Кызсайкал Кабылова, ырчы: «АЛМАЗГА ТУРМУШКА ЧЫГЫП КАЛАМБЫ, КИМ БИЛЕТ?..»

№925 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл

Сулуу, жаш, энергиясы ашып-ташкан кыз. Маектешиме ушундай мүнөздөмө жарашчудай. Тез, ойлонбой, эркин жооп берип жаткан Кызсайкалдын жашоосунда өзгөрүү пайда болгонун байкадым. Ал өзгөрүү эмне экенин маекти окусаңыз сиз да билесиз.

– Кызсайкал, салам. Жакшы жаңылыктарың менен келдиң болуш керек?

– Саламатсызбы? Ооба, биздин үйдө жакшы жаңылык болду десем болот. Атама мага жаккан жакшы машина сатып бердим. Азыр атамдын «беш эркек бала жасай албаган нерсени жасап коё турган кызым бар» деп сүйүнүп жаткан кези. Алты ай мурун атамдын туулган күнүн өткөрбөдүк беле, ошондо эле белек кылмакмын. Бирок бир аз каражат жетишпей калган. "Жакшылыктын эрте-кечи жок" дегендей, убагы эми келиптир. Кыз киши өзү ата-энеге күйүмдүү болот тура.

– Эл карантинде жатса деле клип тарттырып, иштеп жүрдүң...

– Бир жылдан бери эле чыгармачылыктын үстүндө катуу эмгектенип жатам. Он чакты ыр жаздырдым, клип тарттырып жаттым. Карантин убагында сыртта эл аз болуп, клип тартканга жакшы экен. Азыр мурункудай эле той-топур башталды. Эми эл тынч болсо жеке концертимди берем деп пландап жатам.

– Чыгармачылыгыңды кайра жандандырганыңа бир жыл болду деп жатасың. Жеке концертиңди бергенге даярмын деп ойлойсуңбу?

– Чыгармачылыкка мен алты жашымда келгем. Жеке концертимди берүү убагынан өтүп, ал тургай кеч болуп кетти. 15 жашымда беришим керек эле. Азыр берсем туура болот деп ойлойм.

– Интернет айдыңында «ырчы Кызсайкал менен модель Айкөл Аликжанова урушуп кетишти» деген маалыматтар тарап кетти. Чырдын себеби эмне болду?

– Чырга Айкөл Аликжанованын өзүнүн баракчасына мен тууралуу жаза бергени себеп болду. Мурун эле жазган болчу, көңүл бурган эмесмин. Менин урушканга убактым деле жок. Акыркысында чыдабай калдым. Телефон номерин таап, вотсабына жазсам жооп берген жок. «Ушул кыздын менден башка кыларга иши жокпу?» деп өзүмдүн баракчама жаздым. Эмнеге ал мен тууралуу жазып, а мен ал тууралуу жазбашым керек? Ал «келгиле, бул кызга дуба кылалы» дегендей мааниде сын жазыптыр. Ар бир адам өзүнө-өзү жооп берет. Кыска киеби, узун киеби, ырдайбы же ырдабайбы, жоолук салынабы же салынбайбы, өзү билет. Мусулман адам бирөөнүн кемчилигин көрүп калса, аны эч качан жарыя кылбашы керек. Зарыл болуп ичине батпай баратса, өзүнө байланышып айткан туура. Коомчулукка жарыялабашы керек эле. Баарыбыз эле турмушта туптуура кадам таштабайт экенбиз. Бардыгыбыз адашабыз. Ал дагы, мен дагы, башка дагы. Аны ар ким түрдүү жолдор менен оңдойт.

Учурда экөөбүз байланышып чечишип алдык. Мен ал адамды чынында буга чейин тааныбачу элем. Таанышып, мамилебиз бири-бирибизге бир аз өзгөрүлдү деп ойлойм. Азыр 21-кылым, ар кандай чөйрөдө иштеп келе жатабыз. Мен жоолугумду чечип салып же уят ырларды ырдасам бир жөн. Ырларым жубайларды ынтымакка чакырган, адамдарды адептүүлүккө үндөгөн ырлар. Кээде сөз менен жеткире албаганыңды ырдап жеткирүү да бир ыкма деп билем. Чубак ажы деле сөз менен же ыйлап жеткире албаганын күлкү менен тамашалап айтып жеткирчү эмес беле. Ислам дининде чектөө жок. Жаман нерселерден тыйыласың, бирок чектөө болбошу керек. Жоолук салынган аял ыр жаздырбашы керек деген нерсе жок. Чубак ажы тууралуу ырдасам да эки жаат бөлүнүп алып ызылдап кетишти. Бирок ал ыр жүрөктөрдө калды деп ишенем. Көптөр мага ыраазы болушту.

– Чубак ажы ырдоо маселеси тууралуу эмне деген?

– Жашоомдо бир топ оор кырдаалдар болгон. Ошол учурда мен ага кеңеш сурап кайрылгам. Ал бир гана жоолукту чечпешимди өтүнгөн.

– 20 жашта эле көп ийгиликтерге жетиштиң, жашоону эрте баштадың окшойт?

– Мен иштегенди эрте баштадым. 14-15 жашымда эле эч кимден көз каранды болбой акча тапчумун. Кызды тагдыр өзү эле тарбиялап коёт экен, турмушка чыкканда эки эсе күчтүү боло баштадым, кызым төрөлгөндө үч эсе күчтүү болдум. Башкаларды көрүп, «менин мындан эмнем кем?» деп төрт эсе күчтүү болот экенсиң. Ошентип отуруп күчтүү Кызсайкалга айландым. Кээде өзүмдү аяп «эмне мынча жаныңды сабап иштеп жатасың? Эмнеге өзүңдү аябайсың?» деп калам. Кызым үйдөн чыгып баратсам «иштебе, кетпей эле койчу» деп калат. Жанынан чыгаргысы келбейт. Бирок негизги мотиватор ошол.

– Азыр эки аял менен жашагандар болуп жатпайбы, сага ушундай сунуш түшсө эмне кылат элең? Деги эле ушул маселе сенин көз карашыңда...

– Сунуш өтө көп түшкөн (күлүп). Аябай күлкүм келет. Экинчи аял болууну ушунча оңой сезгендер бар. Мен ушул нерсеге жакшы көз карашта эмесмин. Бир аял менен бир эркек эле бактылуу болуш керек деп ойлойм. Мисалы, болочок жолдошумду бирөө менен бөлүшкүм келбейт. Башкага карап сүйлөп койсо жаман болуп кетесиң. Анын жүрөгүндө сенден башка дагы бир аял бар экенин билүү оор болсо керек.

– Мурунку жолдошуң Эрнис бизге берген маегинде кызыңардын фамилиясын кайра өзүнө жаздырып ала турганын айтты эле. Бул процесс эмне менен аяктады?

– Ал процесс ошол боюнча эле калды. Ал маекти окуп мен да сүйүнгөм. Анткени кызымдын атасы бар болгону жакшы да. Бирок сөз боюнча калды. Андан кийин «өзүңдүн фамилияңа котортосуңбу?» деп сунуштадым. Бирок эч кандай аракет кылган жок. Эми келсе кеч. Анткени кызым аны тааныбай калды. Жакында телевизордон көрүп тааныйт болду бекен деп «бул ким?» деп сурасам, «байке» деп койду. Психикасын бузбаш үчүн фамилиясын ошол боюнча эле калтырам деп ойлойм. Кызымдын мүнөзү мага аябай окшош, эч кимге жемин жедирбейт. Жүзү Бекзат деген байкеме окшош. Буюрса, чоңоюп келе жатабыз.

– Алмаз Шаадаев менен чогуу ырдап, клип тарттыңар...

– Экөөбүз көп жылдан бери жакшы мамиледебиз. Чогуу ырдап чыгалы дедик. Экөөбүздү көрүп шыбырашкандар көбөйдү (күлүп).

– Менимче, ал сенин табитиңдеги жигит эмес, туурабы?

– Эмнеге (күлүп)? Табитимдеги жигит эмес деп айтып алып, эртең ага турмушка чыгып калсам эмне болот? Жашоо биз билбеген толтура сюрприздерге бай эмеспи. Эртең эмне болот, эч ким билбейт.

– Өтө эркин адам экениңди байкадым...

– Эркин, эрке кыз болчумун. Өзгөрүлдүм, ал дагы жеке жашоомо байланыштуу болду. Турмуш көргөзгөндөй аял киши эркин боло албай да калган учур болот экен. Өзүм каалаган нерсеге чейин эркинмин, чектөө жок. Азырынча ушундай, кийин кандай болот, ким билет?..

– Ийгилик! Көп ийгиликтерди багындыра аласың деп ишенем.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
31.08.2020. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Аллах ыраазы болсун. Чубак ажыны эскерип ырдаган ыры өтө сонун. Бактылуу бол.
31.08.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушинтип жаш кыз ырчылардын картан кемпирге окшоп оронуп алгандары жакпайт. Жаш кыз дайыма сырткы келбетине конул болуп, келбеттуу, сулуу корунуп жасанып турса кандай сонун. Ар бир мырза ичинен баалап турат.
i1urp түзөттү 2020-08-31 14:24:41
01.09.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тенирчилер бизде көбөйүп баратканы аябай окүнүчтүү.
02.09.2020. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Adamzat.kg,ооба аябай коп экенин байкадым мен да
02.09.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
i1urp,эми сага окшогон оорукчан эмесда элдин баары сен ойлогондой жашаса ааламды сойку басып кетпейби
03.09.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
i1urp,мал тоого кетчи бар,Кыргызстан мусульман мамлекет,Хиджаб кийеби Сенин ишин эмне,жакпаса отуп кете берда суйлонбой.
05.09.2020. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
i1urp,динге каршы чыккандар, Аллахтын буйругун "бул арабтардыкы" деп кабыл албагандар, бул силерге жөн гана шылтоо болуп жатат. өзүнөр түз жүрүштөн ээринсенер башкаларды да азгырбагыла!
05.09.2020. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i1urp,динге каршы чыккандар, Аллахтын буйругун "бул арабтардыкы" деп кабыл албагандар, бул силерге жөн гана шылтоо болуп жатат. өзүнөр түз жүрүштөн ээринсенер башкаларды да азгырбагыла!
05.09.2020. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i1urp,динге каршы чыккандар, Аллахтын буйругун "бул арабтардыкы" деп кабыл албагандар, бул силерге жөн гана шылтоо болуп жатат. өзүнөр түз жүрүштөн ээринсенер башкаларды да азгырбагыла!
01.09.2020. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Динден тушунугу жоктор бир аз колунарга Куран алып окусанар озунор да хиджап кийип алмаксынар
01.09.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакынкы жылда биздин жаш кыздар арабтардын кейпин кийип калабы дейм, баштарына чалма оронушуп.
asyl1998 түзөттү 2020-09-01 13:12:34
01.09.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
asyl1998, Ооба, ошентип кийинип калышканы жакшы, намыска абийирге туура келет ошондой кийимдер. Болбосо бузук европанын жылаңач кийимдерин кийип, эмчегинен жоон санына чейин ачып кийинип, гей-лесбилерден айырмасы калбай баратат уул кыздарыбыздын...
01.09.2020. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бектурган,
Эч ким жылаңач жүрсүн деген жок. Болгону жаш кыздар башыңарды чүмкөбөгүлө, оронбой эле койгула деген сөз. Кыздардын башында уят эч нерсе жок. Тескерсинче кыздар дайыма сырткы келбетине конул буруп, чачтарын жасалгалап, жакшынакай кийинип журушсо эмнеси жаман.
asyl1998 түзөттү 2020-09-01 21:03:42
02.09.2020. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
asyl1998, "Демократия, 21-кылым" - деп каалагандай кийинип, жада калса жылаңач жүрсө да болот, бирок "демократия 21-кылым" - деп каалагандай хижаб кийсе эмнеге болбойт? Силерде адилеттүүлүк көз караш деген барбы деги? Азыр ар ким каалаганын кийет, тим койгула, кааласаңар силерда кийгиле...
02.09.2020. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
asyl1998,кандай жакшынакай чачын саксайтып кызыл сарыга боёп ит талап кеткендей жыртык шым кийиппи?же корейлерден калган же шым эмес же шорта эмес гавнолорду кийип журсунбу жакшынакай болом деп ийри бүйрү туягын андан беттер ийрисин чыгарып
01.09.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушинтип хиджапка каршы чыгып журуп баарыбыз хиджап (маска) тагып калдык кафеме кафе журуп уйдон чыкпай калдык эркек аялга карабай обушуп учурашып журуп аралыкты сактап кол алышып учураша албай калдык. ошондуктан АЛЛАХЫН буйругуна каршы чыга албайбыз!!!
01.09.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
muku.85,Аллахтын буйругу деп жалган маалыматты айтпаш керек. Эч кандай аллахтын буйругу эмес. Далил катары арабтар жазган куранды бетке кармай бербеш керек. Калпты айтпагыла. Аллахтын буйругу деп жаш кыздардын башын чүмкөй берген туура эмес да. Буйрук берип жатканда кимиңер аллахтын жанында күбө катары болдуңар эле.
asyl1998 түзөттү 2020-09-01 21:11:41
01.09.2020. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
asyl1998, Калп эмес.араптар жазган эмес Пайгамбарыбыз С.А.В аркылуу жиберген. ,АЛЛАХтын берген буйругуна баш ийбесен озу ийилтип койот.болбогон бир комментарий учун анчалык громко айтпа,эртен азабын тартып калба кагылайын.
АЛЛАХ деген соз чон тамга мн жазылат.
ayva түзөттү 2020-09-01 23:11:28
02.09.2020. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
ayva,аларга тенелбей эле койгула. Аламдын кудайы арстан алай. Ошого сыйынып журо беришсин
01.09.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кызсайкал оркундоп алдыга умтула бер.сен иштеп тытына бер,бекерчилер,ооздорун эптей албай комент жазып отура беребиз.
02.09.2020. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан ТЕНИРИМ элимди колдосун. Бир гана ТЕНИРден бата тилеп жакшы тилек кылалык.
02.09.2020. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Tymar,тенирин мага кайип убагымда жолукса туурулап салам айтып кой
02.09.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
кийим менен журум турум да дал келиш керек,бети жабык ...у ачыктар коп азыр...
04.09.2020. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эми ушинтип оронуп чулгангандын эмнеси жакшы тан калам. Жакшынакай эле ачык жери жок, жарашыктуу кийинсе болбойбу. Арабдарда чол, шамал кумду учурганда денеге тийбесин, ысык отпосун деп оронуп чулганышкан. Биз бейиш жерде жашайбыз го,биздин кийим башка да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо