№917 2-8-июль 2020-жыл

  1. КЫШКЫГА КОМПОТ КАМДАЙЛЫ

  2. Кожойке, кампадан шагыратып бош банкаларды алып чыгыңыз. Анткени кышкыга даамдуу жана жыты аңкыган компотторду түрлөп даярдап албасак, көз ачып-жумганча мөмө-жемиштердин убагы өтүп кетет. Бул жолу өзгөчө компоттордун рецепттери алдыңызда.

  3. КУЛПУНАЙ МОХИТОСУ

  4. (3 литрлик 1 банка үчүн)

    Керектелүүчү азыктар:

    Кулпунай – 500 грамм

    Лимон – 2 кесим

    Жалбыз – 1 талча

    Кумшекер – 300 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Кулпунайды сууга таза жууп, сабагын алып таштайбыз.

    2. Алдын ала бууланган банкага кулпунайды, лимондун кесимдерин жана жалбызды салып, үстүнө кайнак сууну толтуруп куябыз. Банканын өзүн темир капкак менен жаап, 10 мүнөт тыныктырып коёбуз.

    3. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, ага кумшекерди салып эригенче жай отто 5 мүнөт кайнатабыз.

    4. Бул этапта банкадагы жалбызды алып салуу же калтыруу табитиңизге жараша болмокчу. Кайнап жаткан сууну банкага кайра куюп, темир капкакты бекитебиз. Эми компот муздаганча банканы көмкөрүп, жылуу ороп коюңуз.

  5. АССОРТИ КОМПОТ

  6. (3 литрлик 1 банка үчүн)

    Керектелүүчү азыктар:

    Өрүк – 200 грамм

    Алча – 200 грамм

    Алма – 200 грамм

    Кумшекер – 250 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Мөмөлөрдүн баарын жууп, тең экиге бөлүп данектерин тазалап алабыз.

    2. Алдын ала бууланган банкага мөмөлөрдү салып, үстүнө кайнак сууну куюп, капкакты жаап, 10 мүнөт тыныктырып коёбуз.

    3. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди салып 5 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон сиропту банкага куюп, темир капкак менен бекем бекитебиз. Компот муздаганча банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

  7. МУЛЬТИФРУКТ КОМПОТУ

  8. (3 литрлик 3 банка үчүн)

    Керектелүүчү азыктар:

    Алма – 3-4 даана

    Шабдалы – 3 даана

    Жүзүм – 300 грамм

    Апельсин – 1 даана

    Кумшекер – 900 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Мөмө-жемиштердин баарын таза жууйбуз. Шабдалы менен алманы 4 бөлүккө бөлүп, данегин алып салабыз. Жүзүмдү шиңгилинен ажыратабыз. Ал эми апельсинди 6 бөлүккө бөлөбүз.

    2. Тууралган мөмө-жемиштердин баарын бууланган банкаларга бөлүп салып, үстүнө кайнак сууну куюп, капкагын жаап, 10 мүнөт тыныктырабыз.

    3. Эми банкалардагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди кошуп кайнатып сироп даярдайбыз. Шакылдап кайнап чыккан сиропту банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз. Компоттор муздаган соң салкын жайда сактайбыз.

  9. ӨРҮК ФАНТАСЫ

  10. (3 литрлик 1 банка үчүн)

    Керектелүүчү азыктар:

    Өрүк – 500 грамм

    Апельсин – 1 даана

    Лимон же лайм – 1-2 кесим

    Жалбыз – 1-2 талча

    Кумшекер – 250-300 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Өрүктү жууп-тазалап, данегин алып салабыз.

    2. Апельсиндин кабыгын аарчып, ак катмарын тазалап, жемишти тегерек формада кесебиз.

    3. Лимонду жууп, тегерек формада кесип, данектерин терип салабыз.

    4. Таза жуулган жана бууланган 3 литрлик банкага керектелүүчү мөмө-жемиштердин баарын жана жалбызды салабыз. Эми шакылдап кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, темир капкакты жаап, 10 мүнөт тыныктырып коёбуз.

    5. Банкадагы суунун өзүн (мөмө-жемиштерди кошпой) мискейге куюп, кумшекер салып 5 мүнөт жай отто кайнатабыз да, андан соң кайнак боюнча кайра банкага мөмөлөрдүн үстүнө куюп, темир капкакты бекем бекитебиз. Банканы көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз.
     

  11. Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо