Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРАНТИНДЕ ЖЫЛДЫЗДАР ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕК?

№908 26-март - 1-апрель, 2020-ж.

Коронавирустун алдын алуу боюнча өлкөгө 21-мартта өзгөчө кырдаал киргизилсе, 25-марттан тарта Бишкек, Ош шаарлары баштаган 6 аймакка өзгөчө абал режими киргизилди. Тойлор, маданий иш-чаралар токтоп, үйдөн чыкпай отуруш керек болгон маалда жылдыздар эмне менен алек болуп жатканын билип көрдүк.

Гүлнур Асанова, ырчы:

– Мага жардам сурап кайрылгандар көп. Айрымдарга маска керек болсо, айрымдар азык-түлүккө муктаж болушууда. Үйдөн чыга албаган, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга керектүүсүн үйүнө жеткирип берүү зарыл болгондуктан үйдө отура элекмин. Өзүм кол кап кийип, маска тагынып, антисептикалык каражат колдонуп жатам. Эшикте кийип жүргөн кийимдеримди үйгө кирерим менен чечип, жууп жатам. 23-мартта кайрымдуулук ишимди бүтүрдүм. Эми үйдөн чыкпай отурам. Көптөн бери бир айлык дарыланууну баштай албай жүргөм. Бир айда ошону ишке ашырам.

Аксай Мукамбет уулу, ырчы:

– Өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизгенде көп кабаттуу үйдө жатпайлы деп үй-бүлөмдү алып, Токмокко ата-энемдин үйүнө келгенбиз. Азыр үйдө мал карап, талаа иштерин жасап жүрөм. Айылда деле үйдөн чыкпай, керектүү жерлерди дезинфекциялап, улам кол жууп, керектүү чараларды көрүп жатабыз. Кудай сактасын, элим аман болсун.

Айзада Жамгырчиева, алпаруучу:

– Мен Таласка ата-энеме келдим. Улам тамак бышырып жеп, байкемдин балдарын карап, мал карашып, жазгы талаа иштерин жасап жатам. Үйдө отуруп калган жаман экен. Абал бир аз жакшырса эле шаарга барам. Айылда баарыбыз коопсуздук чараларын көрүп жатабыз. Жакында эле бирөө каза болуп, ал жакка эч ким барган жок. Бир туугандары эле акыркы сапарга узатып коюшту. Баарыбыз ден соолукта аман бололу.

Анжелика, ырчы:

– Карантин жаңы башталганда кыздарым менен Караколго барып, лыжа тепкенге жетишип калдык. Андан кийин "үйдөн чыкпай отуруш керек" дегенди угуп, кайтып келип үйдө болуп жатабыз. Үйдө чыгармачылык менен алекмин. Ар кандай видеороликтерди тартып, өзүм монтаждап жатам. Композиторлор, авторлор менен онлайн иштешип, ырдын тексттерине буйрутма берип обон жаздырып жатам. Эми кавер ырдап баракчама жүктөп турам. Кесиптештерим менен биргеликте онлайн дуэт аткарып, интернетке жүктөйбүз. Мындан тышкары 40 күндүк марафон баштап жатам. Орусиядагы, Кыргызстандагы диетолог, психологдор менен биргеликте айымдар үйдө отуруп тамак жей берип ашыкча салмак кошуп албашы үчүн көнүгүүлөрдү жасатабыз, туура тамактанууну үйрөтөбүз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(5)
30.03.2020. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу жанылыкты кундо окуйбуз,коронавирус менен кошо дайыр,гульнур,нурзат умрага барганын ар куну окуп жаттык,калган пырчылар эмне кылып атканын майда чуйдосуно чейин билип калдык полностью.
01.04.2020. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульнур Асанова эмнеге дайым ооруймун, дарыланып жатам деп айта берет. Психологический настрой начар бул кызда
03.04.2020. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adelchik,Балким чын эле ооруйт. Ажырашканда да больницага жатып чыкпады беле.Негизи эле аял кишилер тем более жолдошу жок болуп жаш курагы 30дан откондо керектуу медицинский жардам алып турбаса климакс болуп калат
06.04.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Emi irchi choorchular kimge kereginer bar azir duino juzundo Koronaviruska karshi sogush bolup jatkanda
09.04.2020. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксай Мукамбет уулун тааныбайт экенмин. Ким көп - ырчы көп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо