Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№922 6-12-август, 2020-жыл

  1. ДЕТОКСИКАЦИЯ. ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ СУУСУНДУКТАР

  2. Детоксикация – бул организмдеги уулуу заттарды, шлактарды чыгаруу процесси. Ал үчүн бизге колубузда эле турган азыктар, мөмө-жемиштер, жашылчалар жардамга келмекчи.
  3. АЛМА ЖАНА КОРИЦА ТУНДУРМАСЫ

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Алма – 1 даана

    Корица күкүмү – 1 чай кашык

    Суу – 500 миллилитр

  5. Даярдоо ыкмасы:

    1. Алманы жууп-тазалап, жука туурап алабыз.

    2. Банкага тууралган алманы, корица күкүмүн салып, үстүнө жылуу суу куюп аралаштырабыз. Даяр болгон суусундукту күнү бою ичүү сунушталат. Алма менен корицадан жасалган бул суусундук организмдеги зат алмашуу процессин жакшыртып, тамак сиңирүү системин (ашказан, ичеги, жумур) мыкты тазалайт.

  6. ЛИМОН ФРЕШИ

  7. Керектелүүчү азыктар:

    Лимон ширеси – 2 аш кашык

    Бал – 1 чай кашык

    Суу – 200 миллилитр

    Имбирь күкүмү – 1 чымчым

    Даярдоо ыкмасы:

    Жылуу сууга лимондун ширесин, балды жана имбирди кошуп аралаштырсак эле, организмге пайдалуу суусундук даяр! Аталган суусундукту ачкарын, эртең мененки тамактанууга 30 мүнөт калганда ичүү сунушталат. Ал тамак сиңирүү системин тазалайт, кан тамырларды бекемдейт жана организмге энергия тартуулайт.

  8. СЕЛЬДЕРЕЙ СМУЗИСИ

  9. Керектелүүчү азыктар:

    Сельдерейдин сабагы –4 тал

    Алмурут – 2 даана

    Бадыраң – 2 даана

    Сабиз – 1 даана

    Даярдоо ыкмасы:

    Алмурут, сабиз, бадыраңды жана сельдерейди жууп-тазалап, майда туурап алабыз. Эми буларды блендерге салып, эзебиз. Смузи даяр! Эгер смузи коюу болуп калса, анда бир аз суу кошсоңуз да болот.

    Бул смузи организмдеги ашыкча сууларды айдап чыгуучу, шишиктерди таратуучу касиетке ээ. Аталган суусундукту эртең менен, тамакка чейин ичүү сунушталат.

  10. КЫЗЫЛЧА ЖАНА АЛМА ШИРЕСИ<

  11. Керектелүүчү азыктар:

    Кызылча – 1 даана

    Алма – 2 даана

    Сельдерейдин сабагы – 4 даана

    Даярдоо ыкмасы:

    Кызылча, алманы жана сельдерейдин сабагын жууп, тазалап, туурайбыз. Андан соң блендерге салып эзип, ширесин бөлүп алабыз же шире сыккычтан өткөрүп алабыз.

    Кызылчанын алма жана сельдерей менен болгон аралашмасы ичкерген кан тамырларды кеңейтип, эс-тутумду жөнгө салат. Ошону менен бирге гипертониялык ооруларда, аз кандуулукта, уйкусуздукта, боорду тазалоодо алмаштыргыс суусундук. Бул суусундукту эртең менен жана кечинде ачкарын, тамактанууга 30 мүнөт калганда 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.

  12. "ДЕН СООЛУК" КОКТЕЙЛИ<

  13. Керектелүүчү азыктар:

    Апельсин – 1 даана

    Лимон – 1 даана

    Сабиз – 1 даана

    Минералдык суу – 100 миллилитр

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Апельсин, лимон жана сабиздин ширесин сыгып алабыз.

    2. Ширелерге минералдык сууну кошуп аралаштырабыз. Бул коктейлди ачкарын, тамактын алдынан 30 мүнөт мурун ичүү сунушталат. Аталган суусундуктун курамында антиоксиданттар көп болгондуктан, чарчоого каршы мыкты каражат болуп саналат.

    Эскертүү! Суусундуктарды ичерден мурун ашказан оорулары (жара), ичеги-карын оорусу барлар дарыгер менен кеңешип туруп ичүүсү керек.
     

  14. Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(1)
16.08.2020. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо