Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛЬБИНА ИМАШОВА МЕНЕН АРНИС КЫДЫРМЫШЕВ КЫЗЫНА АСМАН ДЕГЕН ЫСЫМ ЫЙГАРЫШТЫ

№915 18-24-июнь, 2020-ж.

Кино жана театр актрисасы Альбина Имашова 10-июнь күнү 3-кызын жарыкка алып келди. Көптөн бери наристе күтүп жүргөнүн айткан актриса менен кыскача маек курдук.

– Альбина эже, наристеңиздин бешик боосу бек болсун! Азыр ден соолугуңуз жакшыбы?

– Рахмат. Азыр дарыларды ичип, акырындан өзүмө келип жатам. Үйдө жардам берген адамдар бар.

– Тезирээк тыңып алыңыз. Кызыңыз жоош элеби?

– Жоош эле. Курсагын тойгузуп койсом уктай берет.

– Башында "уул төрөдү" деген маалымат тарап кетти...

– Ооба, ал маалымат кайдан чыкты билбейм. Өзүбүз кыз төрөлөрүн башынан эле билгенбиз. Биз уул же кыз болсун деп тандоо кылган эмеспиз. Кудайдын бергенине ыраазыбыз. Наристебиз – көптөн күткөн белегибиз. Кыз болсо да, уул болсо да үйүбүздө наристенин үнү жаңырышын каалаганбыз.

– “Бул наристени көп күттүк” деп калдыңыз. Балалуу болууда маселелер болдубу?

– Көпкө дарыланып жүрдүк.

– Төрөтканадан чыгарганы ырчы Токтобек Асаналиев да барды. Жакшы катташасыздарбы?

– Ооба, шеринелеш достордонбуз. Мен төрөтканадан чыгарда Элмирбек Иманалиевдин 52 күндүгү болуп, теңтуштарыбыз, дос-кесиптештер ошол жакка кетишти. Анын үстүнө врачтар коронавирустун алдын алуу максатында “чыгарууга көп киши келбесин” деп айтып жатышты. Келбегиле десек болбой окуучуларым, Токтобек Асаналиев келип чыгарып кетишти.

– Кызыңыздын атын ким койдуңар?

– Арнис экөөбүз кеңешип койдук. Биз нукура кыргыздын атын көпкө издедик. Кош бойлуу кезимде бир күнү Арнис экөөбүз эшикте асманды карап отуруп калдык. Ошол учурда “кызыбыздын атын Асман деп койсок кандай болот?” деп ойлондук. Асман чексиз, терең, тунук, таза, кол жеткис да. Кызыбыз ушундай болсун деп төрөлө электе эле атын тандап койгонбуз.


– Маегиңизге рахмат. Асманга узун өмүр каалайбыз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо