Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.

  1. КЕЛГИЛЕ, ДҮМБҮЛ ЖЕЙБИЗ!

  2. Салам, окурман! Бүгүн биз жүгөрү дүмбүлүн бышырабыз. Болгондо да аны даамдуу, ширелүү жана түрлөп бышыруу ыкмаларын сунуштайбыз. Бул ыкмалар сизди таң калтырары бышык.

  3. ЧОККО КАКТАЛЫП БЫШКАН ДҮМБҮЛ

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Дүмбүл – 6-7 даана

    Каймак май – 50 грамм

    Ашкөк – 5-6 тал

    Жалбыз – 5-6 тал

    Сарымсак – 1-2 тишче

    Туз – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Ашкөк, жалбызды жууп, суусун сарыктырып алабыз. Ал эми сарымсакты аарчып, майда туурайбыз.

    2. Каймак майга тууралган көк чөптөрдү жана сарымсакты салып, татымына жараша туз кошуп аралашма даярдайбыз.

    3. Дүмбүлдүн кабыгын аарчып, тазалап, аралашмадан сүйкөп 15-20 мүнөт тыныктырып коёбуз.

    4. Отту жагып, көбүрөөк чок түшүрүп алабыз. Чоктун табы бир аз кайтканда дүмбүлдөрдү улам бышкан тарабын оодаруу менен бышырып алабыз. Болбосо баклажан, кабакча, козу карын, болгар калемпири, помидор сыяктуу жашылчалар менен кезектештирип шишке сайып же болбосо грилге коюп кактап бышырып алууга да болот. Чокко какталып бышкан дүмбүлдү ысык кезинде жеген даамдуу. Муздаган соң кургак болуп калат.

  5. СУУГА БЫШКАН ШИРЕЛҮҮ ДҮМБҮЛ

  6. Керектелүүчү азыктар:

    Дүмбүл – 5-6 даана

    Сүт – 1 чыны

    Каймак май – 1 аш кашык

    Туз – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Дүмбүлдүн кабыгын аарчып, аны мискейдин түбүнө бир катар кылып тизебиз. Эми үстүнө дүмбүлдөрдү кыдырата тегиз тизип салабыз. Узундарын тең ортосунан бөлүп коюңуз.

    2. Мискейге дүмбүлдөрдү көмгүдөй кылып суу куябыз.

    3. Суу кайнап чыкканда ага сүттү куюп, каймак май салып, 20 мүнөт жай отто кайнатабыз. Ширелүү, даамдуу дүмбүл даяр! Дүмбүл бышкан соң табитке жараша туздан себелеп жегенге болот.

  7. ДҮМБҮЛ КОШУЛГАН ВИТАМИНДҮҮ ШОРПО

  8. Керектелүүчү азыктар:

    Тоок эти – 600 грамм

    Пияз – 1 баш

    Картошка – 3-4 даана

    Болгар калемпири – 2 даана

    Сабиз – 1 даана

    Помидор – 1 даана

    Сарымсак – 2-3 тишче

    Дүмбүл – 2 даана

    Өсүмдүк майы – 100 грамм

    Туз, мурч – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Тоок этин чоң-чоң туурайбыз. Андан соң аны казанга салып, үстүнө 3-4 литрдей суу куюп, жай отто 2 сааттай эти бышканча кайнатабыз. Шорпо кайнап чыкканда чий көбүгүн алып, туз салып, жакшылап сапырып туруу керек.

    2. Эт бышканча жашылчалардын баарын тазалап, аарчып, жууп даярдап алабыз.

    3. Кайнап жаткан шорпого баш пиязды, сарымсакты салабыз. Бир кайнап, даамы чыккандан кийин чоң-чоң тууралган картошканы, сабизди жана помидорду 4кө бөлүп тилип кошобуз. Дүмбүл жана болгар калемпирин дагы чоң бөлүктөргө бөлүп шорпого салабыз.

    4. Шорпону жай отто 20-30 мүнөт кайнатканда жашылчалардын баары бышат. Эми тамакты чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган көк чөптөн себелеп, фантазияга жараша кооздоп дасторконго узатабыз. Тамагыңыз даамдуу болсун.

  9. ДҮМБҮЛДҮН ПАЙДАСЫ

    • Дүмбүл – жүгөрүнүн сүт-камыр боло баштаган абалы. Бул учурда өсүмдүктүн данына органикалык заттар топтолот. Жүгөрү толук ката элек дүмбүл мезгилинде калориясы көп болгондуктан, тоюмдуу келет.
    • Дүмбүл чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу Е витамининин казынасы.
    • Нерв системин бекемдөөчү В витаминин, иммунитетти көтөрүүчү С, сөөктү бекемдөөчү Д витаминин жана темир, калий, кальций, магний сыяктуу пайдалуу заттарды өзүнө камтыйт.
    • Жүрөк-кан тамыр системинин иштөөсүн жакшыртуучу К витаминине да бай.
  10. Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(5)
29.06.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз чокко комуп эле бышырып жейберчук талаада
02.07.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
captain,Ооба,эч кандай каймак май же ашкөгү жок эле чокко же жөн эле сууга туз кошуп кайнатып эле жей берет элек биз деле...
29.06.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Шүмшүктүн оокаты
02.07.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shef87,өмүрүңдө дүмбүл көрбөгөнүң билинип турат ..
05.07.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shef87,дүмбүлдү өмүрүңдө көрбөпсүн жемек тургай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо