АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА ЖАШТАРГА ТААРЫНЫЧЫН АЙТТЫ

№920 23-29-июль, 2020-ж

21- июль күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө ыктыярчы катары иштеп жаткан 12 адамды кабыл алды. Президент менен жолугушууга кыргыз шоу-бизнесинен ырчылар Анжелика, Айзада Жамгырчиева, алпаруучу Эркин Рыскулбеков катышышты. Өлкөгө коронавирус жайылып, карантин жарыялангандан тарта ыктыярчы катары муктаж жарандарга колунан келген жардамын берип жүргөн, бирок аталган жолугушууга чакырылбай калган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева социалдык тармактардагы баракчасына жаштарга, мамлекетке болгон таарынычын жазып чыкты. Бул тууралуу ырчы өзү кенен айтып берсин:

– Ажобуз пандемия учурунда элге жардам берип жүргөн ыктыярчыларды чакырган экен. Өнөр инсандары арасында улуу башымды кичүү кылып өз жанымды, кичинекей кызымды тобокелге салып, алгачкылардан болуп демилге көтөрүп ыктыярчы болуп чыктым. Эрнис Бөрүбаев, Талант Сагынбаев, Сагын Эргешовдор менен 20-марттан баштап жардам берип жатабыз. Дагы да иштей беребиз. Бул биздин элдин алдындагы милдетибиз, кыргыз жараны катары парзыбыз. Муну милдет кылбайбыз. "Ажо ыктыярчыларды чакырат экен" десе, мен эмне деп айтсам, кандай суроо берсем деп ойлонуп алыптырмын. Бирок чакырылган жокпуз. Мен ага капа эмесмин. Кечээ Инстаграм менен Фейсбукка кирсем, “Алтынай Нарбаева менен Эрнис Бөрүбаев эмнеге чакырылган жок?” деп көп адам жазыптыр. Эл-журттун махабаты баарынан бийик. Мен жөн гана кичине ызаланганымды баракчама жазып койдум. Элге да жооп берип коюшум керек эле. Мен мамлекеттик концерттерден да, чет өлкөгө барчу делегациянын катарынан да чийилип калам. Дайыма ошондой мамиле кыла беришип, жүрөгүм электей тешилип, жалбырактай жыртылып калган. Эл артисти наамы үчүн документтерим 3 жолу жөнөтүлдү, 3 жолу тең кайтты. Эми документ тапшырайын деген оюм жок. Жан дүйнөнүн жабыркаганы – кичинекей өлүм. Чыныгы өлүмдөн да күчтүү. Эч кимге айта албай сыртыңдан күлүп, ичиңден азап тартып жүрө бересиң.

Эл бир гана адамга кайрылгандай түшүнүп калышпасын, мен жалпы жаштарга таарынычымды айттым. Өнөр сахнасында мен өнөрлүүлөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө эмес, керек болсо сахнага менден мурда чыккандарга “сиз” деп кайрылып, ыйбаа кылып турам. "Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм" деген ушул окшойт. Айылда деле аксакалдарды төргө өткөрөт, жакшылык-жамандыкка эң биринчи аксакалдарды чакырат. Аксакалмын дегенден алысмын, бирок 50дөн аштым. Кадырлап-барктап коюшса, уул-кыздарым, окуучуларым, күйөрмандарым үчүн да жакшы болмок.

star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(13)
27.07.2020. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Сизди эл сыйлайт,ажого барып не кыласыз, барсаңыз деле ошол да.Бирок көңүл деген жаман.
27.07.2020. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сокеге барбай калган учун ушунча нараазы болдунузбу ага барып эмне кыласыз
27.07.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чакырбай тура кылыптыр
27.07.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
50 дон ашып калсада акылы 20дагы кыздардай
27.07.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура
27.07.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге менин жазганым чыкпай жатат?
27.07.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ыктыярчы деген эмне экенин билбей эле жүрсө керек Алтынай эже. Өз каалоосу менен жүрөт экен. Анан эмне док кылат? Волонтёр - ыктыярчы кылган иши үчүн акы да, рахмат да күтпөш керек. Алланын ыраазычылыгы учун иштеп жатам деп какшанат анан кайра догурунат. Негизи саясатчылар жаштарга жол бербейт дейбиз. Ырчылар деле ошо турбайбы.
27.07.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Догурунуп бутподу ушул айым
28.07.2020. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Приздент Ыктыярчыларды чакырганда улуу катары чакырып коюшса болмок дегениго анан мен бармакмын барат болчумун деген эместир
29.07.2020. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орустар айтмакчы: -“Кому-то с возрастом приходит мудрость, а кому-то старческий маразм”. Улуу муунду урматтаганды эле билбей, жаштарды сыйлаганды дагы билеличи.
29.07.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Звездянканы кармап алды окшойт эжекебиз. Уят эле!!!
29.07.2020. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Подписчигим аз дейт го))) Оз ыктыярынар менен чыктынар да эми кимге милдепт кыласынар бизди сыйлап койгула деп.Кылган ишинер Кудай учун болгондо мындай нааразы создорду айтылбайт эле.Демек сиз да пияр учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо