Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАМБАЕВЧИЛЕР “ТЕКЕБАЕВ АКТАЛСЫН” ДЕП ЧЫГЫШТЫ

№913 4-10-июнь, 2020-ж.

1-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өттү. Бул күнү сот имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактагандар жана анын соттолушун талап кылган эки топ чогулду. Алардын ортосунда тиреш жаралып, аз жерден жаңжал чыгып кете жаздады. Атамбаевди жактап келгендер кармаган плакаттар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Жоон топтун арасында “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевди жана экс-депутат Өмүрбек Бабановду колдоп келгендер да жүрдү. Алар Текебаевдин ишин тез арада карагыла”, “Бабановдун ишин жапкыла” деп жатышты.

Текебаевге кылмыш ишин ачып, бирөөнүн көрсөтмөсү менен фактылары жок туруп соттоп жиберүү Атамбаевдин тушунда болгон. “Ата мекенчилер” бул иштин демилгечиси Алмазбек Атамбаев деп эсептейт. Тагдыр тамашасы, бүгүн Атамбаев камакта, анын тарапташтары Текебаевдин акталышын талап кылышууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо