БЕЙРУТТАГЫ ЖАРЫЛУУДАН 150дөн АШЫК АДАМ КАЗА БОЛДУ

№923 13-19 август, 2020-ж

Бейруттагы ири жарылуудан каза тапкан адамдардын саны 150дөн ашып, 6000ден ашык киши жаракат алганы белгилүү болду. Мындай маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып басылмалар жазышууда.

Белгилей кетсек, 4-августта Ливандын борбору Бейруттагы портто катуу жарылуу болду. Кырсыкка дээрлик алты жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп экени айтылды. Жарылуудан 4 оорукана түп орду менен талкаланган. Ливанда каза болгондорго аза күтүү күнү үч күнгө созулду.

8-августта бул ири жарылуунун кесепетинен улам жарандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Нааразычылык акциясына чогулган эл Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратына чейин кирип барып, өкмөттүн отставкасын талап кылышты. Бул нааразычылыктан улам 10-августта Ливан өкмөтү толук курамы менен отставкага кеткени маалым болду.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо