«ЭКИНЧИ АЯЛЫҢ БОЛБОЙМ!»

№909 7-13-май, 2020-ж.

Тып-тып... Жаз жамгырына кошулуп сен үчүн канча жолу ыйладым экен? Бүркөлгөн маанайыма окшоп күн да ачылбай койгонун карасаң.

Жан дүйнө азабы, жан дүйнө оорусу. Бул сөздөрдү мурда уктуңуз беле? Менде азыр ошондой абал. Бул ооруга даба издеп жүргөнүмө канча болду. Бири «жер котор», бири «башкага жолуксаң эле айыгасың» дешет. Башканын бирине эмес, жүзүнө жолуктум. Жардам беришкен жок. Алар анестезия сыяктуу, ооруңду убактылуу басканы менен, бул азаптан толугу менен чыгара алышпайт. Жер которуп, тиги өлкөдөн бул өлкөгө барып иштеп жүргөнүмө да 5 жыл болду. Кетем да, унута албай сагынып кайра келем. Бул жиндилик деги эле айыкпас оору окшойт.

Руслан, сага өмүрүмдүн 12 жылын арнап коюптурмун. Намысым тебеленип, жан дүйнөм үшүп турганда жолукпадың беле. Өмүрүм бычактын мизинде турганда бооруңа тартып алып, муздап калган жүрөгүмдү жылыткансың. Көз жашымдын себеби көбүрөөк сен болсоң да, сага жолуктурган тагдырга ыраазымын.

19 жаштагы сулуу болчумун. Ала качып кетишти. Апама жалбарсам да отургузуп салды. Кадырыма жете албаган бир келесоого аруу денемди уйпалаттырып койду. 1 ай өтүп тагдырыма моюн суна баштаганда күйөө сөөрөйүм ата-энеси каршы чыгып, үйлөндүрбөй койгон сүйлөшкөн кызын үйгө жетелеп келип, мени кууп чыкты. Күнөөсүз жаш кыздын тагдырын бир заматта ойрон кылып, «бир базардан өткөн» деген атты жармаштырып койду. Бул 30 жаштагы эркектин жоругу болчу. Тагдыр дептеримдеги жашоомду астын-үстүн кылган өмүрүмдүн бул сүртүмү эң оор сыноолордун бири болчу.

Көп өтпөй сен пайда болдуң. Жашоомду курчап алган сур булутту сүрүп таштадың. Сүйүү бердиң, сүйдүрүп алдың. Сени менен чыныгы сүйүү даамын таттым. Экөөбүз сонун күндөрдү өткөрдүк. Бирок... Эх, башында бир эле «бирок» бар эле. Экөөң биригип алты «бирок» жасап койдуңар го... Хе-хе. Аргасыз күлөм да. Жапжаш туруп 5 балалуу болуп алганыңа таң калам. А экөөбүздүн кызыбыз чарчап калбаганда алтоо болмок. Бирок, сага билбейм, мага «бирок» болмок эмес. Бизди таштап кетсең да медер тутуп, азыркыдай жалгыз калмак эмесмин.

Чакырдың, темселеп дагы бардым, дагы уруштук. Ачуу сөздөрүбүз менен бири-бирибизди таарынтканды адат кылып алгандайбыз.

– Мен сага канча жолу айтам, ортодо 5 бала бар. Ал бала кезимден бери, эч нерсеге жете элек кезимден бери чогуу жашап келе жатат. Жанымда болуп, кыйынчылыктарга чыдады.

– Мага жолукканда деле 20дагы жигит болчусуң. Балалуу боло элек болчусуң... Мен ага окшоп жаныңда болгон жокмунбу? Жашооңдо ушунчалык ордум жокпу?!

– Барсың, жүрөгүмдөсүң...

– Урдум сенин жүрөгүңдү!

– Эмне каалайсың менден?

– Сени менен жашаганды.

– Мына, баарын белен кылып берейин. Үстүңдө үйүң, алдыңда унааң болот. Камсыздап турам. «Пацан» сыяктуу сага жашырынып жолуккандан тажадым. Ачыкка чыгалы. Ата-энеңдин алдына түшүп алып кетейин. Экинчи аялым бол.

– Экинчи аялың болбойм! Ата-энеме мени уят кылба. Макул болушпайт. Атам үйгө киргизбей кууп чыгат...

– Андай болсо, мындан артык эч нерсе кыла албайм, кечирип кой...

– Менин ата-энеме досуң менен барып, алдынан өтүмүш болот экенсиң. Сенин ата-энең, аялың бейкапар, эч нерседен кабары жок отура берет турбайбы. Жаш баладай жашырынгандан тажадым дейсиң анан..

– Кийин баары болот да. Азыр мени түшүнө турчу. Сени дагы кетиргим келбей жатат. Качанкыга чейин бөтөн жерде тентип, келип-кетип жүрө бересиң? Эгер дагы кетчү болсоң, анда болду, кайрылба. Ушундай мамиледен улам түгөнүп баратам.

– Кайрылбайм, экинчи аялың да болбойм! Мен да тажадым! Мен да түгөнүп баратам. Жигиттерди чекесинен чертип, тандап тие турган сүлкүлдөгөн 20-25 жаш курагымда коё бербей койгонуңа ким жооптуу?

– «Башкаларды карап көр, сүйлөшүп көр» дечү элем го.

– Ха-ха. Өзүңдү угуп жатасыңбы? Жигиттер менен таанышсам, аларды коркутуп жолуна салган ким?

– ...

Биздин акыркы жолуккандагы сүйлөшүүбүз ушул болду. Үйгө келдим, баягы сары чемоданыма кийимдерди салыштыра баштадым. Чемодан жансыз болсо да көкүрөгүмө толгон арманымды угуп, кийимдерим менен кошо салып жүргөндөй. Самолёттордун жүк салынуучу бортуна ыргытылып жатып, эскилиги жетсе да ыргыткым келбейт. Тагдырлаш болуп жанымда жүрө берсинчи. Ансыз да кең дүйнөдө жалгызмын.

Мен да бирөөнүн көптөн бери издеп жүргөн кабыргасы болсом керек. Ага жолуксам, аппак чемодан алдырам. Ошондо эски жашоом менен кошо сары чемодан, сени ыргытам, ошондо таарынба, ээ?..

Нуриза


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(9)
20.04.2020. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыскасы, Бир ХХХХХ экен да. Уй булоосун бузганга жакшы эле аракет кылыптыр. Бактылуу бол Эми ,башы бош жар таап!
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-28 10:55:23
20.04.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мдаа... Сендейлер коп азыр... Уй-було бузулгандан кудай сактасын!
21.04.2020. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыпчылып бироонун уй булоосуно
Кантип ажырашса э4ен деп кутот ушундай таш боорлор.
21.04.2020. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйбөгөн менен түбөлүк жашагыча,сүйгөнүң менен бир күн жашаганың артыгыраак.
22.04.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бычак мийизиндеги омур качан чыгат
22.04.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Порталга жаны кошулгандарга салам
22.04.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо, сериалдар качан чыгат?
23.04.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беш баланы атасыз калтырып кантип бактылуу жашайсын,эзилип эстей бербей озунду колго алып тенинди тапсан ошого эле турмушка чыгып бактылуу жаша. Бироонун кайгысынын устуно бакыт кура албайсын
25.04.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
12 жылы бекерден бекер отуп кетиптир да, майып кылып алыпсын озуну. Эркекке баарибир, балдары бар экен сени жон гана керек болгондо пайдаланып гана журуптур да. Аягында нени уктун анан,бирок жалко. Ошо эркегин да жерге гирсин ушунча жыл сени кармаган. Аягында тааныбай ыргытып кете беришет, ишенген балдары аялы турат да себеби.Сени ойлобойт эч качан, сен олсон сени ал комбойт, духу жетпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо