ТАЖИКСТАНДАН КЕЛГЕН ҮЙ-БҮЛӨ 6 ЖЫЛДАН БЕРИ 5 БАЛАСЫ МЕНЕН ГАРАЖДА ЖАШАЙТ

№909 7-13-май, 2020-ж.

Ар кимдин жашоо тагдыры ар түрдүү. 1000 сом бирөөлөр үчүн бир түшкү тамактануу болсо, бирөөлөргө үй-бүлөсү менен 1 апта жечү азыктын баасы. Андай үй-бүлөлөр карантинге байланыштуу күнүмдүк тамак-ашын таап жей албай мусаапыр болуп турган чагы. Биздин бүгүнкү каарманыбыз 6 жыл мурун үй-бүлөсү менен Тажикстандын Исфара шаарынан Бишкекке жакшы жашоо издеп келип, ошондон бери баш калкалаар жери жок, гаражда күн кечирип келишет.

ТАЖИКСТАНДАН БИШКЕККЕ САПАР...

– Менин аты-жөнүм Махабат Сатыбалдиева, 44 жаштамын. Өзүмдүн кичи мекеним Баткендин Самаркандек айылы. Тажикстандын Исфара шаарында жашаган кыргыз жигитке турмушка чыгып, ошол жакта жашап, 6 балалуу болдук. Жолдошумдун ата-энеси жок, жетим бала. Тажикстанда биз абдан кыйналып жашадык. Электр жарыгы эртең менен 2 саат, кечинде 2 саат гана берилчү. Суу жок, кошунабыздан суранып, кудугунан суу алып ичер элек. Жолдошум мураб болуп иштеп бизди багып жүрдү. Мен балдар менен үйдө болуп, эч жерде иштечү эмесмин.

Бир балам төрөлгөндөн эле оорукчан болуп жарыкка келди. Талма сыяктуу оорусу, анан дагы жүрөк оорусу бар. Дагы бир кызым да ооручу экен. Биз билбей жүрө берген экенбиз, 2011-жылы кечинде жүрөгү ооруп, ошо бойдон турбай калды.

Жашоодон кыйналганда жолдошум экөөбүз акылдашып Бишкекке келмек болдук. Анткени кызыбыздан кийин коркуп калдык. Тиги ден соолугу начар балабызды күчтүү дарыгерлерге көрсөтүп дарылаталы дедик. Бишкек чоң шаар эмеспи, мүмкүн, жакшы иш таап жолдошум иштеп калса жашообуз оңолор деп ойлодук. Ошентип 2013-жылы борбор шаарга келдик. Балабызды доктурларга текшертип, 2014-жылы жүрөгүнө операция жасаттык. Көрсө, анын оорусу жүрөк кемтиги экен. Маалы келген сайын доктурларга көрсөтүп, дарылатып турабыз. Шаарга келгени жолдошум күнүмдүк иштерге чыгып, бизди бакканга аракет кылып жатты. Күзүндө Маевканын жогору жагындагы талаа иштеткен ишкерлерге жалданып иштеп, акча таап жаттык. Пияз, помидор, болгар калемпирин терип, сорттойбуз. Кечинде буйруган акча менен колго берген жашылчалардан алып келебиз.

“ГАРАЖДЫ ТУРАК КЫЛЫП ОТУРАБЫЗ”

– Бишкекке келгенде 1 жылдай ар кайсы батирде жашап жүрдүк. Акыры бизге бирөөлөр "Маевка конушунда бир гараж бош турат. Ээсин таап сүйлөшүп көрбөйсүңөрбү" деди. Биз кожоюнун таап сурасак "жашай бергиле" деп макул болду. Гараждын ичи бир бөлмө, полу жок, андыктан ичи абдан сыз. Кышында бир аз көмүр алдык эле, ошону үнөмдөп жагып, кыштан араң чыктык. Чакан меш коюп, морун шыпты тешип чыгарып койгонбуз. Жолдошум карантин болгондон бери үйдө болуп, жашообуз ого бетер начарлап кетти.

Учурда бул жерде 4 балам, жолдошум, анан турмушка чыгып ажырашып келген кызым жана анын 2 айлык баласы болуп чогуу турабыз. Мектепте 2 балам окуйт, бири 2-класста, бири 5-класста. Карантинге байланыштуу азыр окуучулар үйдөн окуп жатышпайбы. Биздин антип окутканга мүмкүнчүлүк жок, анткени бизде талапка жооп бергендей телефон да, интернет да жок. Өкмөт бизге окшогон телефон эмес, нанга жетпей отурган үй-бүлөлөр тууралуу ойлонду бекен?

Үйү бизге жакын жайгашкан балдарымдын классташтарына барып, алардан жазган сабактарын, тапшырма дептерлерин алып келип берем. Ошол боюнча окуп, жазышат. Же алардын үйлөрүнө барып окуп келишет.

“КҮНҮГӨ КАРТОШКА...”

– 5-класста окуган баламдын бөйрөгү ооруйт. Менин да бөйрөгүм менен буттарым оорутат. Бул биздин сыз жерде жатып жашаганыбыздан го дейм. Кээде отуруп бир нерсе болуп кетсем менсиз кандай күн көрүшөт деп ойлоп коркуп кетем. Канча бир тууган болсоң да ар жалгыздык башта бар дегендей, бир туугандарым өз жашоолору менен өздөрү. Ата-энем кары адамдар, пенсиялары менен күн көрүшөт. Айтайын дегеним, алардан жардам күтө да албайм.

Жашообуз ушундай экенин билген айрым кайрымдуу адамдар анда-санда жардам кылып калышат. Биз жашаган жактагы дүкөндүн ээси бизге сүттү дайым бекер берет. "Силер да бир күнү жакшы жашоого жетесиңер. Бул күндөр да өтөт" деп көңүлүбүздү көтөрүп турат.

Бүгүн үйдө "балдарга дагы картошка бышырып беремби?" деп кейип отургам. Анткени башка азык жок, күнүгө картошка жей берип балдар да тажашты. Анан эле кайрымдуу адамдар келип бир топ азык-түлүк таштап кетишти. Өтө ыраазы болуп калдык. Жардам бергени келгендер биздин жашоо абалыбызды көрүп ыйлагысы келип кетти.

Бизге чалып, ал-абалды сурап кабар алганыңыздарга рахмат. Эми колунда бар жакшы адамдар колдоо көрсөтүп калар деген үмүттөбүз. Балдарым, жолдошум иштеп акча таап баштаса жашообуз оңолот деп ишенем.

Жардам берүүнү каалоочулар төмөнкү телефонго кайрылса болот: 0771 22 43 05

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(7)
01.05.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол гаражды деле жууп тазалап тыпыйтып отурса болотго. Кечирин эже таза жерге береке келет. Мине коп каробка коп каробкаларга салып тыпыйтып 10сомго аки таш алып келип актап таптаза отурсаныз деле болот. Эриниз тытмаланып таап келет экен ошол кечинде келгенде бироонун гаражы болсода таза жылуу болсо жакшыда.кечирин эже бирок
02.05.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ainura220888,Бирөөнү сындоо туура эмес,бирок сөзүңүздө калет жок мен да сизге кошулам.Аял киши кичине тазалыкка көңүл бурса!
01.05.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып эле үйрөтүп келет окшойм кантип жашашты, ой тазалыкты.... ужассс чын эле жаман көрбөсүн бардак экен жашоо. аялда тазалык болбосо эркектин тапканы бекер. күйөөдөн ажырашкан кызы деле зыңкыйтып жыйып койсо болот да үйдү.
01.05.2020. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Исфарада жашаган уйлору жок бекен эле. Тажикстанда уй эмес курук жер кымбат. Исфарада уйу болсо сатса Кыргызстандан 2 уй келмек
01.05.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобоо тыпыйган жерди тыпыйтып тазалап отурса болбойбу.Эрден ажырашкан кызы жок дегенде уйду жыйнап отурса болмок.Кечиресиз го жыйналбаган жер эч кимге жакпаса керек.Береке да качат .....бул менин оюм
01.05.2020. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардамын аябаган жакшы инсандар коп,бул кундор да отот балдарыныз чонойсо баары жакшы болот.
04.05.2020. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kedei jashasanar emnege 6 toroisun jatip alip ele toroi beresinbi oilonboisunbu kichine baldarga boorum ooruit da minda akili kem ata enelerdin aiyinan azap chegip
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо