№918 9-15-июль, 2020-ж.
Ал кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү, илимпоз, педагог, саясат таануу илимдеринин кандидаты эле.
Бүбүкан Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган. КТРК, "Сары-Өзөн-Чүй" телеканалдарында бир топ жыл иштеген. Ошондой эле бир катар университеттерде журналистика боюнча сабак берген. 1995-жылдан бери "Азаттык" радиосунда иштеп келе жаткан.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бүбүкан Досалиеванын көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |