Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗСАЙКАЛ КАБЫЛОВА ЖАҢЫ ЫРЫН ЧУБАК ЖАЛИЛОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАДЫ

№919 16-22-июль 2020-жыл

Дин аалымы, коомдук ишмер, кыргыздын уулу Чубак Жалилов вирустук пневмония дартынан улам 11-июлда көз жумду. Эл уулун жоктоп, ага арналган эскерүү сөздөрү көп жазылды. Ал эми ырчы Кызсайкал Кабылова ага арнап ыр жаздыра турганын айтат:

– Ырдын тексти, обону Чубак ажы каза болгонго чейин эле жазылган. Негизи кыргыздын залкар инсандарына арналган ыр болчу. Обонун аябай жактыргам. Чубак ажы каза болду дегенди укканда эки күн бою ыйлап жүрдүм. Агам Мажит Кабылов “ушу ырды Чубак ажыга эле арнабайсыңбы?” деп калды. Жүрөгүмдөгү бук ушуну менен чыгып кеткендей болду. Сөзү да, обону да ал адамдын басып өткөн жолуна дал келгендей. Буюрса, жакында даяр болот.

Мен Чубак Жалилов менен тааныш элем. Мени көп учурда колдочу. Сахнага кайтып ырдап баштаганда “кааласаң ырдай бер, бирок суранарым, жоолугуңду чечпе. Тарбияга чакырган ырларды ырдаганга болот” деген. Аялдардын укугун аябай коргочу. Мен ажырашып, оор кырдаалды башымдан өткөрүп жатканда укугумду коргоп берген. Бул асыл адам кыргыздын жүрөгүндө жашай берет.

Чубак Жалиловдун элесине арналган ырдын аты “Атыңыз жашайт жүрөктө” деп аталат. Обонун Ильяз Абдыразаков жазган, ал эми сөзү акын Жылдызбек Турсунбаевге таандык.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(2)
21.07.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Сайкал. Ден соолукта бол.
24.07.2020. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созун Элмирбек аганын шакирттерине,Медербекке,Асылбекке же Акматбекке жаздырбапсын.Изденуудосун Сайкал азаматсын!!!
asman.81 түзөттү 2020-07-24 09:33:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо