Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АНЖЕЛИКА ЖАРДАМГА МУКТАЖ БАЛДАРГА 20 ТЕЛЕФОН БЕЛЕК КЫЛДЫ

№927 10-16-сентябрь, 2020-ж.

Пандемияга байланыштуу быйыл мектеп окуучулары онлайн окуганга мажбур болушууда. Бирок бардык балдардын эле онлайн билим алууга шарты туура келбей жатат. Мындай окуучуларга ырчы Анжелика чөнтөк телефон тартуулады. Бул демилгеси тууралуу ырчы буларды айтып берди:

– Мага көп ата-энелер кайрылышты. Айрым көп балалуу үй-бүлөлөрдө бир гана телефон болгондуктан, балдарынын онлайн окууга шарты жок болуп жатыптыр. Кээ бирлеринде бир да телефон жок болуп калууда. Эптеп нанга акча таап жаткан үй-бүлөлөрдүн балдары билим албай калышы мүмкүн. Ошондуктан мен бул балдарга телефон белек кылайын дегем. Башында аябай муктаж болгон 15 балага берейин дегем. Бирок 20 бала келиптир. Аларга да алып берүүгө туура келди. Бергенге жараша жакшысын берейин деп ар бир телефонду 6300 сомдон алдым. Азыр телефонго муктаж болгон балдардын тизмеси түзүлүп, саны 1600 балага жетти. Жалгыз бой энелер, кээде аталар да кайрылып жатышат. Булардын баарына телефон алып бере албайм да, ошондуктан кыргыз элимди, кесиптештеримди бул демилгени колдоп беришин каалайт элем. Анткени балдар – биздин эртеңки келечегибиз. Окубай калышса келечеги эмне болот? Кайдыгер эмес жарандарды балдардын келечегине салым кошууга чакырат элем.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
14.09.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Анжелика. Бар бол красавица. Колдоо коргозгонуно рахмат. Сен баардык жерде сулуусун, жакшынакайсын.
14.09.2020. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ммм акча кайдан таап атат деген чоон суроо
14.09.2020. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dani,минустар басылат азыр
15.09.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dani, тытынып иштеп таап жатат да
14.09.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Акчаны кайдан таап атат дегендер кандай айырма бизге. Менимче реклама, өзүнүн бизнеси, жб. Башкысы муктаждарга жардам берип жатат. Чын эле канча уй бүлө балдарына телефон алпере албай жатышат. Шайлоого акча чачкандар деле алперип коюшса коп балдарды кубантат эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо