№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.

  1. ФУТБОЛЧУ МИРЛАН МУРЗАЕВДИН ҮЙҮНӨ САЯКАТ

  2. Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев маектеринде “Кара-Балтага, ата-энемдин үйүнө барып эс алганды жакшы көрөм” деп айтып келет. Чынында эс ала турган жер экен. Айлана тыптынч, короого баш бакканда эле түрдүү куштардын сайраганы угулат. Анда футболчунун үйүнө бирге саякат жасайлы.

  3. 1 КИРЕ БЕРИШ

  4. Абдраим Мурзаев, атасы: – Негизи Кара-Балтага 1994-жылы Сүлүктүдөн көчүп келгенбиз. Бул үйдү 2001-жылы сатып алганбыз. Үйдүн азыркы жасалгасын өзүм жасагам. Москвада 5 жыл курулушта иштеп, евро оңдоп-түзөөнү жакшы өздөштүргөм.

  5. 2 АШКАНА

  6. – Бул жакка учурда ашкана гарнитуру жасалып жатат. Конокторду ушул жерден тосуп, узатабыз.

  7. 3 КОНОК БӨЛМӨ

  8. Мирлан Мурзаев: – Бул биздин зал. Телевизор көрүп, PlayStation ойноп дегендей, ушул бөлмөдө эс алабыз.

  9. 4 УКТООЧУ БӨЛМӨ

  10. – Бул менин бөлмөм. Илинип турган медалдардын жарымы эле. Калганы Бишкектеги үйдө. Ата-энемдин үйүндө сөзсүз сыйлыктарым турушу керек. Мени ушул даражага жеткиришти, аларга сыймык болот да.

  11. 5 УКТООЧУ БӨЛМӨ

  12. – Бул ата-энемдин бөлмөсү. Атамдын иш орундугу да ушул жакта. Футбол көрөт. Короого орнотулган видеобайкоону ушул жактан карап турат. Көп уурулук болгон, ошон үчүн койдурганбыз.

  13. 6 БАЛДАР БӨЛМӨСҮ

  14. – Бул бөлмөдө эжемдин баласы уктайт. Сабактарын ушул жактан даярдайт. Келгенде текшерип турам. Ал дагы футбол ойнойт.

  15. Мурзаевдердин короосу аябай кызыктуу. Бул жактан жандыктарды, канаттуулардын бир нече түрүн көрүүгө болот.

  16. – Булар бөдөнө, канарейкалар. Таң эрте эле сайрай башташат. Азыр да силерге ырдап берип жатат. Атам күнүгө суусун алмаштырып, жемин салып карайт.

  17. – Азыр 40тан ашык көгүчкөн бар. Атама Оштон, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан жөнөтүшөт. Атам да аларга жөнөтүп турат. Башында үйгө бир көгүчкөн учуп келген. Ошол бизге кызыгуу жаратты. Атама багалы деп айттым. Ошону менен көбөйтүп алдык. Хобби десек болот. Жан дүйнөнүн тынчтыгы үчүн өзүңө жаккан жаныбарларды багып, кароо деле адамга ырахат тартуулайт.

  18. – Мен алабайларды жакшы көрөм. 2 итим бар. Менин келишимди абдан күтүшөт. Машинам үйгө жакындаганда эле келе жатканымды сезишет.

  19. – Гиссар койлорду кармайбыз.

  20. – Үйдүн айланасын атам менен апам жашылдандырган. Короодо алма, алча өсөт. Бул жерден чакан машыгуу жүргүзүп, бүткөндөн кийин бассейнге түшүп алсаң болот. Велосипед тебесиң, балыкка бармай, айтор, бош убактым болсо эле ушул үйгө жөнөйм.

  21. ЖУМАГҮЛ ИСМАИЛОВА, АПАСЫ: "БАЛАМДЫН ОЮНДАРЫН КАЛТЫРБАЙ КӨРӨМ"

  22. – Мирлан үйдүн кичүүсү, андан улуу эжеси, агасы бар. Кенжебиз болгонгобу, кай жерде болбосун бирөө уруп койбосо экен, ачкабы-токпу деп ойлоно берем. Негизи өзү эл менен бат тил табышып кетет. Кичинесинен эле тың. Өспүрүм кезинде акчаны да каякка катышты билчү, ичке кылып ороп, шымдын боо өткөргөн жерине киргизип койгонун көрүп таң калгам. Футболго деп сабактан каччу, жеме укчу. Атасы "пайдаң тийбейт" деп урушса, "карап тур, пайдасы сонун тиет" деп дайыма коргоп турчумун. Бизде демөөрчү Мирлан, а ишти атасы бүтүрөт.

    Оюндарын калтырбай көрөбүз. Боло турган убакытка чейин жумуштарды бүтүрүп стадионго жөнөйбүз же баарыбыз телевизордун алдына отурабыз. Оюнду көрүп жатканда кадимкидей эле кыйкырам. Гол киргизе албай калса “оозуңду ачпай теппейсиңби!” деп ачуум келет. Жакшы оюн көрсөтсө, кубанганымдан ыйлап жиберем.
     

  23. Динара Акимова
    sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(12)
29.06.2020. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик.
29.06.2020. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
№1
29.06.2020. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдан соонун уй экен.
29.06.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уютный сонун уй экен,баары иреээттүү
29.06.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Спортчулардыкы чыга баштаган экен жакшы
29.06.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсың Мирлан ата энени сыйлаш керек,бизге да ушундай үй насип этсин, ИншААлла!
29.06.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жылдыздуу, ыйманы жузунон тогулуп турат экен.
29.06.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан сулуу бала
01.07.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sajakat14, а тирик
01.07.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо бул озбекби улуту?
06.07.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
elmira., кыргыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо