№907 19-25-март, 2020-ж.
Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсон менен болгон беттештин жылдырылышы тууралуу UFC президенти Дана Уайт менен сүйлөшкөнүн билдирди.
Анын айтымында, UFC 249 беттешинин өтө турган жайы кийинки аптада белгилүү болот. "Аренада көрүүчүлөр болбойт. Көп дегенде текшерүүдөн өткөн 100 киши болушу мүмкүн. Шоу жасайбыз, камера, pay-per-view. Күйөрмандар бул беттешти үйлөрүндө көрүп ырахат алышат" дейт ал.
Беттеш 18-апрелде Нью-Йорк шаарында болмок. Коронавирус чуусунан улам мында иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.
Динара Акимова
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |