Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№921 30-июль - 5-август, 2020-ж.

  1. ЖАН СЕРГИТКЕН ЖАЙКЫ ДЕСЕРТТЕР

  2. ДАРБЫЗ ГРАНИТАСЫ

  3. Гранита – бул суусунду кандыруучу жана организмди сергитүүчү жайкы десерт. Курамы жер-жемиштердин ширесинен жана муздан турат.

    Керектелүүчү азыктар:

    Дарбыз – 400 грамм

    Лайм – 1 даана

    Бал – 1 аш кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Дарбызды кесимдерге бөлүп, кабыгын жана данектерин алып таштайбыз.

    2. Лаймдын кабыгын аарчып, ширесин сыгып алабыз.

    3. Блендерге дарбыздын кесимдерин, лайм ширесин жана балды салып жакшылап аралаштырабыз.

    4. Пайда болгон боткону контейнерге куюп, капкагын жаап, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 5 саатка салып коёбуз. 1-1,5 саат аралыгында боткону аралаштырып турууну унутпаңыз. Гранитаны пайдалануу алдында 10 мүнөт мурун тоңдургучтан чыгарып коюу керек. Андан соң жакшылап аралаштырып, бокалга салып, үстүн жалбыз же лаймдын кесими менен кооздоп дасторконго сунабыз.

  4. КУЛПУНАЙ СЕМИФРЕДОСУ

  5. Семифредо – бул бир убакта балмуздак менен суфленин даамын берген италия десерти. Таттууну өзгөчө сүйгөндөр үчүн жайкы аптаптан сактоочу десерт.

    Керектелүүчү азыктар:

    Кулпунай – 150 грамм

    Печенье – 70 грамм

    Кумшекер күкүмү– 100 грамм

    Майлуулугу жогору сүт – 450 миллилитр

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Сүткө кумшекер күкүмүн салып, коюуланганча чалып крем даярдайбыз. Даяр болгон кремди тең экиге бөлөбүз.

    2. Печеньени майдалап, кремдин бир бөлүгүнө кошуп аралаштырабыз.

    3. Кулпунайды жууп, тазалап, эзип, аны кремдин экинчи бөлүгүнө кошуп аралаштырабыз.

    4. Чыныга ашканада колдонулуучу клеёнканы төшөп, ичине бир аз печенье жана крем аралашмасынан салып, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 10 мүнөткө салып коёбуз.

    5. 10 мүнөттөн соң чыныны тоңдургучтан алып чыгып, эми ичине крем жана кулпунай аралашмасынан салабыз.

    6. Десерттин бетин клеёнка менен жаап, 1 саатка муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз. Даяр болгон десертти тарелкага оодарып салып, үстүн печенье күкүмү, жалбыз менен кооздоп коёбуз.

  6. ШАБДАЛЫ МЕНЕН ТРАЙФЛ

  7. Трайфл – англия ашканасында кеңири жайылган десерт. Айрымдар муну бокалдагы суюк торт деп да аташат. Бул десерт витаминдүү жана тоюмдуу болот.

    Керектелүүчү азыктар:

    Шабдалы – 4 даана

    Печенье – 100 грамм

    Сүт – 500 миллилитр

    Кумшекер – 140 грамм

    Ванилин – 1 чымчым

    Жумуртка – 2 даана

    Ун – 2 аш кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Алгач десерт үчүн крем даярдайбыз: 400 миллилитр сүттү мискейге куюп, ванилинди, кумшекерди салып кайнатабыз.

    2. Сүт кайнаганча жумуртканын сарысын бөлүп алып, ага унду жана калган 100 миллилитр сүттү кошуп жакшылап аралаштырабыз.

    3. Сүт кайнап чыкканда жумуртка менен сүттүн аралашмасын куюп, жай отто коюуланганча кайнатабыз. Андан соң оттон чыгарып, бети катып калбашы үчүн улам аралаштыруу менен муздатып алабыз. Андан соң кремди муздаткычка 20 мүнөткө салып коюу керек.

    4. Шабдалыны жууп, туурайбыз. Печеньени майдалайбыз.

    5. Бокалга алгач кремди, андан соң печенье, шабдалы кылып кезектештирип салабыз. Трайфлдын үстүн мөмө-жемиштер менен кооздоп дасторконго беребиз.

  8. МӨМӨ-ЖЕМИШ НАЙСКРИМИ

  9. Найскримдин даамы кумшекерсиз, бирок даамдуу жана кооз балмуздакты элестетет. Бул даам тоңдурулган банандан жасалат.

    Керектелүүчү азыктар:

    Банан – 2 даана

    Киви – 2 даана

    Бүлдүркөн же малина – 100 грамм

    Бал – 1 аш кашык

    Йогурт – 6 аш кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Банандын кабыгын аарчып, тегерек формада туурайбыз. Андан соң муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 15 мүнөткө салып тоңдуруп алабыз.

    2. Киви жана бүлдүркөндү жууп, тазалап алабыз.

    3. Тоңгон банандын жарымына киви менен балды, калган бөлүгүнө бүлдүркөндү кошуп өз-өзүнчө эзип алабыз.

    4. Бокалга же креманкага алгач киви жана банан, андан соң йогурттан 2 аш кашык куябыз. Кийинки кезек бүлдүркөн жана банан аралашмасынан болот. Найскримдин үстүн мөмө-жемиштер, жаңгактын күкүмдөрү менен кооздоп, дасторконго сунабыз.
     

  10. Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(1)
09.08.2020. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лайм не
Экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо