Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дайыр Исмадияров, ырчы: "ЕГИПЕТКЕ БАРБАЙ ЭЛЕ КОЙБОЙ ДЕП ӨКҮНДҮМ"

№908 26-март - 1-апрель, 2020-ж.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын чечими менен өлкөдө вирустун алдын алуу үчүн 20-марттан тарта авиакаттамдар токтотулду. Ушул себептүү башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга келе турган жарандар өлкөгө келе албай, убара тартышты. Алардын катарында ырчы Дайыр Исмадияров да бар болчу. Египетке эс алууга кеткен ырчы 19-мартта Казакстан аркылуу мекенине кайтмак. Бирок ошол күнү аэропортко келип, Казакстандын учагы аларды алып кетпей турганын билишкен. Кыргыз өлкөсүнүн ТИМи менен Кыргызстандын туроператорлорунун ассоциациясы Казак өлкөсүнүн жардамы менен 23-март күнү Шарм-эль-Шейхтен 126 жана Таиланддын Бангкок шаарынан 11 кыргызстандык туристтерди алып келишти. Египеттен Казакстандын Алматы шаарына чейин учак менен, ал жактан Бишкекке чейин жашыл коридор аркылуу 137 адамдын арасында келип, обсервацияга алынган ырчы менен байланышып, ал кабылган кырдаал тууралуу маектештик.

– Дайыр, саламатсызбы? Кандай келип алдыңыз?

– Саламатчылык. Жакшы жетип алдык. Келгенден кийин 3 күн Бишкектеги бир мейманканада обсервацияда жаттым. Баарыбыздын анализдерибиздин жыйынтыгы таза чыккандыктан айрымдарды үйгө коё беришти. Дегеним, Бишкекте жашап, үйдө изоляцияда жатууга шарты болгондор гана чыгышты. Ал эми аймактарда жашагандар же Бишкекте башка адамдар менен чогуу жашагандарды чыгарышкан жок. Мен жалгыз жашайм да. Досторум алып келген азык-түлүктү балкондон жипке илип алып жеп, үйдөн чыкпай жатам.

– Египеттен келе албай, мамлекетке нааразы болуп жаттыңыз эле?

– Ооба, “мамлекет бизге жардам бербей койду. ТИМ жооп бербей жатат” деп нааразы болуп, ММКларга, Инстаграм баракчама жазып жаттым. Келгенде бизге түшүндүрүп беришти. Көрсө, баары биз ойлогондой эмес экен. Египет Кыргызстандан Египетке учактардын учушуна тыюу салган экен. Ошол себептүү Кыргызстан бизге учак жибере албаптыр. Ал эми Казакстандан Египетке 23-мартка чейин учактар учса болот экен. Ошондуктан биздин ТИМ казак тарап менен кыргыз жарандарын алып келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүптүр. Бул да бат эле чечиле калчу иш эмес да. Анын үстүнө жашыл коридор түзүп берүү кооптуу болгондуктан ага казак тарапты көндүрүү да оңойго турбаса керек. Учактан президенттердей эле түшүп, атайын даярдалган автобустар менен Бишкекке келдик да, коронавирус үчүн тест тапшырып, обсервацияга алындык. Учурдан пайдаланып мамлекетке, ТИМге ыраазычылык билдирем. Азыр да башка өлкөлөрдөн, Түркия, Орусия, Түштүк Кореядан байланышка чыгып, мекендештерибиз Кыргызстанга келүү үчүн жардам сурап жатышат. Аларга тажрыйбам менен бөлүшүп, жардам бергенге аракет кылып жатам. Аларга мамлекетибизге ишенип дүрбөлөңгө түшпөй, бир аз күтө туруш керек, өлкөбүз эч кимди эч жакта калтырбайт экен деп айткым келет.

– Сиз жаткан мейманканада шарттар кандай экен?

– Шарттар аябай жакшы экен. Баары таза, жаңы. Убагында тамак берип жатышты.

– "Гансиде" обсервацияда жаткандар "шарттар начар" деп нааразы болушууда. Сиз тааныштарды салып жакшы мейманканага туш болдуңузбу деген суроо жаралат экен?

– Бизди "Гансиге" жайгаштырат деп ойлоп келгенбиз. Шарттар кандай болсо дагы Кыргызстандын ичинде жатканга эмне жетсин? Жарандар "Гансиден" башка бир топ жерлерде обсервацияда жатышыптыр. Биз менен келгендин баары эле ушундай жакшы шарттарда жатышты. Бул бешенебизден окшойт.

– Кырдаал ушундай болуп жатканда Египетке эмнеге бардыңыз? Аябай сөгүп, сындагандар болушту. Туура кабыл алдыңызбы?

– Инстаграм баракчамда гив оюнун уюштургам. Оюнга катышкан 3 жеңүүчүнү Египетке алып барып эс алдырып келмекпиз. Алып барбай койсом, элге жалганчы болуп калмакмын. Барбай эле койсокпу деп да ойлодук. Бирок ал учурда биздин өлкөдө авиакаттамдар өз ишин токтото элек болчу. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялана элек болчу. Биз 12-мартта учтук. Абал мындай болуп кетерин билген жокпуз. Ал эми сындагандарды түшүнсө болот. Биздин абал тууралуу толук маалыматы жок болду да. Мен деле алардын ордунда ошондой сындарды жазмакмын. Себебин билгенден кийин мени түшүнүп калышса керек.

– Качан учуп келишиңиздер керек эле?

– 19-мартта Казакстанга учмакпыз. Ал күнү билеттерибизди көтөрүп алып аэропортко келдик. Каттоого келгенде эле Казакстан бизди алып кетпей турганын билдик. Анткени Казакстан өз жарандарын гана алып кетип жатты. Башка өлкөлөр өз жарандарын алып кетип жатышса, сенин өлкөң сага көңүл бурбай жатса, ошол катуу тиет экен. Биз анда эки өлкө ортосунда кандай келишимдер бар экенин билбегендиктен эч нерсе түшүнгөн эмеспиз.

– Андан кийин эле дүрбөлөңгө түшө баштадыңыздар?

– Ооба, мен ТИМге байланышууга аракет кылдым. Шарм-эль-Шейхтеги 100дөн ашык кыргызстандыкты чогулттум. Кантсе да 700 миңден ашуун катталуучум бар деп Инстаграм аркылуу маалымат таратып жаттым. Чуркап, сүйлөшүп, эл чогултуп жүргөнүмдү көргөн көпчүлүк “депутаттыкка талапкерлигиңди кой, биз шайлайбыз” деп жатышат. “Быйыл депутат болот окшойм” деп тамашалап жатам.

– Ал жакта калган ашыкча 3 күндүн чыгымдарын канттиңер?

– Тамак-ашыбызды, жатаканабыздын акчасын туристтик фирма төлөдү. Учактын билетин өзүбүз төлөдүк. Эс алууга жолдомону Казакстандан алгандарга Казакстандын турфирмалары эч кандай жардам көрсөткөн жок. Ошондуктан эс алууга жолдомолорду Кыргызстандагы туристтик фирмалардан гана алгыла деп кеңеш бергим келет.

– Кыргызстанга чыгарып кетүү мүмкүн болбой калса эмне кылмаксыңар?

– Кетпей калсак эмне кылабыз деп чочуладык. Шарм-эль-Шейхте бир айга арзан баада батирлер ижарага берилет экен. Ал жакта азык-түлүк да арзан. Батир ижарага алып, 1 ай эптеп жашап турабыз да деп ойлоп жатканбыз. Каирде окуган, иштеген кыргызстандыктар “кетпей калсаңар бизге келгиле, өзүбүз багып алабыз” деп чакырышты.

– Барганыңызга өкүнгөн жоксузбу?

– Бир жагынан ырас эле барыптырмын деп жатам. Анткени абалды ичинен көрүп, элге өз убагында туура маалымат жеткирип жаттым. Муну менен башка өлкөлөрдөн келе албай жаткандарга үмүт бердим. Бир четинен ушундай ызы-чууда Египетке барбай эле койбой деп өкүндүм.

– Жакындарыңыз кабатыр болушса керек?

– Апам аябай кыжалат болду. Ал “уулум аман-эсен келип алды” деп айылда кой союп, кан чыгарды.

– Ден соолукта болуңуз!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(23)
30.03.2020. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-34
Зато барып келдин азамат, Египетке барбай жургону канча
30.03.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Paprikafm,Даа туура азамат албетте. А туз жалягандар дагы жалягыла )))))))
30.03.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Куйдуротко кыйраткансып, депутат десе дагы нервим козуп кетти
13.04.2020. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dani, туздан даам татып кой )))
30.03.2020. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-34
Депутаттыкка талапкер болуңуз мен колдойм
Baktyluu_bolgum_kelet түзөттү 2020-03-30 11:53:36
30.03.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Туура эле айтат депутатыка талапкерлигим койсомбу деп. Себеби,жалан эле ушуга окшогон сабатсыздар отурат биздин жогору кенеште
30.03.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Озу дайыма чуулуу журот. Самолет куйгондо да дайыр бар эле
31.03.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
guli-1980,)))))))
30.03.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Элдер! Арыдан бери эле болгулачы. Негативный адамдар бактысыз дешет. Жакшы, позитивдуу ойлонуу деген болобу силерде? Кайдан билиптир Дайыр мындай болуп кетээрин? Ситуация кутуусуз озгорду го дуйно жузундо.
mmdina2013 түзөттү 2020-03-30 18:56:27
31.03.2020. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
mmdina2013,Негатив созду жазганга Дайыр озу себепкер болду.Дайырдын Египетте жургонун эч ким деле билмек эмес.Мактанып жатса,анан окмотко догурунса,конечно жазылат да.Коп ырчылар жонокойлук сапат дегенди унуткан.Ырчы жигиттерден бир,экоо бар хайп жасаганды жакшы коргон.Ырчы кыздардан Анжелика,Самара,Гулзат,Гулжайна,анан Ырыс эже кошулду.Журналисттерден Назира бар
Байкасанар бир ай алар жонундо уу-дуу соз чыкпаса бир нерсе оздору ойлоп табат.
30.03.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тамак аш арзан деле эмес жарыбаган тооөун бир кесим эти кошулган сендвичи 5$ шарм эль шейхтин соодагерлери кудум лөлүдөй... нары бассаң да бери бассаң да саап алса болот бекен деген эл... жашай албайт болчуң 1 ай..кв.лары таксисттер үчүн кебетеси келишкен үйлөр... суусун ичип болбойт!
30.03.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Азаматсын,жакшы маек бериптир
30.03.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыссыып эле отурсанар болмок!
31.03.2020. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Дайыр окмотту согуп согуп алып эми калп эле мактамыш болот,ичинен коруп билип туура маалымат жеткиргенин ушулбу сенин?
31.03.2020. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Аззаматсың, кичинекей жакшылык каалабагандарга көңүл бөлбө.
31.03.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
А жакшы.
31.03.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
мммм
31.03.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы кырдаалда бироону сындаган туура эмес го. Эмнеси болсо да ар бир Мекендешибиз аман болсун. Бирок апанды да кыжаалат кылбай барбай эле койсон болмок
04.04.2020. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо инстаграмда 700000 подписчики бар болуп элге жардам бериптир да ошондо, чуркап элдерди чогултуп, куйдурот го, негизи туура эмес иш кылды да ушундай учурда египетке барып, эгер корона вирус жуктуруп келсе канчалаган элдин убалына калмак
09.04.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дайыр
бул сенин ачкоздугундон болду
билеттин баасы куйуп кетпесин деп

Ырларын как всегда ужас
09.04.2020. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан 15 болуп жаны санын окуйбуз?? Дайыр кокойумо кок таштай тийди
11.04.2020. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат болом дегени кызык экен балакайдын. Сен эле калдын эле...
12.04.2020. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат болсон биздин ак уйдогулордон ашсан ашасын кем калбайсын, молодец.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо