МАЛИК АЛИКЕЕВГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

№920 23-29-июль, 2020-ж

Жамбаш сөөгүн кокустатып алып жарым жылдан бери төшөктө жаткан ырчы Малик Аликеевге кезектеги операция жасалды. Бул тууралуу анын жубайы Жаңыл Темирканова айтып берди:

– Июнь айынын аягында Маликтин биринчи бутуна операция жасалган. 15-июлда экинчи бутуна операция жасалды. Операция кандай жасалды, эмне аппарат койду жана ага канча акча кетти, мен билбейм. Аны врачтар менен Малик өзү сүйлөшүп жатат. Элден канча акча чогулду, аны кандай жумшады, бул тууралуу да Малик жакшы болуп калганда өзү маалымат берет. Азыр анын абалы жакшы. Ал врачтардын көзөмөлүндө ооруканада. Дарыларын ичип бүтүп, операция жасалган жери жакшы болуп калганда басуу үчүн көнүгүүлөрдү жасап баштайт. Негизгиси басып кетсе экен.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ооруканага барып, ырчынын ден соолугунан кабар алганы тууралуу социалдык баракчасында билдирди. Ал: "Малик агабыздын абалы эки жолку операциядан кийин жакшы. Жакынкы арада ооруканадан чыкканы турат. Колдоо көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз, өзгөчө операция жасаган Сабырбек Жумабеков агабызга. Жакында арабызда болуп, чыгармалары менен элди кубантат деген үмүттөбүз",- деп жарыялады.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
27.07.2020. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чогулган акча жонундо проблема болду беле неге аялы каждый раз интервью бергенде билбейм акчаны дей берет. Же не аялы жанында жургон эрин билбейби
29.07.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактардын чектерин дагы топтоп жатат болду бекен? А то отчет бере албай калбасын.
30.07.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли акчаны билбесин аялы,операция кандай жасалганын билбейм дегени кызык экен. Сурабайбы "ай кандай болуп калдын операциядан кийин " деп. Тобоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо