Улан Байышбеков, мигрант: “АКШда КОРОНАВИРУСТАН КОРКСОМ ДА ИШТЕП ЖАТАМ, АНСЫЗ ТИРИЧИЛИК ӨТПӨЙ КАЛЧУДАЙ”

№909 13-19-апрель, 2020-ж.

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясы адамзатка чоң сыноо болду. Мындай оор кырдаал өлкөдөн сыртта, бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн мекендештерге эки эсе кыйын. АКШда 2 жылдан бери жүк ташуучу унаа айдап иштеп жаткан мекендешибиз Улан Байышбеков ал жактагы абалды баяндап берди. Баса, АКШ коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча учурда дүйнөдө биринчиде турат.

– Улан, саламатсызбы? Учурда АКШда жашап жаткан кыргыз мигранттары үчүн абал кандай болуп жатат?
– Саламатчылык. Абал кыйын эле. 2 жыл мурун АКШга грин-карт утуп алып, үй-бүлөм менен келгем. Иллинойс штаттындагы Чикаго шаарында жашайм. Чоң жүк ташуучу машина айдап, штаттар арасында жүк ташыйм.

– Коронавирис очогу азыр АКШда болуп жаткан убак. Статистикаларды окуп жүрөгүң түшөт. Эмнеден улам вирус тез жайылып кетти?
– Ооба, сиз айткандай, статистикалар жүрөктү түшүрөт. Башында бул жакта вирусту олуттуу кабыл алышкан эмес. Кадимки сасык тумоо катары эле көрүшкөн. Эми улуу держава, кантсе да алдын алат дешкен. Эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. Болгону окуу жайлар жабылып, элге эскертүүлөр берилип жатты. Бирок ошого карабай акыркы күнгө чейин кол капсыз, бет капсыз эле топтолушуп жүрүп жатышты. Ушул себептен көбөйүп кетти окшойт. Каза болгондордун көбү иммунитети алсыз, толук адамдар, анан кара терилүүлөр көп деген маалыматтар айтылууда.
Ооругандардын саны дароо көбөйүп кеткенинин дагы бир себеби – жарандар өз каалоолору менен тест тапшырып жатканында да болуш керек.

– АКШдагы мекендештерибиз кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатышат?
– Мигранттардын баарында эле окшош көйгөй. Батир акысын берүү, насыя төлөө, ишин жоготпоого аракет кылуу, ден соолукту жакшы кароо сыяктуу маселелер бар. Азыр ишканалар жабылып жатканына байланыштуу көбү ишсиз калды, кыскартуулар болууда.

– Эл паникага түшкөн жокпу?
– Паника жок. АКШнын жарандарына социалдык жакшы шарттар каралган. Мамлекет тарабынан иштебей үйдө отургандарга ири суммада акча бөлүнөт деп жатышат. Ошондуктан бул жакта жарандар ток пейил жүрүшөт. Супермаркеттерде азык-түлүктөрдү көп алып жатышканын байкадым, бирок азык талашып бири-бири менен урушмай жок.
Бул жакта ар бир штат өзүнчө бир мамлекеттей, өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Нью-Йорк шаарында имараттар өтө тыгыз жайгашкандыктан ооруну жугузгандар көп. Айыгып чыккандар 3 пайызды гана түзүп, өлүм көп катталууда.

– Тийиштүү эмдөөлөрдү алгандар коронавирусту оңой жеңет деп да айтылууда. Сиз эмдөө алгансызбы?
– Ооба, эмдөөлөрдүн баарын алганбыз. Грин-карттын талабы менен АКШга кирип келе жатканда эмдөөлөрдү өзүбүз да, балдарыбыз да алганбыз. Ошолордун жардамы тийип, бул дарт бизге тийбей өтүп кетсе деп үмүт кылып отурабыз. Анткени мен үйдө эмесмин, дагы деле иштеп жатам. Антпесе тиричилигибиз жүрбөй калчудай. Бирок адамдар менен контактта болгон жокмун. СМС аркылуу жүктөрдү тактап, алып кетип жатабыз. Ошентсе да бир аз коркуу бар.

– Маегиңизге рахмат! Оорубай, аман жүрүшүңүзгө тилектешпиз!


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(2)
19.04.2020. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик жердеш.
21.04.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коронавирус ерунда,өзүң отурган жериң коркунучтуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо