Асел Кадырбекова: “СИЛЕРДИН ДУБАҢАР МЕНИ САКТАП КАЛДЫ”

№927 10-16-сентябрь, 2020-ж.

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова социалдык түйүндөгү жеке баракчасына билдирүү калтырды. Ал күйөрмандарына кайрылып, өзүнүн абалы тууралуу биринчи жолу үн катты.

– Салам, достор! Күндөн-күнгө ден соолугум жакшы болуп бара жатат. Толук калыбыма келиш үчүн убакыт керек. Врачтарга, ата-энеме, жолдошума, туугандарыма, досторума, кесиптештериме рахмат айтам. Силер мени менен, ошондой эле апам, кызым, жакындарым менен бул учурда чогуу болдуңар. Жакшы болгондо видеокайрылуу жасап ыраазычылык билдирем. Силердин дубаңар мени сактап калды. Кызыма, жакындарыма Жараткан мени кайтарып берди. Мен элдин кызы болгонумду билчү эмесмин. Сиздерге болгон ыраазычылыгымды билдирүү үчүн бул сөздөр жетишсиз. Көп пландарым бар. Алгач жакшы болуп алайын, Кудай буюрса, баарын ишке ашырганга аракет кылам. Өзүңөрдү сактагыла!- дейт ырчы.

Эскерте кетсек, быйыл 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган. Ал эми Honda унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
14.09.2020. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бар бол Асель. Ушинтип жакшынакай, сулуу, жаш корунуп журо бер. Тенирим сени колдосун. Сенин жаркыраган көздөрүң, чачындын жасалгалары, прическаларын өзүңө сонун жарашат. Кыздардын баарына ден соолук, Аселдей татынакай болуп, чачынарды кое берип, жаш корунуп, келбеттуу болуп журо бергиле. Тенирим силерге омур берсин.
Tymar түзөттү 2020-09-14 10:10:06
14.09.2020. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аселдин модный, оригинальный прическалары элдин баарына жагат. Жылдызын жанып журо берсин. Бар бол, бай бол.
14.09.2020. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурланды деле кошуп койсон боло.
15.09.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Snejana,жолдошума деп турат го жазылып.
14.09.2020. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу уй було болгула, узун омур сургуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо