УКМК: "САЙМАИТИ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЖАЛДАГАНЫН КҮБӨЛӨР АЙТЫШУУДА"

№913 4-10-июнь, 2020-ж.

2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуу каза табышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

Анда коомчулукта талкуу жараткан көп маалыматтар айтылды. УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча Саймаити карызын өндүрүү үчүн журналисттерди жалдаган деди. “Журналисттердин ортосунда акча алуу болгон. “Азаттыктын” журналисттерине 100 миң доллар акча берилген”,- дейт ал. Бул маалыматты өз көрсөтмөсүндө Кыргыздын Стамбулдагы мурдагы консулу, Саймаитинин өлүмүнөн кийин УКМК тарабынан кармалган Эркин Сопоков ырастады. Анын сурак учурундагы видеокөрсөтмөсү депутаттык комиссиянын жыйынында көрсөтүлдү.

Айта кетсек, Саймаити “Азаттыктын” “Миллиондордун изи” деген иликтөөсүндө маалымат берген негизги булак болгон. Аталган иликтөөдө “бир тууган Матраимовдор өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кеткен” деген маанини берүүгө аракет кылынган. Кийинчерээк теледеги дебаттарда иликтөөнүн автору Али Токтакунов “материалда Матраимовдор ал миллиондорду чыгарып кеткен деп айтылган эмес” деп билдирген.

Ушул эле күнү “Азаттык” «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайдын билдирүүсүн таратты. Ал “журналисттерге акча берилген” деген көрсөтмөнү "журналисттерди каралоо" деп атады.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо