Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЯЛДАР БАКТА ОРУНДАЛАТ...

№410 10-16-сентябрь, 2010-ж.

Арабызда өмүрүн бакты бапестөөгө арнаган адамдар бар. Алар бир ооздон “кыялдар жомокто, чыныгы жашоодо да эмес, бакта орундалат” дешет. Сизди бак жөнүндө баарлашууга чакырабыз.

ЛАНДШАФТ ДИЗАЙНЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Үйгө кирерден мурун алгач короого көзүң түшөт. Ал жерде азыр түшүмүн көтөрө албай ийилген бакты же түрдүү гүлдөргө толгон өзүнчө чакан дүйнөнү көрүүгө болот. Бирок бактын өзгөчө кооз болушуна көңүл бурган кожоюн жана кожойкелер жок эмес. Тактап айтканда, алар ландшафт дизайны менен алектенип, аткарган ишинен ырахат алышат.
Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Кытай жана Японияда курулушка чейин үй менен короонун долбоорун чогуу түзүшөт. Дүйнө боюнча ландшафт дизайны тармагында Кытай менен Япония эч кимди алдыга чыгарбайт. Ландшафт дизайны бул – турак үйдүн айлана-чөйрөсүн жасалгалоо. Короону көз суктанган деңгээлге жеткирүү үчүн кээ бирлери атайын адистерге кайрылышат. Бирок көпчүлүгүн же баарын өз колу менен жасагысы келгендер бир колуна күрөк, экинчисине чырпык көтөрүп алып, бак аралап жөнөшөт.

ТАРТИП ЖАНА ТАБИГЫЙ БАШ АЛАМАНДЫК
Кийимдин классикалык жана спорттук стили болгондой эле, сиздин жер тилкеңиздин дагы өзүнчө стили болушу керек. Биринчиси, мезгилге жараша өзгөрүп туруучу бак. Демек, короодогу ар бир гүл же бадалдын дагы өз орду болот. Эгерде түрдүү форманын ичинде кылдат отургузулган гүлдөрдү көрсөңүз, анда ал ушул стилде жасалганын билүүгө болот. Экинчиси, пейзаж же жалкоолордун стили. Демек, баары табигый болушу зарыл. Анда гүл жана бадал каалаган жеринде өсөт. Бакта отургузулган өсүмдүктөр дагы белгилүү формага салынып кыркылбайт.

БАК ҮЧ БӨЛҮКТӨН ТУРАТ

  1. Бактын кире бериши. Бул жер бактын стили менен шайкеш болушу шарт. Кантсе да босогонун аты улук эмеспи, андыктан буга көп көңүл буруу керек.
  2. Чарба аянты. Бакча менен короодо жайгашкан курулуштардан турат. Бактын аймагы менен чарба аянтын бөлүп, ортосуна бадал өстүрүү кажет.
  3. Жеке аймак. Бирөө менен баарлашууга же жалгыз калууга ыңгайлуу болгон бактын борбордук бөлүгү. Бул жерди чоочун көздөрдөн алыс кылууга аракет кылыңыз. Ал үчүн маектешүүчү жайдын тегерегине бадал тиксеңиз болот.

КЫСКА, БИРОК НУСКА КЕҢЕШТЕР

  • Зыяндуу курт-кумурскалардын айынан гүл же бадалыңыздын куурап калбашын кааласаңыз, анда жанына сарымсак отургузуу сунушталат.
  • Эски ваннаны ыргытпаңыз. Жер­ди казып, кара түскө боёлгон ваннаны жайгаштырасыз. Ичин сууга толтуруп, че­тине гүл отургузуп салса, көргөн көздү ку­бандырат.
  • Бактагы отургучтун тегерегине төө буурчак жана жүзүм тиксе, сыртынан абдан кооз көрүнөт.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
11.09.2010. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун экен
12.09.2010. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jakty)--soonun eken..
16.09.2010. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo aiabai kooz eken delfinder!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо