УМРАГА БАРЫП КЕЛГЕН ЫРЧЫЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУ КАНДАЙ?

№907 19-25-март, 2020-ж.

Умра сапарына шоу-бизнес өкүлдөрүнөн Гүлнур Асанова, Нурзат Токтосунова, Нияз Абдыразаков, Мажит, Нурсултан Майназаров, Турдакун Ниязалиев, Нурмат Садыров барып келишкен. Кыргызстанда коронавирус Умра сапарына барып келген 3 адамдан аныкталганына байланыштуу аталган шоу-бизнес өкүлдөрү менен байланыштык. Кыргызстанга кайтып келишкенде коронавирусту алдын алуу боюнча текшерүүдөн өтүштү беле? Бул суроого жооп алдык.

"Биз Нурзат эже экөөбүз Умра сапарына 20-февралда барып, 27-февралда кайтып келгенбиз. Кыргыз өлкөсүнө келгенибизде "Манас" эл аралык аэропортунун паспорттук текшерүү жайынан атайын формачан медициналык кызматкер бизге камераны тосуп, дене табыбызды текшергендей болду, биз өтүп кеттик. Үй карантини же башка чара тууралуу эч нерсе айтышкан жок. Келгенден кийин өздүк гигиенаны сактап жатабыз. Абалым жакшы",- дейт Гүлнур Асанова.

Гүлнур Асанованын айтканын Нурзат Токтосунова да бышыктап, аэропорттон тепловизордон текшерилип, өтүп кетишкенин айтты. "Учурда абалыбыз жакшы" деп билдирди Нурзат айым.

Ал эми Умра сапарынан 10-январда келген ырчы Нияз Абдыразаков буларга токтолду: “Мен Умрага барган кезде коронавирус жайыла элек болчу. Бирок келгенден кийин грипп болуп ооруп калдым. Коркуп дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөм. Рентгендин, анализдердин жыйынтыгы таза чыккан. Азыр ден соолугум жакшы”.

Ошондой эле Нурмат Садыров, Турдакун Ниязалиев, Нурсултан Майназаров Бишкекке келгенде эч кандай текшерүүдөн өтпөгөнүн, учурда ден соолуктары жакшы экенин билдиришти.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(2)
23.03.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неинтересно
01.04.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умранар Аллах ыраазычылыгы учун болдубу же эл корсунбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо