БЫЙЫЛКЫ ЖАЙДЫН ЭҢ КЫМБАТ 5 ТРАНСФЕРИ

№927 10-16-сентябрь, 2020-ж.

5-орун. Тимо Вернер “Лейпциг” “Челси”

Вернердин трансфердик баасы 53 миллион еврону түздү. Челсинин башкы насаатчысы Фрэнк Лэмпард өзү Лейпцигге учуп барып, германиялык чабуулчуну “Челсиге” өтүүгө көндүргөн.

4-орун. Миралем Пянич “Ювентус” “Барселона”

Трансфердик баасы 60 миллион евро. "Ювентус" бул оюнчуну барселоналык жарым коргоочу Артур Мелого алмаштырып алды.

3-орун. Виктор Осимхен “Лилль” “Наполи”

Трансфердик баасы 70 миллион евро. Франция чемпиондугунун "Мыкты африкалык оюнчусу". Осимхен мындай сыйлыкка быйыл июнь айында ээ болгон. Ал көпкө чейин “Наполиге” өтүүдөн баш тартып, аягында макулдугун берди.

2-орун. Артур Мело “Барселона” “Ювентус”

Трансфердик баасы 72 миллион евро. Пьяничти Артурга алмаштыруу “Ювентустун” пайдасына болгон менен, алар көбүрөөк акча төлөдү. Артур келечекте команданын лидери болушу мүмкүн экени айтылууда.

1 орун. Кай Хавертц “Байер” “Челси”

Кай бул сезондун эң кымбат оюнчусу болду. Трансфердик баасы 80 миллион еврону түздү. Буга чейин Хавертцтин Челсиге өтөрү тууралуу басма сөздө байма-бай кептер айтылып, бирок расмий билдирүү болгон эмес. Бул тууралуу клуб 4-сентябрда гана расмий түрдө жарыялады. Белгилей кетчү нерсе, германиялык оюнчу Кай болгону 21 жашта.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо