“БАЙГЕЛҮҮ СООДА” МАРАФОНУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ПРЕСС-РЕЛИЗ

№918 9-15-июль, 2020-ж.

“Байгелүү соода” стимул берүүчү марафону “Фрунзе” гипермаркет түйүндөрүндө 2020-жылдын 3-февралында башталган.

Марафон учурунда “Фрунзе” гипермаркетинде соода кылуу үчүн сертификаттар, чоң-кичине тиричилик техникалары, IPhone жана жапжаңы 2 даана Hyunday Accent (бир машина түштүк аймакка – Ош, Жалал-Абад шаарларына, экинчи автоунаа Бишкек шаарына, Чүй облусуна жана Кочкор айылына) ойнотулду.

Финалдык оюндун биринчи бөлүгүнүн жыйынтыгы 2020-жылдын 20-июнунда Инстаграм түйүнүндөгү расмий Frunze_kg баракчасында түз эфирде атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлүндө өттү. Комиссиянын курамына Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын өкүлү, Комиссиянын төрагасы, “Лига Добра” коомдук фондунун өкүлү кирип, оюндун жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Эрнест Абдимиталипович автоунаа утуп алды.

Финалдык оюндун экинчи бөлүгүнүн жыйынтыгы да комиссия мүчөлөрүнүн көзөмөлүндө Инстаграм түйүнүнүн расмий Frunze_kg баракчасында 2020-жылдын 4-июль күнү өттү. Жеңүүчү аталып жана жапжаңы Hyundai Accent автоунаасынын ээси болуу бактысы Исыкеев Нурбек Кенжебековичке буюрду.

Биз бардык жеңүүчүлөр үчүн кубанычтабыз жана да оюнга, түз эфирге катышкандардын баарына биздин түйүндөргө болгон ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Оюн учурунда биз болуп көрбөгөндөй энергия алдык, жеңүүчүлөргө сүйүнүчтүү кабар айтканыбызда алар менен кошо кубандык. Ушундай оор кырдаалда биз өз кардарларыбызга жакын болгубуз келет, аларды белектер, акциялар, пайдалуу сунуштар менен кубантканга аракет кылабыз.

Урматыбыз менен үй-бүлөлүк гипермаркеттер түйүнү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо