ЭРКИН НУРБАЕВ ЭРКЕКТЕРДИ ЭРКЕК БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

№906 12-18-март, 2020-ж

Бишкек шаарында 8-март күнү аялдардын укугун коргоо, зомбулукка каршы уюштурулган маршы ызы-чуу менен ийгиликсиз жыйынтыкталып, 10-мартта дагы уланды. Маршка экс-президент Роза Отунбаева баш болгон бир топ көрүнүктүү адамдар катышышты. Алардын бири, алпаруучу Эркин Нурбаев тынчтык маршына катышканын айтып, көкүрөк өйүткөн маселени социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

– Бүгүн мен тынчтык маршына бардым. Кыргыз коомунда кыздын, аялдын, эненин образынын өзгөргөнүн байкаган жоксуңарбы? Алар илгеркидей эмес. Күйөөсү, кайын журту, жумушу, башчысы, кошунасы, ойношу, «папиги» жакпаса шарт бурулат да, кете берет. Эч ким эч нерсе дей албайт. Эмне себептен? 90-жылдарды эстесеңер. Чаар ала кытайдын баштыгын артынып, анын ичин кытайдын товары менен толтуруп, формачандардан жашынып чек арадан “линия фронта” сыяктуу кечип өтүп, ачкадан чыйпылыктап жаткан балдарын багам деп аялдар Орусияга кетпеди беле. Эркектердин көбү эмне болду эле? Ичип кетишкен.

Ошондо ким эркек да, ким катын? Ооба, Кудай бизди алдуу жана алсыз кылып жараткан. Бирок башка түшсө байтал жорго болорун биздин аялдар анык далилдеп берди, тарых буга күбө.

Акыркы 30 жылда кыргыз кызы өзгөргөнү анык. Эркектер, биз эркек деген сөзгө татыктуу болбосок, биздин аларга керегибиз да жок. Биз жок алар жакшынакай оокат кыла алышат. Анан биз түнкү көпөлөк болуп иштеп калбайлы! Эркектер, эркек бололучу, аялдарды коргойлучу. Иштейли, багалы, багындыралы. Аялдарга аял болгонго мүмкүнчүлүк берели. Биздин коом каалайсыңбы, каалабайсыңбы өзгөрөт. Аялдар эчак эле өзгөргөн.

Алпаруучунун өзүнө байланыштык. Ал буларга токтолду:

“8-март күнү милиция кызматкерлери маршка чыккан айымдардын колдорун кайрып алып кетип баратышканын баарыбыз эле көрбөдүкпү. Аялдарга кол салгандары туура эмес деп эсептейм. Буга зээним кейиди. Акыркы убакта күйөөлөр аялын кааласа өрттөп жиберип, кааласа машине менен сүйрөтүп, кааласа өлтүрүп салган окуялар көп болду. Бул тынчтык маршына жарандык көз карашымды билдирип чыктым”.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(5)
16.03.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Митингге чыкканда эле ошол зомбулуктар токтоп калмак беле.
16.03.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ички дуйносу сырткы келбетине дал келген эркек экен!Создун ток этер жерин айтыптыр.Азыр эркек аялдын орду алмашып калды
16.03.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдан талантту жигит.
17.03.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сен озун эркек болсон анда аялын эмнеге кетти?
17.03.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи аялзатын коргоо, колдоо ошол эле убакта кордоо дагы эркектердин колунда. Бизди коргоп алуу эркектерибиздин колунан келбесе айла жок озубузду, балдарыбыз ды озубуз коргогонго туура келуудо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо