Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПРЕЗИДЕНТ “СӨЗ ЭРКИНДИГИН МУУНТАТ” ДЕП СЫНДАЛГАН МЫЙЗАМДЫ АРТКА КАЙТАРДЫ

№922 6-12-август, 2020-жыл

3-августта президент Сооронбай Жээнбеков коомчулук тарабынан кызуу талкууга түшкөн мыйзамга кол койбой, артка кайтарды. Бул – Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам. Өлкө башчы “аталган мыйзам керек, бирок документти кайрадан иштеп чыгуу зарыл” деген пикирде.

“Президент мыйзамдын негизги концепциясын – ар бир адамдын укугун, эркиндигин интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоонун зарылдыгын колдоп, бирок ошону менен бирге каршы пикирлери бар экенин билдирди”,- деп жарыялады президенттик аппарат.

Мамлекет башчы аталган мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин коомчулуктун, эксперттердин катышуусу менен кайрадан карап чыгууну сунуш кылды.

Айта кетсек, аталган мыйзамды парламент быйыл 2 айлык каникулга кетер алдында кабыл алган. Ага 79 депутат “макул”, 10 депутат “каршы” добуш берген. Демилгечилер бул мыйзамды “интернеттеги “фейк” колдонуучуларды тыюуга керек” деп сунушташты. Демилге коомчулукта “сөз эркиндигине болгон кысым” деп бааланып, көпчүлүк президент Сооронбай Жээнбековду аталган мыйзамга кол койбой артка кайтарууга чакырып жаткан.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо