Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бек Борбиев: «КОНЦЕРТИМЕ САЯСАТ АРАЛАШПАЙТ»

№411 17-23-сентябрь, 2010-ж.

Концертке келиңиз

24-25-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кыргыз элинин сыймыгы, КРнын Эмгек сиңирген артисти, обончу Бек Борбиевдин “Сагындым сени” деген аталыштагы концерти болот. Концерттин өзгөчөлүктөрү тууралуу Берадор мырза төмөндөгүлөргө токтолду.

– Бек байке, концертке кайсы ырчылар катышат жана мурунку концерттерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
– Концертке менин ырларымды аткарып жүргөн ырчылар катышат. Мисалы, Ибрагим Жунусов, Сыймык Бейшекеев, Чыңгыз Мырзаев, Алтынбек Алымов, Ильяз Абдыразаков, Мажит бар. Ошондой эле “Агама”, “Береке” бий топтору коштоп бийлешет.
Бир чети менин туулган күнүмө туш келгендиктен, бир чети ушул өнөрдү 20 жылдан ашык убакыттан бери аркалап жүргөндүктөн, элге концерт тартуулоону максат кылдым. Былтыр чыгармачылыгымдын 20 жылдыгына карата берген элем. Бул да ошондой деңгээлде өтөт деп ойлойм.
– Айрымдар үгүт максатында өтүп жатат деп ойлошу мүм­күн...
– Жок, жаңылышат. Концертке саясат аралашпай, саясаттан сырт өтөт. Бул концерт жаңы программа, жаңы ырлар, сатиралар менен коштолот. Сахнага да эч кандай партиянын жарнактары илинбейт.
– Репертуарыңызды жаңы ырлар менен толуктасаңыз керек...
– Ооба, жаңы ырлар бар. Аларды да ырдайм.
– Концертиңизди эмне үчүн “Сагындым сени” деп атадыңыз?
– “Сагындым сени” деген жаңы ыр чыгаргам. Ошол ырдын аталышынан улам “Сагындым сени” деп койдум.
– Ыр сүйүү­чүлөр күт­көн концер­ти­ңиз ийгиликтүү өтсүн.

Миржан Мамбетова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
18.09.2010. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ессс... Бишкеке барсам созсуз барам.
18.09.2010. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкебиз былтыры сахна мн коштошуп жатпады беле?Бирок талантын баалайм!!!
18.09.2010. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да,билбейм кандай максат менен өтөт бул концерт.
19.09.2010. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек мырза Бутун кыргызстан партиясына добуш алыш учун Бишкекке концерт койуп жаткан турбайбы.Адахам аканизди Куршаб эли колдобой ит кылып жатса сиздин концерт койгонунузга жол болсун.Же шайлоого акча жетпей калдыбы???
20.09.2010. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xxxxmmm molodez.
20.09.2010. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдай бериниз. саясат отот. бугунку "баатыр" эртен эле "качкын" же б.а. бугунку "качкын" кечооку "баатыр" боло берген заман отоор. Ырларынызды булгабаныз, ырыныз очпойт го
22.09.2010. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгынызгы албан албан жетишкендиктерди каалйм! Дагы коп мыкты ырларды жарата бериниз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо