Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИРДИК САЛЫП КОЮҢУЗ!

№410 10-16-сентябрь, 2010-ж.

Тамаша тор

Өткөн саныбызда эле бирдик жүктөтүп, карапайым элдин чөнтөгүнөн эч бир себепсиз акча өндүрүүнү өнөкөткө айланткан шылуундар тууралуу жазганбыз. Эми бул жолу ошого окшош сценарий менен шоу-бизнес өкүлдөрүнүн айрымдарына кайрылдык. Алардын бири ишенбей күлсө, экинчиси катуу жинденди.


«КАЧАНТАН БЕРИ ЭЛДИ ОЙЛОП КАЛГАНСЫҢАР?»
Чү дегенде эле куудул, ырчы Жеңиш­бек Айтиевдин телефон номерин тердик.
– Ассалоому алейкум.
– Алейкума ассалоом.
– Менин атым Азамат. Бишкек мэриясынан чалып жаттым эле.
– Азамат, Бишкек мэриясынан?.. Угуп жатам.
– Уккансыз да, жакында Бишкектин шаар статусун алган күнү белгиленет.
– 128 жылдыгы беле?
– Ооба, ошого карата элдин турмушун жакшыртуу үчүн бир долбоор иштеп чыкканбыз. Сиздин уюлдук телефонуңуздун номери утушка ээ болду.
– Ийи.
– Эки камералуу муздаткыч.
– Анан.
– Мэрияга келип документтерди толтуруп, муздаткычыңызды алып кетиңиз.
– Жакшы, жакшы, мен Оштомун да...
– Атыңыз ким болот?
– Менин атым Жеңишбек болот.
– Жеңишбек, анда биздин номерге бирдик сала аласызбы?
– Эмнеге?
– Сиз Ошто болгондуктан, биз сиз менен телефон аркылуу документ толтурабыз.
– Жок, сала албайм. Башка бирөөгө берип сала бергиле.
– Өзүңүз Бишкекке качан келет элеңиз?
– Жумуш чыкканда эле барбасам, барбайм деле.
– А бул жакта туугандарыңыз, досторуңуз жокпу?
– Жок. Алардын баары айылда, Орусияда.
– Анда эмне кылсак экен?..
– Мен ыраазымын, башкага өткө­рүп коё бергиле же менден эстелик болуп калсын, силердин эле компанияда кала берсин. Кыргызстанга кошкон салымым ушул.
– Макул, байке, фамилияңыз ким болот?
– Жантөрөев (куудул досу Рысбек Жантөрөевдин фамилиясын уурдап алды окшойт).
– Макул, жакшы туруңуз, биз дагы байланышабыз.

Арадан жарым саат өткөндө кайрадан байланышка чыктык.

– Саламатсызбы, бул Же­ңишбек бекен?
– Ооба, угуп жатам.
– Мэриянын бир кызматкери сиздин утушуңуз жөнүндө айткан экен. Сиз андан баш тартыпсыз. Биз “беш абонент баш тартты” деп документ толтуруп, жетекчиликке бердик. Жетекчилик “албайм десе, даректерин алып, машина менен жеткиргиле” деп жатат. Дарегиңизди айтсаңыз, жазып алайын.
– Дарегимди бере албайм. Качантан бери элдин камын ойлоп калгансыңар?!
– Жаңы бийлик элдин турмушун көтөрөлү деп чоң аракет жумшап жатса, сиз кандай түшүнбөйсүз?!
– Ош кыргыз драма театрынын маңдайындагы "Кыял" кафесин Жаңыбай досум иштетет. Жаңыбайга таштап койгула, мен барып алам.
– Жаңыбайдын телефон номерин берсеңиз...
– Тү-үт, тү-үт (катуу жини келди окшойт, айтор, телефонун өчүрүп салды)...


«ЭЧ КАНДАЙ ЛОТЕРЕЯ ОЙНОГОН ЭМЕСМИН»
Чолпонайга Түркияда эс алууну сунуштадык.
– Саламатсызбы?
– Жакшы.
– Биз “Айзирек” компанияcынан чалып жатабыз. Сизге сүйүнүчтүү кабарыбыз бар.
– Угуп жатам.
– Биздин жүр­гүзгөн акциянын жыйынтыгында, сиз утушка ээ болдуңуз.
– Мен эч кандай лотерея ойногон эмесмин.
– Биз да эч кандай лотерея ойноткон жокпуз. Болгону, сиздин уюлдук телефонуңуздун номери Түркияга он күндүк эс алуу билетине туш келди.
– Мындай оюн жөнүндө жарнама көргөн жок элем...
– Биз ар бир абонентке СМС билдирүү жөнөткөнбүз. Сиз оку­бай калган окшойсуз. Он күн­дүк эс алуу билетинин ичинде жол­дун акчасы, түнөй турган мейманканаңыз, тамак-ашы бүт бар. Чөнтөгүңүздөн бир сом да чыкпайт.
– Сонун жаңылыгыңыз бар экен.Менден эмне керек?
– Кеңсеге келиңиз, атыңыз, фа­ми­лияңыз ким?
– Чолпонай Кенжекулова.
– Паспортуңуздун номери кандай? Мен документ толтура берейин.
– Жанымда паспортум жок, номерин билбейм.
– Мейли анда. Келишим түзгөн Түркиянын компаниясы менен сүйлөшүп турганга ушул телефонго 300 бирдик салып коюшуңуз керек.
– Бирдик дейсизби?! Бүгүн байланыша албасам, эртең байланышам, жакшы калыңыз.

Эки сааттан кийин Чолпонайдын продюсери Эрнист чалды.

– Здравствуйте (Эрнист экенин дароо тааныдык).
– Саламатсыз.
– Вы утром моей жене СМС отправили, про поездку.
– Ооба, билетти алып кеткиле.
– У вас что за компания?
– Биздин компаниянын аты – “Айзирек”. Эки жылдан бери иш алып барабыз.
– А-аа, түшүнүктүү, жакшы калы­ңыз. Тү-үт, тү-үт...


«АЛДАМЧЫЛАР, ҮЧҮНЧҮ ЖОЛУ ЧАЛЫП ЖАТАСЫҢАР!»
Андан кийинки торду Бекчорого ыргыттык.
– Алло, кутмандуу күнүңүз менен!
– Саламатчылык.
– Сизди куттуктайбыз!
– Эмне менен?
– Чоң утушка ээ болдуңуз, сүйүнчү!
– Болсун, болсун, оозуңарга май.
– Биз “Жаңы толкун” радиосунан чалып жаттык эле. Ачылганыбызга беш ай болду. Угармандар аудиториясын чоңойтуу үчүн абоненттер арасында утуш лотереясын ойнотконбуз. Номериңиз сизге бакыт алып келди.
– Деги эмне утуп алдым?
– 1995-жылкы Мерседес E-300 автоунаасын. Баасы 7000 доллар турат.
– Аа, жакшы, жакшы. Эмне болгон радиодон дейсиз?
– “Жаңы толкун” радиосу АКШнын “Рeople” компаниясынын колдоосу менен ачылган. Угармандарыбыздын санын өстүрүү үчүн утуштарды да аталган компания коюп жатат.
– Машинаны качан алып кетсем болот?
– Азыр келе бериңиз. Таанышып алалы, аты­ңыз ким болот?
– Айбек (Бекчоро экенин таанып эле турабыз).
– Менин атым болсо Айзирек. Анда убакытты создуктурбай, азыр кеңсеге келип калыңыз.
– Дарегиңерди айтып коёсуңар­бы?
– Раззаков менен Киев көчөлө­рүнүн кесилиши.
– Иий, бирок мен ишенбей турам. Ушуну менен, аферисттер, үчүнчү жолу чалып жатасыңар!
– Сиз эмне жөнүндө?.. Документ толтурууга келесизби?
– Макул, барса барайын.
– Паспортуңузду унутпайсыз ээ, анан ушул номерге 300 бирдик жүктөп коюңуз.
– Мына сага! Дагы башталды! Чоң кыз, жакшы кал, бирдик сала албайм. Тү-үт, тү-үт...


Чынды-калпты койгулаштырган тамашабыздын аягы ушинтип бүттү. Кудайга шүгүр, көпчүлүк телефон алдамчыларынын түпкү максатын түшүнүп калыптыр. Биздин үч каармандын тең бирдик салайын деген ою болгон жок. Жеңишбек мырза: "Укмуш окшоштуруп салат турбайсыңарбы. Мени "лох" кылбагыла дегим келди. Бирок чындап мэриянын кишилери болуп калса, уят болом деп ойлодум",- дейт күлүп. Ал эми Чолпонай менен Бекчоро утушка ишенишпегени менен, баары бир толкунданышыптыр.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
10.09.2010. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашаңар да чыны да элдин башын айлантып бүтмөй болду окшойт.
10.09.2010. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEN DELE IWENMEK EMESMIN.
11.09.2010. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ишенбейт болчум. Азыркы заманда озундон башка эч кимге ишенбеш керек.
11.09.2010. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы нерселерди таап алышкан. элдин башын оорутуп
11.09.2010. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да төрт ай мурун мени да ушинтип(кир жуугуч машина утуп алдыңыз)деп алдашкан.
12.09.2010. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da ech kachan ichenbeit bolchum..ehh negizi adamdan aila kachyp kutulbat degen chyn da)..
14.09.2010. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон мындай окуя менде да. Бир эмес эки жолу. Сразу эле белгилуу да мошенниктер экени
17.09.2010. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде 3 жолу болду окшойт.Мага озунуздун номеринизге 3 саат аралыгында 800Б,1000 салып алыныз дегендер болгон.Ишенген эмесмин.
13.01.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким ишенмек эле мындайларга бирдик салып койгула деп наглейтетип жатышса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо