№907 19-25-март, 2020-ж.

    Гүланда, ырчы: “КЫЯЛЫМДАГЫ ҮЙДӨ ЖАШАП ЖАТАМ”

  1. Ырчы түгөйлөр Айбек Карымов менен Гүланда 2 жыл мурун Бишкектин четиндеги 3 кабаттуу үйүн сатып, шаардын борборунан 3 бөлмөлүү батир сатып алышкан. Ырчылардын жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жайгашкан батиринде конок болуп кайттык.

  2. – Үйдүн дизайны өзүмө таандык. Үйгө келгенде көңүлүбүз көтөрүлүп, чарчообуз жазылсын деп баарын ак түстө жасалгалап, ак түстөгү эмеректерди тандадым.

  3. – Үйгө конок көп келет. Өзүм да конок тосконду жакшы көрөм. Конок келери менен дароо дасторкон жаза калуу үчүн минтип идиштерди даярдап коюп койгом. Алтын түстү жакшы көргөндүктөн, ушул түстөгү идиштерди сатып алдым.

  4. – Жумуштан чарчап келгенибизде телевизор көрүп, уктоочу бөлмөдө эс алабыз.

  5. – Мен ушул күзгүнүн алдында отуруп, боёнуп-жасанам. Боёнууга жарым саат коротом.

  6. – Бул эки баламдын бөлмөсү. Кызым 3-класста, уулум 1-класста окуйт. Бөлмө экөөнүн сабак окуп, эс алуусуна ылайыкталып жасалды.

  7. – Көп убактым ашканада өтөт. Жолдошум менен балдарым көбүнчө камыр, эт кошулган тамактарды жакшы көрүшөт. Камырды колго жаям.

  8. – Мурда гүл өстүрүүгө кызыкчу эмесмин. Айбек кызыгып, өзү карачу. Азыр гүлдөрдү жакшы көрүп, карап жатам. Гүлдү канчалык жакшы көрүп карасаң, ошончолук бажырайып өсөт экен.

  9. – Сувенирлерди жакшы көрөм. Кайда барып эс албайлы, ошол жактан сувенир алып келгенге аракет кылам. Бул текчеде Таиланд, Египет, Өзбекстандан алынып келинген сувенирлер бар.

  10. “ЖОЛДОШУМ ҮЙ ДАЯР БОЛГОНДО ГАНА КЕЛИП КӨРДҮ”

    – Гүланда айым, шаар четиндеги хан сарайдан көп кабаттуу үйгө көчүп келүүңүздөрдүн олуттуу себеби барбы?

    – Биринчиден, шаардын четинде жашап жатканда балдарымды күндө мектепке алып келүү оор болчу. Бул жакта мектеп үйдүн жанында. Анан да жумушубуздун көбү шаарда болгондуктан, шаар ичине көчүп келүү ыңгайлуу болду.

    – Үйдүн жасалгасы өзүңүзгө гана таандык экенин айтып калдыңыз. Айбек байке такыр кийлигишкен жокпу?

    – Ишенсеңер, Айбек үйдү алганда да көргөн эмес, дарегин да билген жок. “Сага жакса ала бер” деп акчасын санап берди да, үй толук бүткөндөн кийин келип көрдү. Өзүм тандап, өзүм ичин жасалгалаттым.

    – Чоң үйдө да жашап көрдүңүз. Азыр көп кабаттуу үйдө жашап жатасыз. Кыялыңыздагы үй кандай?

    – Ушул менин кыялымдагы үй. Бул үйдү 1 жыл издедим. Үйдүн аянты да, жайгашкан жери да, короосу да, баары көңүлүмө төп келди. Андыктан азыр өзүм каалагандай үйдө жашап жатам.

    – Рахмат, үйүңүздөрдө жакшылыктар көп болсун!
  11. Перизат Музуратбекова
    star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
23.03.2020. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Негедир кызыксыз маек бериптир. Же мага ошондой сезилдиби билбейм.
23.03.2020. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун. Мага да ак тусто жасалгаланган уй жагат.
23.03.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Буюрсун! Ар бир адамга кыялындпгвдай үй насип кылсын жараткан!
23.03.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушинтип реклама кыласын анан эмки жанында уйуно ууру бирди милиция таппай жатат деп келесин.
23.03.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы экен,мындай уйго жетпей жургонубуз канча.
23.03.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эмнеге Лара Фабиан,Адель,Сара Джеронимо мактанышбайт. Папарацци андып журуп,дрондор менен эле жашаган особняктарын фото,видеого тартып алышбаса бир да интервьюсунда кыялымдагы уйдо жашайм,бир да эркек жетбеген машина айдайм деп айтышбайт. Кучтуу вокалдын ээлери,дуйнолук ареналарды багындырган ырчы айымдар. Именно айымдар. А биздин же уну,же таланты жок ХХХХХ мактанганын токтотушбайт.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-23 14:31:04
23.03.2020. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмгеги менен тапкан уйлору кут болуп, Балдары менен биргеликте бактылуу болуп, кооп жашашсын. Уйу ак жолтой жакшы уй болсун.
23.03.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбек адресин да билген эмес деп салыш керек да)).Кут болсун,бизде да болсун.
23.03.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге да насип кылсын ушундай уй.
23.03.2020. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы экен. Бирок тээтиги алтын түстөгү идиштерине бирдемке салып койсо болмок экен. Суперден келип тартышат деп даярданса керек. Жок дегенде жемиштерден
23.03.2020. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulandanin ele uiugo,Aibektin dele surottorun koyup koison bolmok
23.03.2020. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulanda maga jagat emnegedir suikumduu jarkildap
23.03.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы мактанып алыпсың,азыр эми мындай элитка үйлөрдө жашаган жылдыздар мактанбай деле койсоңор болот....
23.03.2020. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы,мактанып алыпсың, эми азыр мындай үйдө жашаган жылдыздар мактанбай эле койсонор болмок.
23.03.2020. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уйунордо ардайым тынчтык болсун.
24.03.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бирок ушу эки ырчы бири бирине чыдап жашап атканына баа бердим. Экоонун тен мунозу ч о ч к о
katerina.li түзөттү 2020-03-24 17:49:59
24.03.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койчу эй, азыр элдин баары аты жаман вирустан кантип кутулабыз деп турганда.Буйруса баары буткондо деле айта бересин.
25.03.2020. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олкону коркунучтуу ооруу каптап атканда булардын уйу кимге кызыкчылыгы бар. Пайдалуу нерсе кылсынчы андан Коро уйуну мактабай. Кыргыз эстрадасында тажатмалар кобойуп кетишти пайдасы жоктор
26.03.2020. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун уй экен. Жалан гана жакшылыктар болсун уйунордо. Бизге да насип кылсын
26.03.2020. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кошуна бир домдо жашайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо