Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТИЛИҢЕ ТИБИРТКЕ ЧЫККЫР! же туура эмес котормолор тууралуу

№410 10-16-сентябрь, 2010-ж.

Мезгил үнү

Учурда тамак-аштын, тиричилик буюм­дарынын,кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле банктардын түрлөрү көп. Андыктан Бишкекте буларды жарнамалаган көрнөктөр да толтура. Бирок алардагы туура эмес котормолор, орфографиялык жана грамматикалык одоно каталар зээнди кейитпей койбойт.

АШКАНАДААЖАЙЫП МААНАЙ...
“Ката жазылыптыр” деп оңдогуңуз келип кеттиби, окурман? Мына ушундай ката Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиричилик буюмдары жарнамаланган көрнөктө бадырайып турат. Сыягы, жарнама берүүчүлөр буюмдарды жарнамалагандан тышкары элди жаңылмачты бат айтып үйрөнүүгө даярдап жатабы деп кетесиң. Анан эмей, ашканадаажайып деп эки сөздү кошуп окуп жатпайбызбы...

ЖАШОО ЫРЫХАТЫ
Бул көрнөк да Манас кең жолунда илинип тура берип өңү оңуп кетти. Ушул аралыкта миңдеген шаардыктар, сырттан келген кыргыз боордошторубуз жарнактагы “Жашоо ырыхаты Халык Банк менен” дегенди окуп, далысын күйшөп өтүп жаткандыгы анык. “Ырыхаты” деген казак сөзүбү дейин десең, жарнама кыргыз, орус тилинде гана жазылып турат.
Анан “ырыхаты” деген сөздү чыгара койгондорунан улам кең Бишкекте кыргыз тилинде сабаттуу жаза алган бир адамдын табылбаганына бир жагынан таң калсаң, бир жагынан кыжырданбай койбойсуң.

ТАШ ПИЯЗ, ТАТЫ МАЛ
Шашып калганда же жалкоолонгондо даяр чүчпара ала коюп бышыра салуу – кадыресе көрүнүш. Бул жолу колубузга “Достук” чүчпарасы тийди. Артындагы кыргызча котормосун карап, төмөндөгүдөй жазууларга көзүбүз түштү:
Курамы: Уйдун эти, малдын майы, таш пияз, мурч, ун ж/с, жумуртка, туз, таты мал.
100 г азыкта: белок – 15 г, май – 20 г.
Энергетикалык баалуулугу – 360 ккал.
t -10 С 1 ай ашарбай сокталсын;
t -18 С 3 ай ашарбай сокталсын.
Эми, окурман, өзүңүз калыс болуңуз, таш пияз деген сөздөн бир нерсе түшүндүңүзбү? Пиязы го түшүнүктүү, бирок ташы эмнеси деп желке кашып калдыңызбы? Биз да окуп алып ошондой абалда болдук.
“Таты мал” деген сөз качантан бери минтип экиге бөлүнүп жазылып калган?” деп баш чайкайсың.
Ал эми “ашарбай сокталсын” деген сөз айкашы кайдан келген? Муну окуп, тили жаңы чыгып, чулдурап сүйлөгөн баланын же башка улуттун тили менен жазылганбы деп кетесиң.

ТАРТТЫРУУЛАР, ГЕПИЛДИГИ МЕНЕН
Байтик көчөсүндөгү бул көр­нөктөгү “тарттыруулар” деген сөздү окуп, “эмнени тарттырат?” дейсиң. Орусчасын окуганда гана сөз спорт оюндарын башка жактан алып көрсөтүү тууралуу болуп жатканын баамдайсың.

Киев көчөсүндөгү бул жарнакта “бижутериалардын”, “гепилдиги”, “женил” жана “ондоолору” деген туура эмес жазылган сөздөр бар. Баарынан да “кепилдик” деген сөз качан эле мурдунан сүйлөгөн маңкалардын сөзү сыяктанып “гепилдик” болуп калганына таң каласың. Ошондой эле «ондоолору» деген туура эмес котормонун ордуна «оңдоо кызматы» деп жазылса болмок. Анан да оңдоолор качан эле оор, женил деп айтылчу эле? “Оңдоого кыйын”, “оңдоого жеңил” деп айтылып келе жатканы маалым эмеспи. Ал эми “бижутериалардын” деген сөздүн туура жазылышы “бижутериялардын”, бирок кыргызча “асем буюмдар” экендигин айта кетели.

Минтип кыргызча сөздөрдү каалагандай бөлүп жазуу же бириктирип салуу, орусчадан которо албай калса, каалаган сөзүн жазып таштагандык – тилди кордоо эмеспи. Жарнама ээси (же ишкана ээси) орус болобу, кыргыз, дунган болобу, текстти туура котортуп, туура жаздыруу – бирдей талап. Ошол талаптардын аткарылбай жатканына ким күнөөлүү?

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(12)
10.09.2010. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала молдо дин бузат, чала сабат эл бузат болуп жогорудакы абалды окуп алып менин да таңдайым такылдап кетти, борбор калаа бишкекте таза кыргыз тилин колдоно албагандыгын, Эне сүтү менен бүткөн эне тилинин маани маңызын билбегенин далилдеп, өтө эле
10.09.2010. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өтө эле кейитерлүү абал, бир адам казган кудуктан миң адам суу ичет, суу ичкен кудукту өзүбүз ылайлабайлы, эртеңки урпактарга асыл салтыбызды, тилибизди таза бойдон калтыралы.
11.09.2010. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик тил агенттиги эмне жумуш кылат болду экен ушуларды карабай?
11.09.2010. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо- силер суперсиңер! Котормочу "киргиз"дерге сооп болот!
11.09.2010. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеткен туркойчулук
озунун эне тилин сыйлабай жун баштардын тилин менен суйлоп аны туу тутуп жургондорго жол болсун.
ошондуктан расмий тилди да орусча кылбай кыргызча кылуу керек.тил жонундогу проблемалардын баары адамдар озунун тилин таштап коюп башка улуттун ти
11.09.2010. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тилин колдоно баштаганда пайда болот.
жада калса кээ бир форумчулар эне тилин билбей тургансып орусча аралаштырып жазышат. орусчаны колдонуу аброй эмес туркойчулук
12.09.2010. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TUURA AITASINAR ozubuzdun tilibizdi ozubuz baalabasak,kim baalait?ORUSTARBI JE OZBEKTERBI jE KAZAKTARBI.MISALI OWTUK JERDEWTERIM MENEN SYILOWSOM kanaatanbaim kadimkidei tili burulup kalgan jakwi da tywynboim,boorum ooruit alarga korkondorunan uwintip syilop kaliwkan go ozbekterden dep da oilop ketem.Kapa bolbogula owtuk tuugandarim til maselesi jonundo gana aitip jatam.
12.09.2010. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо туура таапсынар озу кыргызстанда баардык жарнамаларды кыргыз тилинде эч кандай граматикалык каталары жок жазып илишин талап кылыш керек кыргыз тилин жоготпойлучу кыргыз туугандар
13.09.2010. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги ушул жарнамалардын создорун ким которот болду экен....
"Айдагыны беш эчки ышкырыгы таш жарат" болуп, создорду так жана маанилуу которгонду билбеген сон, анда билгендерге кайрылуу абзелго...!!!
14.09.2010. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аселькин билесинби, аларды шаарда оскон, чала кыргыздар которот!
18.09.2010. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карап отуруп, же таныркарыны же кулоруну билбейсин... Ушундай кантип болсун?! Мектептен 11-классты орто баа менен буткон окуучу деле мынчалык ката жазбаса керек Кыргыз тилин. Анан ошол жарнама берип жаткан билимдуу, илимдуу эле адамдардын билим денгээли ушунча ылдыйбы? Уят!!!
14.03.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас. менда бир магазиндер "еркек кийимдери" дегенди окуп алып кирип ичинде отургандарды урушканмын. эртеси барсам ондоп коюшуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо