"БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ ӨЛДҮ" ДЕП КАБАР ТАРАТКАН АДАМ ИЗДЕЛИП ЖАТАБЫ?

№922 6-12-август, 2020-жыл

Интернет желесине “куудул, алпаруучу Борончу Кудайбергенов каза болду” деген маалымат тарады. Бул жалган кабарды Марлен Жолдубаев аттуу интернет колдонуучу тараткан. Маалыматты Борончу Кудайбергенов өзү кандай кабыл алганын айтып берди:

– Айттап жүргөндө досум мага ушул кабарды жөнөтүптүр. Үй-бүлөм жанымда болгондуктан аларга “ушундай тамаша болуптур” деп түшүндүрүп койгонум жакшы болду. Анткени мен өлсөм мага эмес, жакындарыма оор болмок. Жалган маалымат болсо деле жакындарым, өзгөчө жубайым оор кабыл алды. Аларга тааныш туугандар, достору көңүл айтып жатышты. Динге аралашып жүргөндүктөн өзүм муну Кудай мага өлүмдү эскертип жатат деп кабыл алдым. Маалымат тараткан адамды издеп же ал тууралуу жаман ойлонуп убара болгон жокмун. Марлен Жолдубаев аттуу жигит мага өзү байланышты. Ал: “Марлен Жолдубаев менмин. Бирок жалган маалымат тараткан мен эмесмин. Атымды пайдаланышыптыр. Мен өлүм менен ойнобойм. Азыр сизден да мага оор болуп жатат. Менин дарегиме жаман сөздөр, каргыштар айтылып жатат. Мен фейк аккаунт аркылуу жалган маалымат тараткан адамды таап бергиле деп күч органдарына арыз жаздым”,- деди.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо