ООР ИЛДЕТКЕ КАБЫЛГАН ЫРЧЫ ГҮЛНАРА СЫДЫКБЕКОВА ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРАЙТ

№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.

"Түшүмдө”, “Өзүңдүк болуп кала албай”, “Аялзаты” деген ырлардын аткаруучусу, кыл кыякчы Гүлнара Сыдыкбекова оор илдет менен күрөшүп келе жатат. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда ырчынын өмүрү коркунучта экени айтылууда. Өзү менен байланышканыбызда, ал буларды билдирди:

– Мен 2011-жылы эмчек рагы деген оор дартка чалдыккам. Анан бирөөлөр “чөп менен дарыланып көрүңүз” деп айтып калып, корей улутундагы табыпка баргам. Бир жыл дарыландым, бирок шишик метастазга айланып кетти. Андан кийин алматылык дарыгердин көзөмөлүндө болуп, 10 жыл бою ушул дарт менен алышып келе жаткам. Кээде ал дарыгер мага келип, мен Алматыга барып жүрчүмүн. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып калды. Дарыланууга бара албай калгандан улам оору өөрчүп кетиптир. Азыр көкүрөгүмдө 5 сомдук тыйындай чоң тешик бар. Тез арада операция жасатыш керек болуп жатат. Ошондуктан кыргыз элиме кайрылып жардам суроого аргасыз болдум.

Ырчы Гүлнара Сыдыкбековага жардам берүүнү каалагандар үчүн “Элсом” номери: 0772148886

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(2)
30.06.2020. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айыгып кетиниз
05.07.2020. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаа берсин ооммин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо