Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Балдарынын оорусу менен күрөшкөн эне: “КЫЗЫМ 4 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАСАЛМА ЖОЛ МЕНЕН ДЕМ АЛАТ”

№908 26-март - 1-апрель, 2020-ж.

Бул жолку каармандарым Гүлина Сулайманова менен Абдыжалил Дүйшеев жүлүндүн тубаса начар иштеши, булчуңдардын алсыздыгы менен жабыркаган эки баланы багып-өстүрүп келе жатышат. “Бар нерсеге шүгүр кылып жашоого үйрөндүк, балдарым ооруп калды деп ажырашып же кейип отура бербей, Кудай берген өмүрдү жакшы жашап өтөлү деп аракет кылып жатабыз” дешет алар. Турмуштук майда-чүйдө жагдайларга кейип-кепчип, чоң көйгөй жараткандар канча? Позитив менен жашаганга аракет кылган бул үй-бүлөгө чын эле баа бердим.

“ЭКИ БАЛАМ ТЕҢ ООРУП КАЛГАНДА ӨТӨ КАТУУ НЕС БОЛДУК”

Эки оорулуу баланы баккан эне Гүлина Сулайманова балдарынын кантип ооруга чалдыкканын айтып берди:

– Учурда кызым 6, балам 5 жашта. Экөөнүн тең диагнозу окшош, жүлүндүн тубаса начар иштеши, булчуңдардын алсыздыгы. Жолдошум экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, баш кошконбуз, баары жакшы болчу. Орусиянын Красноярск шаарына иштегени кеткенбиз. Кызым ошол жактан төрөлдү. Башында врачтар эч нерсе айтышкан эмес, мындай дарттын эч кандай белгилери жок болчу. Кийин Кыргызстанга келдик. Кызым чыгырык менен басчу. Эмгектечү эмес, бирок тили эрте чыккан. Бир жолу ичи катуу ооруп, ооруканага жатып калдык. Ошко алып барсак, “бутун түздөйбүз” деп операция жасамай болушту. Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековго баралы десем, “ал кылганды биз деле жасайбыз” деп мени ишендиришти. Операция жасалгандан кийин колун башкара албай, мурункудай чыны кармап чай иче албай калды. Эки күндөн кийин башы титиреп баштады. Сүйлөп калган кызым шылкыйып эле чалкасынан кете берди. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барсак, “дарылоо эч кандай жардам бербептир, томографияга тарттыргыла” деди.

Туугандардан акча алып, Орусияга жөнөдүк. Ал жакта медицина күчтүү эмеспи. Биздин документтер даяр болгончо кызымдын дем алуусу оорлоп, “Тез жардам” чакырттык. Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Бир сааттан кийин “аппаратка уладык, абалы оор, үйүңө бара бер” дешти. Кызым ооруп калганда эле баламды эмчектен чыгарып койгом. Аны жакындарым, жолдошум карап жатышты. 4 ай дегенде “жүлүндө маселе бар, аппарат алышыңар керек” деп моюнуна түтүкчө коюп беришти. Аппаратты ошол жактан кайрымдуулук фонддор алып беришкен.

2016-жылдын июль айынан бери кызым ошол түтүкчө менен дем алып, аппаратка байланып жашап келет. Орусиядан аппаратты кантип колдонуу керектигин үйрөтүштү. Кийин Кыргызстанга келгенде аппаратыбыз бузулуп калып, SUPER.KG порталы аркылуу элден жардам сураганбыз. Бул аппарат өпкөнүн ролун ойнойт. Байланыштырып турган түтүкчөнү улам тазалап туруу кажет. Тамакты да түтүкчө аркылуу ичет.

Учурунда кызым деп жүрүп, балама көңүл бурбай жүрө бериптирбиз. Басканы кечеңдегенде дарыгерлерге көрсөтсөк, диагнозу кызымдыкындай экенин айтышты. Эки балам тең ооруп калганда өтө катуу нес болдук. Кудайга шүгүр, балам азыр жакшы. Бирок буга да аппарат алышыбыз керек, фонддорго кайрылып жатабыз. Орусияга кетели десек, дарыгерлер “кепилдик жок, учакта алып жүрүүгө болбойт” дешкенинен бул жакта эле калалы дедик. Жолдон жоготуп алганча көбүрөөк жашаганы жакшы. Мурун элден коруна берчүбүз, азыр балдарды жашырбайбыз, аппаратта жатканы аз келгенсип төрт дубалда камап отурбайлы дейбиз. Биз көргөн жашоону көрсүн деп соода борборлоруна барсак да, конокко барсак да кызымды аппараты менен көтөрүп алабыз. Адамдар менен аралашкан буларга да жагат. Алардын үнүн угуп, күлүп көңүлү ачылат.

Аппаратка керектүү түтүкчө, фильтр, нымдандыруучу каражаттардын баарын ай сайын алмаштырып турабыз. Ага
50 миң сомдой керектелет. Мамлекеттен тазаланган сууну гана бекер алабыз. Эгер бузулуп калса, алмаштырууга мамлекетте аппараттар жок. Орусияда аппарат бузулуп калса, өздөрү келип алмаштырып кетишет.

“КЫРГЫЗСТАНДА МЕНДЕЙ ЭНЕЛЕРГЕ ПСИХОЛОГДУН ЖАРДАМЫ КЕРЕК”

– Негизи элге бул тууралуу айтайын деген деле оюм болгон эмес. Мындай сыноону кээ бир адам көтөрөт, кээ бири такыр эле өзүн таштап жиберет. Менин байкашымча, Кыргызстанда оорулуу балдарды баккан апаларга психологдун жардамы керек. Кызым Орусияда жандандыруу бөлүмүндө жатканда ооруканага тынбай бара берсем, дарыгерлер “психологго баргыла” дешти. Жолдошум экөөбүз психологго кайрылганбыз. Жашоого башкача көз караш менен карап калат экенсиң. №1 балдар хосписине барганыбызда көбү эле жүгүрүп жүргөн башка соо балдары болгонуна карабай “ий, балам оорукчан, эмне кылабыз?” деп кайгыга чөгүп кеткендер. Жакшынакай жүрүп эле ушинтип ооруп калса чынында оор. Хоспистин директору “сен ушул кыйынчылыкты жеңип келесиң, башкаларга үлгү бол, кыргызча маалымат аз, Инстаграмга маалыматты орусча жазба” деди. Ошондон кийин оорулар менен кантип күрөшүп жатканыбызды кыргызча жазып, жарыялап баштадым.

Көптөр болбогон нерсеге, мисалы, жолдошу ишсиз калса же "кайненем минтип сүйлөп койду" деп наалып жүрүшөт. Ал чынында көйгөй деле эмес. Менин эки балам тең ооруп калды. Орусияга барганыбызда дарыгерлер “кызың да, балаң дагы өлөт, эмнеге жүгүрөсүңөр?” деп урушуп кууп чыгышчу. Эмне деген гана кыйынчылыкты көргөн жокпуз?..

"АРТЫҢДА ТУЯК КАЛЫШ КЕРЕК, АЖЫРАШ ДЕШТИ"

Сөз арасында Гүлина Сулайманова менен кошо андан кем эмес түйшүк тартып жүргөн балдардын атасы Абдыжалил Дүйшеев менен да баарлаштык:

– Башында катуу стресс болдук. Абалдан кантип чыгууну билбей, бири-бирибиз менен урушкан күндөр болду. Бир күнү "ынтымак болбосо, оорчулукту кантип жеңмек элек?" деп өзүбүздү колго алдык. Бизге окшогон ата-энелерге айтарым, оорчулуктан качпаш керек. Кыйынчылыкта үй-бүлөсүн таштап кеткен эркек – бул жеңил, тереңин аңдабаган адам. Бала ооруп калса, аны кароо – ар бир ата-эненин милдети.

Айрым туугандар “ажырашкыла, балдарыңар минтип калды, артыңда туяк калыш керек, эртең сени карыганда ким карайт?” дешти. Мен “өзүмдүн жашоомду өзүм билем, кааласам өмүрүм өткөнчө ушул балдарды багам, мен үйлөнүп, аялым күйөөгө тийип кетсе балдар эмне болот? Буларда эмне күнөө? Эч кимиңер мындай маселе козгобогула” дедим. Бир күнү жубайым да “ажырашалы, балдар мени менен болот, үйлөнүп башка балалуу бол” деди. Мен ага “экинчи мындай сөзүңдү укпайын, бирге ушул балдарды карайбыз” дедим.

“БИЗДИН БАЛДАРДЫН АРТЫНАН АКЧА ТАПКЫСЫ КЕЛГЕНДЕР БОЛДУ”

– Башында жардам сурагандан уялдым. Бирок сурабаска чара жок эле. Кызым ооруп калгандан бери классташтарым, айылыбыздын фонду, эл жардам берип келишет. Аппаратты айылдаштар демөөрчү таап алып беришти. Балдарды Москвага алып барып анализ жасатууга каражат чогултуп беришти.

Красноярскта жумушка кире албай, унаа жууп эки балама бир банан көтөрүп келип бөлүп берген күндөр болду. Бир компанияга ишке кирип, 3 күндөн кийин эле аванс сурап кайрылдым. Директор “ишке киргениңе 3 күн болду, эмнеге аванс сурап жатасың?” деп таң калды. Мен кызым ооруп, жандандыруу бөлүмүндө экенин айттым. Оорукананын жетекчисин тааныйт экен, ал жакка байланышып сурады, чын экенин билгенде 10 миң рубль берди. Анан ага ооруканага киргизбей жатышканын айтсам, сүйлөшүп берди. Кирсек кызым кенедей болуп кичирейип кеткен, чачы кырылган. Дайыма чалкасынан жата берип эки көзү эки жакты карап калыптыр. Тааныш бар жакшы экен. Жакшы карап калышты.

Акча табышым керек да, жетекчибизге "кошумча жумуш бериңиз" деп кире берчүмүн. Ал “үй-бүлөгө камкорсуң, оор жумуштан да качпайт экенсиң” деп мени жактырды. Бир күнү кызыма аппаратка акча керек болуп жатат, иштеп кутулам дедим. Чогуу иштегендерди чогултуп, менин шартымды айтыптыр. Аңгыча аппараты жок эле ооруканадан чыкмай болду деп чалышты. Ошондо мени тааныбаган эле чогуу иштешкен орустар 30 миңдей рубль чогултуп коюшуптур. Аларга акча керек болбой калганын айттым.

Муктаж болуп турганда жардам колун сунгандарга кантип ыраазычылык билдирериңди билбей каласың. Бир жолу бирөө эсепке 10 рубль которуптур. Жардам болсун деп аз болсо да которгонун карабайсызбы.

Эгер дарылануулардан каражат ашып калса, башка муктаждарга котортуп жиберебиз. Биздин балдардын сүрөтүн пайдаланып эсеп ачкандар да болду. Тааныштар билип калып, ким экенин издештирип баштасак өчүрүп салышты.

Балалуу болуп, алардын жоопкерчилигин ала албаган, түйшүгүнөн качып балдар үйүнө өткөрүп койгондор жок эмес. Баланын алдындагы милдетим деп алар үчүн жан үрөп келген мындай ата-энелерге Кудай дем-күч берсин.

Динара Акимова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(18)
30.03.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Кудайдан тилейли ушул эки бала айыгып кетсин деп. Анан дагы озубуз да бир аз салым кошпойлубу ,кыргыз элим . Беш он сом болсо дагы салып коелу келгиле. Тээ тааныбаган Красноярск шаарындагы орус улутундагы адамдар деле унчукпай эле кол сунушуптур. Кыргыз элим ,барсынбы?? Бир шаурма жебей койсок эч нерсе болбойт. Ушу эки бала айыгып кетсин
30.03.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акча которгондор кайсы номерге которушат?? Эльком барбы
30.03.2020. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
katerina.li, саламатсызбы! Каарманга жардам берүү үчүн 0707837833, 0776318891 номерлери аркылуу байланыша аласыз.
30.03.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
admin_portal,ракмат. Соссуз котором. Элге дагы сунуштайт элем
30.03.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оа жардам беришибиз керек.
30.03.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ыйлап алдым.Кудайым сен кудуреттүүсуң,ушул үй бүлөлого жардам бере көр.Элсом барбы?
30.03.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым аракеттеринердин акыбетин берип, балдарыңар айыгып кетсин!
30.03.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай кучтуу Ата эне азаматсыздар балдар сакайып кетсин кудайым жардам берекор ээч Бир Жан оорубасын
30.03.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат үй-бүлөө экенсиңер, Аллахым өзү жардам берсин,балдардын тез сакайып кетишин каалайм.
31.03.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткандан жакшы умут кылалы,дартын берген аллахым шыпаасында берет.
31.03.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыздар башкаларга улгуу Боло турган уй булоо экенсинер .Бактыныздарга коз тийбесин,балдарынар эртерээк айыгып кетсин.кандай гана бактылуу уй булоо деп суктанып ыйлапда алдым.канчалаган эркектер уй булоосун таштап кетип жататго баласы оорулуу болуп калса .ушулардан улгу алышы керек ошолор
Saliman түзөттү 2020-03-31 16:09:11
01.04.2020. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алыбыздын келишинче азбы коппу акча салалы туугандар! Коп тукурсо кол болот деген созду далилдеп койсок эмнеге болбойт. Ата энесинде журогундо жалыны бар адамдар экен. Азаматтар! Окуп алып козумо жаш алдым. Келгиле туугандар акча салып койолу.
03.04.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч качан бала оорубасын байкуш энеге эле кыйын. Жолдошу да азамат экен, канчалаган ата сооройлор бар таптакыр артын карабай кеткен
05.04.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйладым
05.04.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым бунун артынан чоон жакылык камдап турса керек.окуп ыйладым.эркектер таштап кетчуукобунчо бул эркек эркек экен
07.04.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсиздер. Кудай буйруп эртерээк сакайып кетишсин. Сиздерге куч кубат.
09.04.2020. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым балдарды оорутпасын
30.09.2020. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым силерге куч кубат берсин,кыргыз элибизге ыйман инсап берип силерге коп коптон жардам берсин,эки балана Алахым шыпа берип жакшы болуп кетсин.Аллахымдын кутулбогон тан калычтуу керемети силерге келип,эки балан жакшы болуп басып,жугуруп бактылуу болуп силерди кубандырсын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо