Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Михаил Ефремов, актёр: “БҮТТҮ, ЭМИ ЕФРЕМОВ ЖОК”

№915 18-24-июнь, 2020-ж.

2020-жылдын 8-июнь күнү Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, атактуу актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып баратып адам өлүмүнө себепчи болду. Москва шаарында жайгашкан “Смоленский” аянтында болгон бул каргашалуу окуя Орусияда чоң талкууга себеп болду. Интернет айдыңына тараган видеодон Михаил Ефремов мас абалында өзүнүн унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыга калып башка унааны сүзүп алганын жана полиция унаадан чыгарып жатканда нес абалында сүйлөй албай жатканын көрүүгө болот.

Жол кырсыгынан улам 57 жаштагы айдоочу Сергей Захаров каза болгон. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында актёрдун ичимдик жана баңгизат колдонгону белгилүү болгон. Полиция Михаил Ефремовду 48 саат кармап, андан кийин соттун чечими менен 9-августка чейин үй камагына чыгарган. Бул жагдай жабырлануучунун үй-бүлөсүнүн кыжырын келтирген. Алар “Прямой эфир” ток-шоусуна катышып, мыйзам бардык жарандарга бирдей болуусун талап кылышты. Алар “Эмгек сиңирген артист болобу, жөнөкөй адам болобу, мыйзам алдында жооп берүүсү керек. Эгерде карапайым адам болсо, мындай кылмыш үчүн үй камагына чыгарылбайт болчу. Биз адилеттүүлүк үчүн аягына чейин күрөшөбүз. Баңгизат колдонгону анын күнөөсүн ого бетер оорлотот. Биз эң чоң жаза катары анын 12 жылга эркинен ажыратылышын талап кылабыз” дешүүдө.

Окуя болгондон үч күндөн кийин Михаил Ефремов видеокайрылуу жасап, анда күнөөсүн моюнуна алып, сот кандай чечим чыгарса макул экенин билдирди. Ошондой эле каза болгон адамдын жакындарынан кечирим сурады.

– Каргашалуу окуядан бери 3 күн өттү. Мен эмне айтарымды билбей жаттым. Азыр деле эмне дээримди билбей турам. Каза болгон Сергей Захаровдун үй-бүлөсүнөн кечирим суроо үчүн кандай сөз колдонууну билбей турам. Мени кечиришпей турганын да билип турам. Мен бул үй-бүлөгө жардам бергенге даярмын. Бул аракетти жазамды азайтуу үчүн эмес, күнөөмдүн кечирилүүсү үчүн кылып жатам. Мага кечирим жок. Балдарым, аялым жана мага ишенген адамдар да бул нерсени кечире албасын билип турам. Мас абалында рулга отурган жорукка кечирим жок. “Белгилүү адам катары жазасын жеңилдетип коюшат” деп көбү ойлоп жатат. Мен тааныштарымды, аброюмду колдонуп бул иштен суурулуп чыгып кетейин деген ниетим жок. Элдин баары көргөн нерседен кантип чыгып кете алмак элем? Нес абалымдан чыккандан кийин гана жол кырсыгын көрдүм. Бул жоругумду апам көрбөгөнүнө кубанам. Бул кино эмес. Тилекке каршы, артка түрүп, ордуна келтирип коюуга такыр мүмкүн эмес. Бул бүттү деген сөз! Ефремов жок болду. Баарыңарга чыккынчылык кылдым, кечиргиле.

Кыргыз журтчулугуна Михаил Ефремов Орусиянын Биринчи каналында актриса Мария Шукшина менен бирге “Жди меня” телеберүүсүнүн алпаруучусу катары таанымал. Ошондой эле “Каменская”, “Гипноз”, “Граница. Таёжный роман” сериалдарында ойногон. Беш жолу никеге турган. Учурда үй-бүлөлүү. 6 баланын атасы.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(3)
22.06.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Каш кабактын ортосундагы кырсыктан Кудайым өзү чактасын.
24.06.2020. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш кишиге деле кыйын болду. Кырсык экен да, ичип рульга отурбай керек экенин билип туруп машине айдагандарга таң калам.
24.06.2020. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге чыкпай калды жазан коментарий.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо