ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ МУЗЫКАЛЫК КОЛЛЕДЖГЕ ДИРЕКТОРЛУККА ДАЙЫНДАЛДЫ

№920 23-29-июль, 2020-ж

Обончу, аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Түмөнбай Колдошов Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине директор болуп дайындалды. Ал буга чейин Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил боюнча проректор болуп эмгектенип келген. Жаңы кызматка дайындалганы тууралуу ырчы буларды айтты:

– Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору болуп иштеп жаткан Кыргыз мамлекетине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор Кубанычбек Осмонов ден соолугуна байланыштуу каза болуп калды. Арты кайырлуу болсун. Былтыр бул орунга вакансия ачылган экен. Талапкерлигимди сунуштап, дайындалдым. Бул 54 жылдан бери кыргыз маданиятына кадрларды даярдап келе жаткан түптүү окуу жай. Менин коомчулуктун колледжге болгон ишенимин арттырайын, окуу жайды өнүктүрөйүн, ички инфраструктурасын жакшыртайын деген жакшы ниеттерим бар. Ушул окуу жайдан мыкты музыкант-педагогдорду тарбиялап чыгарсак бул биздин сыймык. Кудай ден соолук, өмүр, жамааттын ынтымагын берсе, жасай турган ишибиз көп.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
27.07.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец. Ишинерге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо