Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирбек Атабеков: «БУЮРСА, БАЛ АЙЫН ПАРИЖДЕ ӨТКӨРӨМ»

№410 10-16-сентябрь, 2010-ж.

“Буюрса, бал айын Парижде өткөрөм” деп сырдуу жылмайган Мирбек бизге кызыктуу маек куруп берди. Бул сөздү укканда ырчы жигиттин далай күйөрманы ыйлап калары анык. Анча капа тартпагыла, кыздар. Азырынча Мирбектин жүрөгү бош.

– Салам, Мирбек, шайлоодо кайсы партияга добуш бересиң?
– А дегенде эле саясаттан баш­та­ды­ңар да. Кыргызстандын атуулу катары шайлоого катышып, өз добушумду берем. Бирок бир партиянын атын атап, үгүт жүргүзбөй эле турайын.
– Кадыр түн тостуңбу?
– Кадыр түндү мечиттерге барып, даават угуп тосуу керек. Быйыл үй­дө­­гүлөр менен бирге тосолу деп сүй­лөш­көнбүз. Бирок достор менен бир иштерди бүтүрүп, үйгө кеч келдим. Өзүм орозо кармай элекмин, бирок ниет кылып жүрөм. Орозо кармаган адам тамактын, ал эле эмес, суунун баркын билип калат. Дегеле орозо адамды руханий жактан тазартат деп ойлойм.
Сурооңордон улам көлдө болгон окуя эсиме түшүп кетти. Жакында эле бир концертке ырчылардын баары чогуу барганбыз. Аппаратура өчүп-жанып, бизди жүдөтүп жиберди. Анан эле Сыймык Бейшекеевге келгенде калыптагыдай иштеп кетпедиби! Баары таң калса, Сыймык байке “орозо кармап жатпаймынбы” деп жыргап жүрөт.
– Карындашыңды турмушка узатсаң керек эле. Күйөө баланы ка­туу кармап жатасыңбы?
– Карындашымды күйөөгө узатканыбызга бир жыл болуп калды. Аны эч кимге капа кылдырбайм деңизчи, бирок күйөө бала менен сый мамиледемин.
– Канат Култаев “Мирбек жакында үйлөнөт” деп калды. Чын айттыбы?
– Ооба да, кайсы бир күнү, убакыт-сааты келгенде үйлөнөм. Негизи, мындай маанилүү кадамды шашылыш жасабаш керек деп калдым. Ар бир нерсенин өз орду, маалы болот.
– Өзүңдү ал куракка жете элекмин деп ойлойсуңбу?
– Эми биз, эркектер, жүзгө чыксак деле өзүбүздү жаш сезебиз да. Чынында, үй-бүлө жүгүн көтөрүүгө даяр элемин. Бирок агамдан жол талашпайм. Ал быйыл үйлөнөт, анан мага кезек тиет.
– Репертуарыңда сени тажаткан ыр барбы? Эл дайыма сурана берип, ырдагандан жалкып калган ырың?
– Тажаткан деп айта албайм. Бирок “Ильяздын ыры”, “Күндөр жаңыратты” эл көп суранат.
– Үч жыл удаасы менен биздин ге­зиттин “Супер ырчы мырза” наамын алдың. Быйыл да бул наамдын ээси болууга үмүт-ишеничиң бар­бы?
– “Супер ырчы мырза” аталуу, албетте, сыймык. Бирок “жыл сайын эле Мирбек ала береби?” деген сөзгө калгым келбейт. Эгер ылайык көрсөңөр, быйыл концерттин сыйлуу коногу катары катышып, башкаларга жол ачсам дейм.
– Күйөрмандарың көп экенин билебиз. Аларды пайдаланасыңбы?
– “Күйөрманды пайдаланат” деген сөз мен үчүн жаңылык болуп турат. Кайсы сахналашыбыз өзүнүн атын булгап, күйөрмандын ишенимин, сый-урматын пайдаланып жүрөт? Андай адамдар ырчы эмес, өзүн ырчы атап жүргөндөр болсо керек.
– Мирбек Атабеков деген атың­дычы?
– Атымды пайдаланууну өзүмдүн аброюма туура көрбөйм. Бирок моюнга алуу керек, көп жерде таанып-билип, жардам бергендер болот. Андайда колумда диск болобу, плакат болобу, кол тамга менен берип, айтор, аларды да ыраазы кылып жиберүүгө аракет кылам. Кубанган жүздү көрүү мен үчүн деле жагымдуу.
– Клиптериңде, айрыкча Саша Белов тарткан эки клиптеги айрым кадрларда өзүңдү ыңгайсыз сезип турганың байкалат. Жаныңдагы кыздардан сүрдөгөнүңбү?
– Ооба, өзүмдү ыңгайсыз сезген учурлар бар. Бул эми түшүнүктүү эле нерсе да. Актёр болбогон соң өмүрү тааныбаган адам менен клип тартуучу аянтчада таанышып, анан эле сүйгөн жигиттин ролуна кирип кетүү оңой эмес.
– Клип демекчи, камера, аянтча, режиссёр дегендерден түшүнүгүң бар. Киного тартылсам деп кыял­данасыңбы?
– Кызыктуу сунуш болсо, киного тартылмакмын. Буга чейин көп эле сунуштар болгон. Бирок макул болгон эмесмин.
– Сценарийлер жакпадыбы же гонорарыбы?
– Мени көбүрөөк “кинону ким тартат, буга чейин тартып көрдү беле?” деген суроолор түйшөлтөт. Азыр силерге деле маалым, эптемей кино тарткандар көп. Ошолордун бири болуп орто жолдо калса, тартылып кереги не? Эгер биздин сыймыгыбыз болгон тажрыйбалуу режиссёрлордон сунуш түшсө, байкап көрмөкмүн.
– “Тамашоу” долбоорунда өзүң жө­нүн­дөгү тамашаларды көрүп жүрөсүңбү? Аларды кандай кабыл аласың?
– Тамашанын, албетте, чеги болуш керек. Бирок ал тамаша, демек, күлүп гана кабыл алам.

БИЗ БИЛГЕН МИРБЕК МЫКТЫ ЫРЧЫ. АЛ...

...кандай айдоочу?
– Шумахер эмесмин, эрежелерди көп бузбаганга аракет кылам. Жолдо тынч, аман жүрөйүн десең, демек, биринчи өзүң жай айда. Катуу айдап, анын айынан бейкүнөө адамдар жабыр тартышына жол бербейм.

...сүйгөн кызына кандай жигит?
– Аны жакшысы, кыздан сурап көрүш керек. Мм-мм, жакшы эле болушум керек. Түшүнүктүү ошол эле учурда талапкөй. Мен сүйгөн кыз, жок дегенде, ырчылыгымды түшүнүшү керек.
Азыр отуруп алып, ар талаптын башын бир айтып жатам. Чынында, сүйүп калсаң, мунун баары жадыңдан учуп, баарына даяр болуп каласың да.

...апасына кандай уул?
– “Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада” дейт го. Досторго алаксып, чыгармачылык менен жүрүп, үйгө, апама көңүл бөлө албай калган учурларым көп болот. Эми акыл-эс токтотуп, ата-энеме көп көңүл бөлө баштадым.

...карындашына кандай ага?
– Күйүмдүү. Удаа болгонубуздан улам дос катары эле өсүп калдык. Бирок ортобузда сый дайыма бар.

...күйөрмандарына кандай мамиледеги жылдыз?
– Жылуу-жумшак мамиле жасаганга аракет кылам. Күйөр­мандарга ыраазычылык айтуу мүмкүнчүлүгү ар дайым эле түзүлө бербейт. Учурдан пайдаланып, аларга рахматымды айткым келет. Ырларымды баалап угуп, чыгармачылыгымды колдоп, өзүмдү сыйлагандары үчүн.

...кандай дос?
– Кызыкчылык үчүн достошпойм. Өзү­мө да ошондой мамиле кылгандарды жактырбайм. “Досуңа кандай мамиле кылсаң, сага да ошондой мамиле кайтат”. Бул менин принциптеримдин бири.

...ашканада кандай ашпоз?
– Тамак жасаганды билбейм. Апам, карындашым бар, айтор, ачка калбайм.

...атаандаштарынын арасында ким?
– Атаандаш дегендей деле тү­шүнүк менен жашабайм. Сахналаштардын баары менен жакшы мамиледе болгум келет. Жакшы, ийгиликтүү чыккан ырчыга чын дилимден кубанам.

...кандай саякатчы?
– Чыныгы жер кезермин. Жол азабы мени кыйнабайт деле. Буга чейин барып көргөн жерлерден мага Дубай жакшы таасир калтырды. Өзүмө койсо, Японияны кыдырып көргүм келет. Дагы бир кичинекей сырды ачып коёюнбу? Канат байке “үйлөнсөң, бал айына Парижге жолдомо белек кылам” деген. Көргүм келген жерлердин тизмесинде Париж, Эйфель мунарасы да бар.

Шаиста Шатманова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(26)
10.09.2010. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oto jonokoi owom uchun iygilikterge jetiwip atat.
10.09.2010. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbektin maga ozun kotorbogondugu, iymanduu, aeptuu bolgonu jagat. Chygarmachylygyna iygilik.
10.09.2010. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлайм! Чыгармачылыгына албан, албан ийгиликтер, чыгармачылык эле эмес жашоодо жалан жакшылыктар коштоп журсун!
10.09.2010. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
YILONYP algan go dep wawip buwup okusam yilono elek turbaibi,ubakit bar eken dagi meni kyt yilonboi koe tur seni yilondy dep SUPER INFOgo ozum aitam.(TAMAWA)
11.09.2010. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баалаган,сыйлаган ырчыларымдын бири. Ийгилик каалайм!
11.09.2010. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бали оркунун оссун.
11.09.2010. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын брат
11.09.2010. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sаlаm японияны кором десен пригласителный жиберейин.
11.09.2010. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз шоу бизнесинин королу.:-)
11.09.2010. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек мага абдан жагат особенно музондору! МИРБЕК ТЫ ЛУЧШИЙ!!
11.09.2010. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек азаматсын ушунундан жазба. Орозо кармаганга ниетим бар десен аябай суйунуп кеттим.
Азамат ата-энени сыйлаган жигиттерден экенсин. Озуно жана озголорго жакшы мамиледе болгондорду сыйлайм. Аллах ыраазы болсун.
11.09.2010. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуу, ички жана сырткы дуйносу сулуу, мунозу жакшы, озун сыйлаган, сизди сыйлаган, ата-эненди сыйлаган келинчек туш келсин. Аамин
12.09.2010. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызымдын чыныгы патриоту жана суймончук ырчысы!Алга Мирбек!!!
12.09.2010. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек ты супер!!!
12.09.2010. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Мирбек!!!!
13.09.2010. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbek ty moi ideal
13.09.2010. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!! Эркек бала биринчиден талап койгонду билиш керек, ал эми жонокойлук адам менен кошо торолгон сапат, бул сапат болгон адамда гана болот, ошондуктан ушунундан жазба, ата-эненди сыйлаган, кыргыздын мыкты уулдарынан бол!! Ко-ооп жаша!,бактылуу бол!!.
14.09.2010. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Мирбектин озу да, ырлары да жагат... Мирбек - эн мыкты ырчы!!!
16.09.2010. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирде жигит тоо минен,бирде жигит жоо журот дегендей,тоо мингенине коп эле убакыт отту бирок жоо жургондордун журогун орутпай конулдорун которгонуно баа берем.Сенин бактылуулук кундорун ушул.барбол жигит
16.09.2010. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогу бош деп калпты айта беришет каяктагы бош! арасан эле бир куну уйлонуп алат. бар да кантип мирбектики жок болуп калсын.
16.09.2010. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апан аябай бактылуу болсо керек, сендей уулдуу тарбиялаганына, оорубай, жузундон жылмаюу кетпесин. Менин, урматтаган ырчыларымдын бирисин. Сага ийгилик!!!!
16.09.2010. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молорик Мирбек!!! Так держать...

Вперед Кыргызстан!!!

Салам из Екатеринбурга!!!
16.09.2010. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урааа!!!
17.09.2010. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунунан жазпа. Чет олконун жылдыздарындай болуп арак ичпе, наркотика тарпа. Кыргыздын сыймыктагнан жигити болуп журо бер. Аман бол.
28.09.2010. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirba prosto krasav4ik! net slov! Egonye pesni sluwaut vezde i vsegda! Bolwoy poklon ot kyrgyzov from NY
01.11.2010. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек аябай акылдуу баласын.Бактылуу болушунду каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо