№913 4-10-июнь, 2020-ж.
«Ээнсиреген үй» тасмасында башкы ролду жараткан актриса Марал Койчукараева көп жылдан бери уулу менен Москвада жашап, мал доктурлук кесипти аркалап иштеп келет. Ал коронавирус менен ооруп, вирусту жеңгендигин жарыялады. «Уулум экөөбүз коронавирусту жеңил көтөрдүк. Апам катуу ооруп, араң жакшы болду»,- дейт ал.
– Саламатсыңбы, Марал? Инстаграм баракчаңа коронавирус инфекциясын жеңдим деп жаздың. Качан бул илдетти жуктуруп алдың эле?
Мен эгер анализ тапшырбасам, 2-3 күн ооруп, сакайгандан кийин коронавирус болгонумду билбей жумушка чыгып кете бермекмин. Бирок анализ тапшырып, коронавирус бар экенин билген соң бул жакындарыма, коомчулукка болгон чоң жоопкерчилик экенин түшүнүп, айыгып бүткөнүмө карабай 14 күн үйдөн чыкпай отурдум. Мен билбей жумушка чыгып алсам, өзүм оорубаганым менен, вирусту алып жүрүүчү катары башкаларга жугуза бермекмин. Андыктан элге да айтарым, ооруп калдыңызбы, вируска шек жаралып жатабы, анализ тапшырып, бет кап тагынып, үйдө отуруңуздар. Сиз ооруну жакшы көтөргөнүңүз менен, жакын адамыңыздын иммунитети төмөн болуп, көтөрө албай, ошондон каза болуп калышы да мүмкүн.
Анализ боюнча айтсам, Москвада эгер адамда коронавируска шек болсо, мазок алышат. Эгер вирус бар экендиги аныкталса, 2 жумадан кийин дагы 1 жолу мазок алат. Андан вирус жок болуп чыкса, кайра дагы бир жолу тастыктоочу анализ алышат. Ошентип, эки жолу таза чыкмайынча анализ ала беришет. Искендер экөөбүздөн 3 жолу алышты. Бир алганда коронавирус бар деп чыкты. Андан кийинкилери таза чыкты. Буюрса, азыр абалыбыз жакшы. Жакында жумушка чыктым.– Апаң да коронавирус жуктуруп, абалы оор болгонун жаздың. Ал ооруканага жатып чыктыбы?
Кыргыздардын арасында «коронавирус жок» деп ишенбегендер көп. Вирус Орусияга же Кыргызстанга жете элек болсо «бул болбогон оору» десе жарашат. Кыргыз өлкөсүндө вирус катталып жатат, андан каза болгондор бар, оорунун айынан чек аралар жабылып жатат. Ошондо да ишенбей, инфекцияны кабыл алгысы келбегендерге таң калам. Мен «коронавирусту жеңдим» деп билдирүү калтырсам, «сен калп эле айтып жатсаң керек», «вирус жок», «сага оорудум деп айтканың үчүн канча төлөп беришти?» деп жазышты. Менин бир гана айтарым, коронавирус бар. Ал арабызда жашап жатат. Андыктан өзүңөрдү жана жакындарыңарды жакшы караңыздар. Сак болгула! Оорубагыла!
– Маегиңе рахмат! Ден соолукта болгула!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |