Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УЗУН МОЮНДУУ КАЯНДАР

№907 19-25-март, 2020-ж.

Мьянма өлкөсүнүн (Бирма) Кая, Шан жана Карен штаттарында падаунг (каян лахви, каян) эли жашайт. Каяндар андан тышкары Таиландда кездешет. Жалпы саны – 130 миң адамды түзөт. Каян тилинде сүйлөшөт. Аталган элдин аялдары дүйнөгө узун моюндуу аялдар катары таанымал. Анткени алар кичинесинен тартып моюндарына шакек тагынып жүрүшөт. Тагыраак айтканда, жоондугу 1 сантиметрдей келген латун зымды моюндарына спиралдай кылып ороп алып жүрүшөт. Анын бийиктиги картаң аялдарда 30 сантиметрге чейин жетүүсү мүмкүн. Зымдын оордугунан акырек жана көкүрөк клеткалары бузулат да, моюн узарат.

Мисалы, 57 жаштагы Му Шант Панпет кыштагында туулган. Моюндагы шакекти 8 жашынан тартып тагынып келет. Учурда шакектин салмагы 7 килограммдай.

Жаш кыздардын моюнуна андай шакекти ороо мөөнөтүн кыштактын шаманы чечет. Алгач зым моюнга 8-10 ирет имерилтип оролот. Анан ар бир 3 жылда зым жаңыртылып оролот, оромдордун саны да көбөйүп жүрүп отурат. Ошентип аялдар моюнундагы шакек менен укташат жана иштешет. Эч убакта алышпайт. Мындай шакекти тагынып калуу жөрөлгөсү уламышка барып такалат.

Уламыш боюнча илгери деңизде аял ажыдаар жашаптыр. Ал адамдарды көргүсү келчү экен. Ал суудан чыгып, бакадан “адамды кайдан табууга болот?” деп сурайт. Бака токойдогу үңкүрдү көрсөтөт. Үңкүргө кирип үйдүн чачылганын көрүп сулуу кызга айланат да, үйдү жыйнай баштайт. Кечинде эркек келип, үйдүн жыйналганын жана сулуу кызды көрөт. Ошентип чогуу жашап калышат. Бир күнү күйөөсү аялынын көлөкөсү ажыдаарга окшош экенин көрөт. Ал кош бойлуу аялын таштап кетип калат. Аял үңкүрдөн кетип кумга 2 жумуртка таштап, деңизге кирип кетет. Ошол жумурткалардан каяндар жаралыптыр. Каян аялдары түпкү энесинин урматы үчүн моюндарына латун шакекти тагынып калышкан. Шакек жылтырап, ажыдаардын кабырчыктарын элестетет.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(10)
23.03.2020. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой байкуштар аай,уламышынар менен
23.03.2020. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба.Дагы бир угушумча,эгер күйөөсүнө кыянат кылса, ошо спиралды алып салса,аялдын моюну сынып өлүп калат экен деген чынбы экен а?
24.03.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu_bolgum_kelet,мындай эле алып койсо олуп калат. Кыянат,сыянаты жок эле. Алдыгындай моюн менен журуп корчу,башын которо алат бекен. Анан эркектер силер кыянат кылбайсынарбы такыр??
23.03.2020. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо! Караңгычылыктын да чеги болот да.
23.03.2020. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш моюндар
24.03.2020. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаралганына дагы окунуп кетесинго мындай латун тагып койсо,байкуштарды карангы илгерки адамдары ар нерсени айтып тактырат экенда, жоопко тартыш керек.Кичинекей кыздын мойнундагыны коруп кыйын журогум ооруду
bema_bema түзөттү 2020-03-24 12:51:41
24.03.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялдар жыландан таркашыптырбы ошондо?Чо то ошол жагы окшошуп атат...
24.03.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mister-X,жылаан эмес,ажыдаааааар
25.03.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум кысылып кети кооруп бечаралар
28.03.2020. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10граммдык сепочкага да сыгылып чечип саласынго,кээде.Байкуштар коздорундо кайгы корунуп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо