FINCA БАНК КАРДАРЛАРЫН АРАЛЫКТАН ЫҢГАЙЛУУ ТЕЙЛӨӨ СИСТЕМИН ИШКЕ КИРГИЗДИ

№912 28-май 3-июнь 2020-жыл

COVID-19 эпидемиясына байланышкан жагдай көптөгөн компанияларга жумуш процессине болгон көз карашын кайра карап чыгууга жана санарип чечимдерди ишке киргизүү менен учурдагы жагдайга ылайыкташууга түрткү болду. Кыргызстандын финансы тармагы да булардын катарында. Банктар инновациялык локомативдердин бири катары көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга ар дайым умтулуп келишкен. Бирок азыр карантин шартында жана киргизилген чектөөлөрдүн натыйжасында банкирлерди өз кардарлары жана кызматкерлери үчүн тейлөөнү жөн гана ыңгайлуу кылбастан, кантип коопсуз кылуу керектиги да ойго салды.

Мындай чечимдердин бири жана жалпысынан банк секторун өнүктүрүүдөгү эң маанилүү багыт болуп, аралыктан банктык тейлөө системасын ишке киргизүү саналат. Мында кардарларды аралыктан идентификациялоо маселеси маанилүү ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-майында «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтому кабыл алынды. Мындай чечим эпидемиологиялык тобокелчиликти азайтуу боюнча чаралардын алкагында жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

FINCA Банк Кыргызстандагы алдыңкы финансылык институттардын бири болуп саналат жана биринчилерден болуп өз кардарлары үчүн аралыктан идентификациялоо системасын ишке киргизди.

БУЛ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?

Аралыктан идентификациялоо – бул банк тарабынан кардарды идентификациялоо процедурасы. Башкача айтканда, адамдын инсандыгын аралыктан аныктоо процедурасы. Бул ыкма кардарларга банктын кеңсесине барбастан, финансылык кызматтарды аралыктан алууга мүмкүндүк берет.

Эгерде мурда банкта жаңы кардарды каттоо үчүн ал кардар өзү милдеттүү түрдө катышуусу керек болсо, азыр үйдөн чыкпастан эле тейленүүгө жана көптөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга болот.

Бул үчүн кардар FINCA Банктын расмий сайтына кирип, онлайн каттоодон өтүшү жетиштүү. Ал жерде кардар өзүнүн жеке маалыматтарын тастыктагандан кийин банк кызматтарын колдоно алат. Бул кардарлар үчүн да, кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу жана коопсуз ыкма.

Биринчи этапта FINCA Банктын кардарлары төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан туташтыра алышат:

  • FINCA Элсом мобилдик капчыгы;
  • FINCA Элкарт улуттук картасы;
  • Интернет-Банкинг кызматы.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бул тизмеси дайыма кеңейтилип турат жана аны менен кардарлардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү тез жана ыңгайлуу колдонуу мүмкүнчүлүгү да көбөйөт.

Бул жаңы ыкма кардарлар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат, ошондой эле алыскы аймактардын тургундары үчүн географиялык тоскоолдуктарды жокко чыгарат. Бул аралыктан тейлөөнү андан ары өнүктүрүүгө жана келечекте көптөгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режимге которууга өбөлгө түзөт.

Биздин www.FINCABANK.kg расмий сайтыбыздан аралыктагы банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн биринчилерден болуп колдонгула.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо