№918 9-15-июль, 2020-ж.
АКШда 68 жаштагы сиам эгиздери каза болду. Алар эң узак жашаган сиам эгиздер катары дүйнөлүк рекорд коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ронни жана Донни 1951-жылы 28-октябрда төрөлгөн. Алардын жыныс органы жана ичеги-карыны бир болгону менен, жүрөгү, ашказаны, колу жана буту өзүнчө болгон. Бала кезинен тартып медициналык керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жарманкелерде иштеп келишкен. 2010-жылы бир тууганынын үйүнө көчүп кеткенге чейин алар өз алдынча жашап, эмгектенип келишкендиги айтылат.
Динара Акимова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |