Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бийчи, актриса Элина Абай кызы: «КӨЗҮ, ЖЫЛМАЮУСУ ЖАГЫМДУУ БОЛСО...»

№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.

Бойдоктор бурчу

Бул кыз менен сүйлөшкөндө эң биринчи жөнөкөйлүгүнө таасирленесиң. Келечекте көптү үмүттөндүргөн актриса, бийчи Элина жигиттердин көз жоосун алган бойдок кыз. Эгер кымча бел бийкеч тууралуу көбүрөөк маалымат билгиңиз келсе, чоң жигит, бул маалымдама сиз үчүн.

АНКЕТА
Толук аты-жөнү
– Элина Абай кызы
Туулган жылы – 1990-жыл, 2-апрель
Жылдызы – Кой
Бою, салмагы – 175 см, 56 кг
Фобиясы – Караңгылык
Учурда – Актриса, “Версус” тобунун бийчиси

– Элина, айтчы, сенин ханзаадаң кандай болушу керек?
– Мен эң биринчи адамдын жөнөкөй­лүгүнө маани берем. Андан сырткары сөзүндө турган, айтканын так аткарган, мени дайыма колдоп, жакындарымды сыйлай билген жигиттерди баалайм. Көзү күлүңдөгөн, жагымдуу жылмайган жигит болсо, андан да сонун болмок...
– Кыз-жигиттин достугуна ишене­сиңби?
– Кыз-жигит дос аталышы мүмкүн. Бирок кээде дос деп жүргөндөрүмдөн анча-мынча жактыруу сезимдерин байкап калам. Андыктан 100 пайыз ишене албайм.
– Негизи, “кыздар турмушка чыгуудан коркушат” дешет. Сен коркпойсуңбу?
– Азыр мен жашмын. Карьера биринчи орунда дешим мүмкүн. Бирок аялзатына үй-бүлө очогун түзүү негизги бакыт экенин чоңойгон сайын түшүнүп келатам. Сүйгөн адамың болсо, коркпой эле, тескерисинче, сүйүнүшүң керек го.
– Кыз-жигиттин жарандык никеде жашап, турмуш кургандарына кандай карайсың?
– Эркек балдарга бул жарашат дечи. Бирок кыргыз кыздарына мындай көрүнүш такыр жат болушу керек. Ата-эненин батасын алып, шашпай эле турмуш курушса дейм.
– Бир көрүп сүйүп калууга ише­несиңби?
– Ушул убакка чейин бир көрүп сүйө элекмин. Андыктан ишенбейм.
– Романтиксиңби же реалистсиңби?
– Жөн эле эмес, аябай романтикмин. Көл жээктеп, жакын адамың менен жетелешип баскан кандай сонун?! Ошону эле кыялдана берем...
– Кийин турмуш курганда кан­дай тамагың менен түгөйүңдү тамшан­тасың?
– Мурун тамакты жакшы эле жасачумун. Азыр унутуп деле калдым го. Бирок картошканы жакшы кууруйм.
– Кыздар жигиттерди кызгандырганды жакшы көрүшөт эмеспи. Сенде мындай сапат барбы?
– Кызганыч – жаман сапат. Ал бара-бара ооруга айланып кетиши мүмкүн. Эң негизгиси, ортодо ишеним болушу керек. Менде да ар кандай учурлар болуп калат. Күйөрман жигиттер кайрылып калышы мүмкүн. Эми аларга жооп бербей басып кете албайсың. Ошондой учурларда кызганбай, тескерисинче, түшүнүп коюшса...
– Өзүңө жакпаган жана өзгөрткүң келген сапатың барбы?
– Курбуларымдын айтымында, бир нерсе мага жакпай калса, унчукпай басып кетмей адатым бар экен. Ал өзүмө билинбейт деле. Кыздарым ошол сапатыма арызданып эле жүрүшөт. “Эмне болгонун айтпайсың. Же биз эмне болгонун түшүнбөйбүз” дешип. Анан уйкучулугум, көк беттигим бар.
– Үй-бүлөдө ким башкаруучу болушу керек?
– Аял кеңешчи катары өз оюн айтып, колдоп турса болот. Бирок акыркы сөз баары бир эркектен болушу керек, менимче.
– Кайсы үй жумушун жасагандан кача­сың?
– Мага кычык-кучуктардын чаңын сүрткөн такыр жакпайт. Негизи эле ушул сыяктуу майда-чүйдө жумуштарды жактыра бербейм.
– Сен да көп кыздардай эле кийим менен “ооруйсуңбу”?
– Мода кууган кыздардан эмесмин. Мага, негизгиси, жарашыктуу кийим болсо болду.
– Жигиттер кандай белек тартуулап сага жага алышат?
– Кызык туюлушу мүмкүн, бирок мага курут беришсе, аябай кубанам. Бул «оорумду» жакындарымдын баары билишет.
– Маегиңе рахмат, Элина. Жөнөкөй­лүгүңдөн жазбай жүрө бер.

Эгер Элина менен байланышкыңыз келсе, анда elle.90@mail.ru дарегине кат жазыңыз.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(17)
25.09.2010. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красава
25.09.2010. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий мынча жакшы курут берсе эле жага берсе
25.09.2010. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин,тайкем,таежем,братишкам, кошунам жана болом мушоктоп курут сатат!!!
25.09.2010. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elina ayabay talanttu jana ayabay tatinakay kiz, al tartilgan tasmalardi korup ayabay suktanam. Kelechekte Elinani kop jetishkendikter kutup turat ekenine men 100% ishenem.
26.09.2010. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен Элинаны (шаардык балдардан баштап эле) суйом
26.09.2010. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Superinfo suranych ushundai interview jazgandan kyiyn tolugu menen bul kim yrchy, biychy, je aktirsaby jazyp koisonor. Elina Abai kyzy
27.09.2010. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликага окшоп калганго Колдогу суротундо
28.09.2010. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sooonun kiz da...
28.09.2010. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я тебя люблю ! элина
28.09.2010. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
девушкама окшош экен)
29.09.2010. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын сулуу кыздарынын бири.....ишине чон ийгилик!!!
29.09.2010. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакщы бирок Дарханда жашабаганын жаман
29.09.2010. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уууу ! 10 баллов !
02.10.2010. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен Анжеликага окшотуп койдум. Чындыгнда абдан сулуусунар. ИЙГИЛИК!!!!
07.10.2010. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликага окшош экен ииий...
25.11.2010. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уважаю!!!=)
02.01.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул омурдро чыныгы бактыны тапсан болду жана элине кызмат кылуудан чарчаба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо