№926 3-9-сентябрь, 2020-ж.
Үстүбүздөгү жылы Кыргыз өлкөсү Эгемендүүлүккө ээ болгондугунун 29 жылдыгын белгиледи. 31-августта Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилиги катышты.
Мамлекет башчы эгемендүүлүктү коргоо жана бекемдөө өлкөнүн ар бир жаранынын милдети экенин айтты. "Эгемендигибиз – ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурас. Эркиндигибиз – ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз",- деди Жээнбеков.
Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу майрамдык иш-чарага катышкан коноктордун жана шаар тургундарынын саны чектелүү болду.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |