№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.
Кызык экен
Химиктер тарабынан күчтүү антибиотиктер баканын терисинен алынды. Андай антибиотиктердин бири стафилококк оорусун козгоочу бактерияларды өлтүрөт.
Кийинки кезде бактериялардын антибиотиктерди анча тоотпой калышы дүйнөдөгү ири маселеге айланууда. Андыктан оорулуулар таасири жок болуп калган антибиотиктердин ордуна жаңысын колдонууга муктаж. Андай антибиотиктердин булагы баканын териси болуп калышы мүмкүн. Мындай антибиотиктер башкаларга караганда анчалык уулуу эмес жана бактериялар менен жакшы күрөшөт.
Американын Калифорния жана Орегон штаттарында кезигип, азыр жок болуу алдында турган кызыл бут бакалардын териси өзгөчө бааланууда. Анткени анын териси стафилококк оорусунун бир түрүн (кан оорусун жана пневмонияны козгоочу) дарылап айыктырууда натыйжалуу каражат болуп табылган.
Чектелген гана улуттарга таандык оору түрлөрү болот. Ал эми кээ бир жерлерде улутуна эмес, жайгашкан жерине жараша оору түрлөрү кездешет. Кыскасы, оорулар элдин тамак-ашына, жайгашкан жеринин климатына, суусу менен топурагынын курамына жараша болот.Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |