Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛДЫҢКЫ БЕШТИКТЕ КИМДЕР БАР?

№410 10-16-сентябрь, 2010-ж.

Партиялар парады

ЖКдан орун ээлегиси келген партиялар өзүнүн тизмесин БШКга беришкен. Ал КСДПдан тышкары төмөндө берилген партиялардын баарын каттап бүттү. Биз болсо партиялардын алдыңкы беш орунун ээлеген талапкерлери менен тааныштырабыз.

АР ТАРМАКТЫН ӨКҮЛҮН КАМТЫГАН “АТА МЕКЕН”
Аталган партиянын алгачкы беш катарын «локомотивдер» Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер, мурунку вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, бейөкмөт уюмдун директору Наталья Никитенко жана партиянын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев толуктаган.
Андан сырткары тизмеде «Интербилим» борборунун директору Асия Сасыкбаева, «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов, экс-депутат Карганбек Самаков, «Евроазия» департаментинин директору Равшан Жээнбеков, маркум Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова, экс-министр Султан Раев жана башкалар бар.

АКЧАЛУУЛАРДЫ ЧОГУЛТКАН “РЕСПУБЛИКА”
Ишсиз-тишсиз калгандарга салыштырмалуу аталган партиянын өкүлдөрү кайсы бир ишкананын жетекчилери экендиги менен көңүлдү бурат. Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов, Нурбек Алимбеков, Исхак Пирматов, маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова жана Канатбек Исаев алдыңкы бешилтикте. Бирок «свежий экстерден» бул партия да куру эмес. Алсак, тизмесинен экс-министр Бакыт Төрөбаев жана экс-депутат Алтынбек Сулаймановдун баштары кылтыйып көрүнөт.

“АТА ЖУРТ” КЫЗМАТТАН КОЛ ЖУУГАНДАРДАН ТУРАБЫ?
Бул партиянын башкы беш сабын карай келгенде, жалаң эле жумушсуз калгандардын колоннасы көзгө урунат. Биринчи орундагы ИИМдин пенсионери Мыктыбек Абдылдаевден ары ишсиз калган Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Эльмира Иманалиева жана Нариман Түлеевди көрүүгө болот.
Ошондой эле тизмеден “Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова, экс-премьер Данияр Үсөновдун жубайы, экс-депутат Динара Исаева, экс-министр Марат Султанов, Садыр Жапаров, экс-министр Нурлан Сулайманов жана “ак жолчулардын” командасы Нургазы Айдаров, Нарынбек Молдобаев, Ибрагим Жунусов сыяктууларды көрүүгө болот.
Айтмакчы, бул партиянын ызы-чуусу дагы көпкө басылбачудай. Анткени 7-апрелден кийин алардын айрымдарына каршы козголгон кылмыш иштери мыйзамга ылайык убактылуу токтотулуп турат.

РЕВОЛЮЦИЯЧЫЛ ПАРТИЯЛАР – КСДП МЕНЕН “АК ШУМКАР”
«Ата Мекен» партиясынан тышкары жогорудагы эки партиянын лидерлери 7-апрелден кийин бийлик башына келишкен. Алардын лидерлери былтыркы жылы президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктары менен да окшош.
КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевден улай Исмаил Исаков, “Акун” жабык акционердик коомунун баш директору Чыныбай Турсунбеков, экс-депутат Ирина Карамушкина жана Сабир Атажанов бешилтикти камтыган.
120нын ичинде экс-депутаттар Асилбек Жээнбеков, Дамира Ниязалиева, Галина Скрипкина, Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын ички иштер бөлүм башчысы Курсан Асанов, “Дордой” ассоциациясынын төрагасы Мамытбай Салымбеков жана Роза Отунбаеванын жалгыз эркек бир тууганы Болот Отунбаевдин ысымдары жүрөт.
“Ак шумкардын” алдыңкы беш орунун Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, врач-педиатр Татьяна Пономарёва, Богдан Тагаев жана экс-депутат Гүлнара Дербишева ээлеген.

ГЕНЕРАЛДАР ЖЕТЕКТЕГЕН “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” МЕНЕН “АР-НАМЫС”
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башкы бештигинен Мирослав Ниязов, Адахан Мадумаров, Дүйшөмбү Сооронбаев, экс-депутат Мария Исанова жана Райкан Алканов орун алган. Мурунку «ак жолчулардын» экинчи чоң тобун ушул партиянын тизмесинен жолуктурууга болот. Алар Абдирейим Кулбаев, Рашид Тагаев, Улугбек Ормонов жана башкалар. Ошондой эле ЭлТРдин мурунку башчысы Нурлан Шакиев, ырчы Берадор Борбиев, экс-министр Марат Кайыпов жана алпаруучу Гүлшан Молдоева бар.
Ал эми “темир генерал” жетектеген “Ар-намыс” партиясынын алгачкы беш катарынан Феликс Кулов, Акылбек Жапаров, Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова жана Анвар Артыковду көрүүгө болот.

ЧОҢ ЖЕ ЧАКАН ЭМЕС, ОРТОЗААР
«Акыйкат» партиясынын ТОП-5и спортчу Канатбек Бегалиев, Касым Исманов, Шамиль Муртазалиев, экс-депутат Чолпон Абдуллаева жана партиянын лидери Аликбек Жекшенкуловдон турат.

«БЭКтин» төра­га­лы­гынан Азимбек Бекназаров кеткенден кийин тизменин башкы беш оруну элчи Мамбетжунус Абылов, банкир Муратбек Мукашев, Руслан Бекназаров, Раушан Рыкунова жана Нурлан Чолоев менен толукталды. Кызыктуусу, бул партияда көбү жаштар болсо дагы, тизмедеги талапкерлердин арасында жумушсуздар жок.

«Айкөл эл» партиясынын алдыңкы бешилтигине партиянын лидери Эдил Байсалов, врач Таалайбек Беков, мугалим Дилбар Чокоева, Нооманжан Давыдов жана Татьяна Балаева жазылган. Бул партия башкаларга салыштырмалуу жумушсуз талапкерлери аз экендиги менен айырмаланып турат.

«Замандаш» партиясынын башкы беш сабына анын лидери Муктарбек Өмүракунов, Мыктыбек Батырбеков, Кубанычбек Табалдиев, Топчугүл Шайдуллаева жана Таалайбек Жоробеков кирген. Ошондой эле алардын катарында ырчы, композитор Каныкей Эралиева да бар.

Кыргыз Орус-Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев жетектеген «Содружество» партиясынын алдыңкы беш орунунда Өмүрбек Суваналиев, экс-министр Турусбек Мамашев, Олеся Тугушева жана Шамшыбек Медетбеков турат. Андан сырткары экс-министр Жеңишбек Байгуттиев жана «ак жолчулар» тобу Лейла Сыдыкова, Эрнаст Акрамов, Бегалы Наргозуев, ЖКнын экс-төрагасы Зайнидин Курманов, Орзубек Назаров бар.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
13.09.2010. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул партия же тигил партия, деп кызыккым да келбей калды, мендейден канча?! Иши кылып, аман болсок, деп гана тилеймин! Шайлоого да барбаймын, шайлоого барып бизнесмендерге добуш бергичем андан коро оз жумушумду так аткарганым - бул мамлекетиме кошкон салымым ошол!
14.09.2010. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага эле эмес баарына сезилиптир,Кылычбек Султанов кошулган партияны мактагандай,аны биринчи кылып корсотупсунор,бул туура эмес кадам,мынтсенер чынында коп окурмандардан айрыласынар
14.09.2010. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан да Ата Мекен эле татыктуу партия эместир,башка партияларда деле татыктуу лидерлер бар!
14.09.2010. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер бул саясий гезит эмес, Кылыч байкенер саясатка аттаныптыр деп Ата-Мекенди бир жактуу колдоп ал эми Ата-Журт менен Бутун Кыргызстанды колдогонунар туура эмес... бугун ар бири бирден ири партияны жетектеген А.Атамбаев, Т.Сариев, О.Текебаев, А.Бекназаров, Э.Байсалов кечоо
14.09.2010. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
июнь окуясында эмне жумуш кыла алышты,кыргыз деп элине куйуп от кечип эл башында К.Ташиев, А.Келдибеков, И.Исаков, М.Мырзакматовдор болду... Ак-караны айырмалай турган мезгил келди, ширин созуно эмес аткарган ишине карап баалагыла..
14.09.2010. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fergana.ru га кирип Кадыржан Батыровдун кайрылуусун угуп коргуло, албетте аны мин жолу олтурсо да аз, миндеген адамдын наалатына калды, бирок чындыкты айтыптыр, ош коогаланында убактылуу бийлик окулдорунун салымы бар...
16.09.2010. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин Форумуна adalsvards деген бекчи коюпсунар, ал жакка бизге доступ жок жооп жазганы, окусан ой-жорутканын карап туруп "вундеркинг", мындай таланты менен кор болуп жургон бироо го деп ойлоого болот, Ата-Мекенди ай-кунго тенеп мактап "Ата-Журт", "Бутун Кыргызстан" ж.б. партиял
16.09.2010. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
партияларды шыбап каралаптыр го как будто андан мнение сурагандай, деги силерде адилеттуулук барбы Суперчилер, кызматкерлеринерди карап албайсынарбы...
16.09.2010. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги озунордун кызматкерлеринер ал же бул партиянын тарабын алып башкаларды каралоого тыю сала аласынарбы, Супер саяси гезит болбогон сон, же шайлоонун "грязно" оюнуна силер да аралаштынарбы...
16.09.2010. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче мында Кылыч байкенин да иницативасы болс керек, силерге стыдно болуш керек Суперчилер, саясат деп элге жек корунуп алсанар окурмандардын ишеничин кайра оной менен кайтара албайсынар...
16.09.2010. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan, сиз жаңы катталган конок болсоңуз, чектөөлөр бар.Азырынча конок экенсиз. Жаран даражасына өткөн соң каалаган бөлүмгө каалаганча билдирүү жаза аласыз. Албетте, жалпы эрежелерди сактасаңыз.
16.09.2010. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз жогоруда далили жок деп айтыптырсыз, бул сөзүңүзгө жооп:
"Ата Журт" партиясындагы Камчыбек Ташиев Бакиевдин бийлигинин учурунда Өзгөчө кырдаалдар министри, ал эми Ахматбек Келдибеков Салык инспекциясынын башчысы болуп турган.
16.09.2010. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек, булар мурунку бийликтин өкүлдөрү, экс-чиновниктер болуп саналат. Андан сырткары, бул партияда экс-акжолчулар да бир топ. Аларды экс-чиновник дегенден башка эмне деп атоо керектигине таңбыз.
16.09.2010. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards саясат бөлүмүнө көптөн бери Аким. Ал деле бардык форумчулардай өз оюн билдирүүгө акылуу.
16.09.2010. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгонун болгондой эле жазыш керек да. Тигил мурда бул жерде иштеген, бул "эркек" болчу деп жазгандан эч кандай "күнөө" тапкан жокмун. Кайра жакшы да эл кимге добуш берип алаарын билип алсын. Анын үстүндө депутат (тагынаар айтканда "жеп утат") болчуларды шайло
16.09.2010. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо убагында эле көрүп билбесең, кийин такыр эле куйрук үзүп кетет эмеспи.
17.09.2010. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, Ак-Жолчулар бардык партияда табылат, бирок аларды Бакиевдин тушунда кандайдыр кызматта иштеп калганы учун "черный списокко" кошуу туура эмес, мисалы Ташиевдинубагында МЧС жаны денгээлге которулгонун бардык эл билет... Бакиевчи,жаны деп болуу туура эмес, убактылуу
17.09.2010. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактылуу бийлик кызматта келгени уруш-тополондон башыбыз арыла элек эртен дагыэмне болуп кетет деп... Ар бир адамды жеке сапаты, аткарган ишине карап баалоо керек
17.09.2010. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 эле мисал келтирейли. Султан Раев -Бакиевдин убагында эн коп Министр болуп турган. Ал эми азыр болсо Ата-Мекен партиясында списокто 15 болуп турат. Эми озунор жыйынтык кылгыла.
17.09.2010. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон мисалдар коп. Ар бир партияда кездешет. Азырки Убактылуулар менен иштегендер профессионал болуп, калгандары анда адам болбой калдыбы
17.09.2010. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan, оюнуздан токуп жазганды токтотунуз, бул жакта кай жерде жазылып турат "кара тизме" деп... акты ак, караны кара деген эле туура!
17.09.2010. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aspirinupsa, ата мекенде бир ак жолчу бар болсо, ата журтта андайдайлар кырылып жатат! Даана корунуп турган нерсени кормоксонго салуунун озу пастык!
17.09.2010. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards Кеп анда эмес? Кеп адамдын принципиалдыгында. Эгерде текебаев жана башкалар айткан болсо "ак-жолчуларды" бийлик органдарынан жок кылабыз, алар менен катташпайбыз деп, анда созундо туруш керек!
17.09.2010. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards Мурунку бийликте иштеген саясатчылар, элдин канын тогуп келген бийликке жумуш суранып барган жок. Эркектин башын бийик которуп бийликке каршы чыгып жатат!
19.09.2010. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards, aspirinupsa
Кайдан кордунор Султан Раев Акжолчу болгонун? Бакиев кезинде министр болгон бирок эч качан Акжолго кирген эмес.
Атамекенде бир дагы Акжолчу жок!!!!
20.09.2010. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл катаны кайра кайталабашы учун улам эскертип туруунун эч кандай зыяны жок!
20.09.2010. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qqqqq, Султан Раевди акжолчу деп атаганым катачылык, мен муну менен Бакиевдин кезинде иштеген, т.е. акжолчулардын командасында кызмат кылган дегим келген.
28.09.2010. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улуу урматтуу туугандар)) козубузду ачайлы) бироону ак десе ааа Ак турбайбы же кара десе) ай желмогузкенго бул дебей... Суперчилер силер саясатка аралашканынар билинип эле турбайбы.
06.10.2010. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо дагы, Кыргызстан тынч аман болсун!
11.10.2010. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gazeta bolgondon kiin bardigin jaziwat da,KILI4BEK baike parlamentke kirbese dele jaziwmak da,owonduktan SUPEER INFO da.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо