Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКТЁР АНВАР ОСМОНАЛИЕВ ҮЙЛӨНДҮ

№907 19-25-март, 2020-ж.

"Асман алдында" тасмасында, орусиялык "Идентификация" сериалында образ жараткан актёр, шоумен Анвар Осмоналиев Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевге күйөө бала болду. 16-мартта сүйүктүүсү Эл-Айдын кыз узатуу тою болду. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 18-мартка борбордогу тойканалардын бирине белгиленген. Ал эми 17-мартта Кыргыз өкмөтү той, куран окутуу сыяктуу эл топтогон мааракелердин өткөрүлүшүн чектеген токтом кабыл алды. 18-мартта болсо Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ага карабастан 300дөй адамды чогултуп, үлпөт тоюн өткөрүп жатканын айткан актёр Анвар Осмоналиев буларга токтолду:

– Биздин тойго бир күн калганда бул токтом чыкты. Казакстандан, Оштон, Көлдөн конокторубуз келип калышкан. Кыз узатуу тойго келген коноктордун баары үлпөт тойду күтүп отурушат. Анан кантип алардын баарын “той болбой калды” деп узатып коё алабыз? Жок дегенде 2 жума мурун укканыбызда тойду жылдырып койсок болот эле. Ресторанга акчасы төлөнгөн, азык-түлүк сатылып алынган, жылкы союлган. Кудай сактасын деп айла жок тоюбузду өткөрүп жатабыз. Бул маселе бир аз тынчыбызды алганы менен, үй-бүлөлүк жашоо сонун башталды. Келинчегимдин маанайы да жакшы. Туугандардын ар бирине үч жолудан жүгүнүп коюп жүрөт. Кичинекей кезибизден бери бир короодо чоңойгонбуз. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Эл-Ай кесиби боюнча актриса.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(1)
23.03.2020. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу жашагыла эми..Силерде деле куноо жок,ата-эненерде да ,силерге созу отпогон..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо