“ИСМАИЛ МАТРАИМОВ” АТЫНДАГЫ ФОНД КОРОНАВИРУСТАН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

№908 26-март - 1-апрель, 2020-ж.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 21-мартта “Исмаил Матраимов” атындагы фонд коронавирустан жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүп баштаганын билдирди.

"Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду иним Райымбек Матраимовдун колдоосу менен коронавирустун кесепетин жоюуга гуманитардык жардам көрсөтүп баштады",- деп билдирди депутат. Маалыматка таянсак, фонд вирус катталган аймактардагы элге 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миң даана бет кап таратат. Ошондой эле вирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 миң даана экспресс-тест, 10 даана жасалма дем алдыруучу жабдык алып беришери айтылды. Ушундай эле гуманитардык жана акчалай жардамды башка ишкерлер, меценаттар да берип жатышат. Экс-премьер Өмүрбек Бабанов 5 миллион сом, меценат Аскар Салымбеков 100 миң даана бет кап алууга акча, жеке ишкер Азат Исакунов 15 миллион сом бөлө турганын билдирди.

Коомчулук азыркы тапта эл менен кошо медицина кызматкерлерине колдоо керектигин, аларга вирустан коргоочу кийимдер жетишпей жатканын да айтып коңгуроо кагууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо