жылдыз төлгө
    Маалымдама
    Көз караш
    Эмгек жарчысы
    Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
    Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
    Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
    Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
    SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
    p
    Рейтинг@Mail.ru
    Биз социалдык тармактарда:
    Кирүү
    Каттоо